Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 млрд. куб метрден төмөн түшүп кетти

3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 11,898 млрд. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады. Маалыматка ылайык, суу бир ай ичинде 408,22 миллион метр кубга азайган. 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу – 2,8 млрд. куб метр айырмачылык бар.  Былтыр бул күнү суу сактагычта 14,7 миллиард метр куб суу болгон. Бүгүнкү күндө суу сактагычта суунун чыгымы секундасына 458 метр кубду, агып кириши секундуна 198 метр кубду түзүүдө. Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды….

Прочитайте больше

Орусияда эмгек мигранттарынан толук баш тартууну сунушташууда

Орусияда эмгек мигранттарынан толук баш тартууну сунушташууда

Эмгек мигранттарынан бир эле Москвада эмес, бүтүндөй өлкө боюнча баш тартыш керек. Мындай сунушту “Адилеттүү Орусия – Чындык үчүн” фракциясынын башчысы Сергей Миронов айтып чыкканын РИА новости агенттигинин Кыймылсыз мүлккө байланышкан атайын сайты жарыялады. Мироновдун пикиринде, Москва шаарында заманбап технологияларды колдонуу жана эмгек акыны жогорулатуу менен курулуш объектилеринде мигранттарсыз иштөөгө болот. «Курулуштан сырткары, айыл чарбасында, чекене соодада, логистикада жана башка бардык тармактарда ушундай аракет жасоону сунуштайбыз. Айлыктар канчалык тез жогоруласа, өнөр жай ошончолук динамикалуу өнүгөт»,- деди Миронов….

Прочитайте больше