Индиянын түштүгүндө болгон селден 22 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндө болгон селден 22 киши каза тапты

Индиянын түштүгүндө Керала штатында бир нече аймакта сел жана жер көчкү жүрүп, бери дегенде 22 киши каза тапты. Бул тууралуу Индиянын расмий өкүлдөрү билдиргенин “Farsnews” агенттиги жазды. Штат боюнча бир нече күндөн бери тынбай жааган жамгырдын кесепетинен келип чыккан сел жана жер көчкүдөн тургундарды куткаруу үчүн Индиянын армиясы менен флоту тартылган. Керала штатынын Кризисти башкаруу комитетинин билдирүүсүнө караганда, көптөгөн аймактарда метеорологиялык эскертүүлөр алынганы менен, штатта жамгырдын жаашы дагы уланары күтүлүүдө. Буга чейин, Индиядагы акыркы кылымдагы…

Прочитайте больше

FT: Кытай жашыруун түрдө гиперүндүү ракетасын сынаган

FT: Кытай жашыруун түрдө гиперүндүү ракетасын сынаган

Кытай августта өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү гиперүндүү ракетасын сынаган. Бул тууралуу Financial Times басылмасынын өз булактары билдирип, бул Америка чалгынын “күтүүсүз кырдаалга” кептегенин белгилешти. Гезит жазгандай, ракета жашыруун сыноо учурунда бутага жете алган эмес, бирок “гиперүндүү куралды иштеп чыгууда болуп көрбөгөндөй укмуш прогресс” көрсөткөн. “Алар муну кантип жасаганын такыр түшүнгөн жокпуз”, – деген өз булак. Басылманын маектештеринин божомолунда теориялык түрдө ракета Түштүк уюлдун үстүнөн өткөн болушу мүмкүн. Бул түндүк уюл багытына ыктаган АКШнын ракетадан…

Прочитайте больше

Жактоочу: Орхан Инанды Бишкектен эле кыйноого алынган

Жактоочу: Орхан Инанды Бишкектен эле кыйноого алынган

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесининин директору Орхан Инандынын колу Бишкектен эле сынган. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова Анкарадагы кесиптешине таянуу менен Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Орхан Инанды жактоочусуна кантип уурдалып, Түркияга алып келингенин айтып берген. “Аны үчөө уурдап кеткен, алардын экөө кыргыз. Анын колун унаадан эле сындырышкан”, – деп жазды Токтакунова. Мындан тышкары, ал Инандынын Түркияда кыйноого алынышынын чоо-жайын кийинчерээк жазарын билдирди. Эске салсак, ушул жылдын 5-июлунда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз…

Прочитайте больше

Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузулду (фото)

Пандемияда каза болгон дарыгерлерге эстелик тургузулду (фото)

Пандемия мезгилинде коронавирус менен 6 миңден ашуун медицина кызматкери ооруп, анын 123ү каза болгон, анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Бүгүн, 19-октябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада пандемияда каза болгон дарыгерлерге арналган эстеликтин ачылышы болду. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, 2020-жылы Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин белгилеп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын…

Прочитайте больше

Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын катарына кирди

Рахмон дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын катарына кирди

Дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын жаңы рейтинги жарыяланды. Тизмеге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да кирди. Аммандагы (Иордания) Мусулман стратегиялык изилдөөлөрүнүн падышалык борбору кайрадан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду дүйнөдөгү эң таасирдүү делген 500 мусулмандын катарына киргизди. Ошондой эле рейтингге Тажикстандын аалымдар кеңешинин башчысы Сайидмукаррам Абдулкодирзода жана дүйнө исмаилиттеринин руханий лидери Шох Карим Аль-Хусайни дагы кирди. Эске салсак, тажик президенти Эмомали Рахмон 500 таасирдүү мусулмандардын тизмесине биринчи жолу 2012-жылы, ал эми Саидмукаррам Абдулкодирзода 2015-жылы кирген. Бул жылы тизменин сап башында Катардын эмири шейх…

Прочитайте больше