«Талибанга» каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Ахмад Масуд Тажикстана экени айтылууда

«Талибанга» каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Ахмад Масуд Тажикстана экени айтылууда

Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылына каршылык көрсөткөн “Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун” лидери Ахмад Масуд учурда Тажикстандын аймагында экени маалымдалды. Бул тууралуу кечээ, 1-ноябрда Панжшер провинциясынын губернаторунун мурдагы орун басары, каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн өкүлү Кабир Васик ТАССтын кабарчысына берген маегинде билдирген. “Учурда Ахмад Масуд Тажикстанда жүрөт, бирок кээде Ооганстанга келип, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы каршылык көрсөтүү топтору менен жолугушууларды өткөрүүдө”, – деди Васик. Анын айтымында, Масуд учурда “Талибан” согушкерлерине каршы турууда ар кайсы мамлекеттердин колдоосуна ээ болууга…

Прочитайте больше

Мектеп: кийинки жумадан баштап каникул

Мектеп: кийинки жумадан баштап каникул

Өлкөдө мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 8-ноябрда башталат. Ал эми 15-ноябрдан кайрадан окуу улантылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Быйыл Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталган. Бул – коронавирустук пандемияга байланыштуу массалык эмдөө ишине байланыштуу болгон. Мындан улам окутуу тартиби 5 күндүк мектептерде 6 күнгө созулган. Былтыр мартта өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бардык билим берүү мекемелери аралыктан окууга өтүп, дээрлик бир жарым жыл толук ачылбай турду. Өлкөдө…

Прочитайте больше

Нью-Йоркто эмдөөдөн өтпөгөн миңдеген кызматкерлер жумуштан четтетилди

Нью-Йоркто эмдөөдөн өтпөгөн миңдеген кызматкерлер жумуштан четтетилди

Кечээ, 1-ноябрда Нью-Йорктун 10 миңден ашуун полиция, өрт өчүргүч жана башка муниципалдык кызматкерлер акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүлдү. Алар шаар мэри Билл де Блазионун COVID-19га каршы милдеттүү эмдөө боюнча буйругун аткарбай коюшкан. Бул тууралуу  “New York Post” гезити жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты. Гезиттин маалыматына караганда, Нью-Йоркто 2300дөй өрт өчүрүүчүлөр эмдөөдөн өткүсү келбегендиктен эмгек өргүүсүнө чыгышкан. Кызматкерлердин жетишсиздигинен 18 шаардык өрт өчүрүү бекеттери жабылды . Ошондой эле, дагы бир катар өрт өчүрүүчүлөр бир нече нааразылык акцияларын өткөрүшүп, андан…

Прочитайте больше

«Өзүбүзгө көр казып жатабыз»: БУУнун баш катчысы жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды

«Өзүбүзгө көр казып жатабыз»: БУУнун баш катчысы жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды

БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясы Глазко шаарында өтүп жатат. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш адамзат айлана-чөйрөгө кылган мамилеси менен өзүнө көр казып жатат деп билдирди. Бул тууралуу ал климат боюнча эл аралык саммиттин катышуучуларына кайрылып, адамзатты жаратылышка ажатканадай мамиле кылбоого чакырды. “Климат боюнча Париж келишимине кол коюлгандан берки алты жыл тарыхтагы эң ысык алты жыл болду. Биздин казылып алынган отунга болгон көз карандылыгыбыз адамзатты туңгуюктун босогосуна түртүүдө. Биздин алдыбызда олуттуу тандоо турат: же биз…

Прочитайте больше

Президент С. Жапаровдун климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнө лидерлеринин Саммитинде сүйлөгөн сөзү

Президент С. Жапаровдун климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнө лидерлеринин Саммитинде сүйлөгөн сөзү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасады.  Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:  «Урматтуу мамлекет жана өкмөт башчылары, Урматтуу БУУнун Башкы катчысы, Урматтуу Төрага, Сөзүмдүн башында учурдагы пандемиялык кыйын кырдаалда конференцияны өткөрүп жаткандыгы үчүн Улуу Британия менен Италиянын өкмөттөрүнө ыраазычылык билдирем. Бүгүн Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзү сыяктуу эле Глазго саммитинин чечимдерин күтүп жатат.  Акыркы жылдары өлкөбүздүн табияты жана калкы климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин кадимкидей…

Прочитайте больше