Кыргызгидромет: Эртең айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет: Эртең айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызстанда 21-23-октябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. 22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Эртең, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облусттарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, карга айланып, бактарга муз тоңот. Ошондой эле,  Жалал-Абад, Ош, Баткен, облустарынын да көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Ал эми өлкө боюнча тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Кыргызгидромет туруксуз аба…

Прочитайте больше

Орусияда коронавирустун AY.4.2 деп аталган жаңы мутацияланган түрү аныкталды

Орусияда коронавирустун AY.4.2 деп аталган жаңы мутацияланган түрү аныкталды

Бул тууралуу “Роспотребнадзордун” борбордук илимий-изилдөө институтунун атайын өкүлү Камил Хафизов билдиргенин РИА-Новости сайты жазды. “Кээ бир жерде жаңыланган ал геновариант: “дельта плюс” деп аталат. Бирок бул аталыш мурда башка вариантка тиешелүү болчу. Ошондуктан азыр кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк болуп жатат”,- дейт ал. Илимпоз AY.4.2 “дельта” линиясынын көптөгөн бутактарынын бири экенин, тактап айтканда, вирустун оригиналдуу жана башка версияларына караганда артыкчылыктары бар экенин түшүндүрдү. Мутация канчалык жугуштуу экенин айтуу азырынча кыйын, илимпоздор бул маселени иликтеп жатышат. Хафизов AY.4.2нин Орусияда жана…

Прочитайте больше

WPS индекси: Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө

WPS индекси: Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө

Кыргызстан Аялдардын тынчтык жана коопсуздугу боюнча дүйнөлүк WPS индексинде 97-орунду ээледи. Индекс дүйнөнүн 170 өлкөсүндөгү аялдардын статусу боюнча маалыматтарга негизделип чыгарылган. WPS индекси Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Джорджтаун аялдар, тынчтык жана коопсуздук институту жана PRIO гендердик, тынчтык жана коопсуздук борбору тарабынан чыгарылганын “Кaktus.media” агенттиги жазды. Аталган индекстин лидерлери Норвегия, Финляндия, Исландия, Дания жана Люксембург өлкөлөрү.   Анда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң төмөнкү орунду ээлеген. Ал эми аялдар үчүн эң коркунучтуу өлкөлөр…

Прочитайте больше