БУУ Йемендеги ички миграция тууралуу жарыялады

БУУ Йемендеги ички миграция тууралуу жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында Йемен өкмөтү жана союздаш күчтөрдүн Худейда провинциясынын айланасындагы позицияларын таштап кеткени белгиленди. Жума күндөн бери Йемендин Худейда провинциясында 6200 адам ички миграциядан улам өз жерин таштап кетүүгө аргасыз болду. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында Йемен өкмөтү жана союздаш күчтөрдүн Худейда провинциясынын айланасындагы позицияларын таштап кеткени белгиленди. Билдирүүдө Дурейхими, Бейт ал-Факих аймактары менен Тухайта шаарчасын кармаган күчтөрдүн…

Прочитайте больше

Иранда жаратылыш газын керектөө

Иранда жаратылыш газын керектөө

Ирандын Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытайдан кийин бул энергияны эң көп керектеген өлкө болгону белгиленди. Ирандын мунай министринин орун басары Межид Чегини, өлкөсүндө керектелген жаратылыш газынын көлөмүнүн Европанын 12 өлкөсүнүн керектөөсүнө барабар экенин айтты. Чегини Ирандын мамлекеттик медиасындагы билдирүүсүндө, жаратылыш газы менен камсыз кылууда 3-орунда турган Ирандын Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытайдан кийин бул энергияны эң көп керектеген өлкө болгонун белгиледи. Межид Чегини: «Өлкөбүздө керектелген жаратылыш газынын көлөмү Европадагы 12 бай өлкөгө барабар. Бул…

Прочитайте больше

Тажикстан чек арадагы баш аламандыктарды уюштурган адамды жактап чыкты

Тажикстан чек арадагы баш аламандыктарды уюштурган адамды жактап чыкты

Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик чек арасында массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелип, Орусияда кармалган жаранды коргоп чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашууда. Буга чейин Кыргызстандын өтүнүчү менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара району менен Кыргызстандын Баткен облусунун ортосундагы такталбаган чек ара аймагында массалык баш аламандыктарды жана бейбаштык кадамдарды уюштурууга тиешеси бар деп шектелген 52 жаштагы Диловар Джураев Орусиянын Новосибирск шаарында кармалган. Мындан улам Тажикстандын Башкы прокуратурасы ушул жылдын 12-ноябрында Орусиянын Башкы прокуратурасына кыргыз тараптын өтүнүчүн четке кагуу жана Жураевди…

Прочитайте больше

Иранда күчү 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды (видео)

Иранда күчү 6,4 баллга жеткен эки жер титирөө катталды (видео)

Ирандын түштүгүндөгү жер титирөөдөн эки адам каза таап, 98 киши жаракат алды. Кечээ, 14-ноябрда түштөн кийин катталган биринчи жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетсе, экинчи жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткен. Жер силкинүүнүн очогу Бендер-Аббас шаарынан (Хормозган провинциясы) болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймакта электр энергиясы жана телекоммуникация системалары үзгүлтүккө учураган. Жабыркагандардын бири электр берүү линиясынын мамысынын кулашынан улам каза болгон. Жер титирөө Хормозган провинциясынын түндүгүндө жайгашкан коңшулаш Керман жана Фарс провинцияларында да сезилди.

Прочитайте больше

Орусияда курулуш объектисиндеги өрттөн төрт өзбек жараны каза болду

Орусияда курулуш объектисиндеги өрттөн төрт өзбек жараны каза болду

Москва облусунун Солнечногорск районундагы курулуш объектисинде чыккан өрттөн төрт киши каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча 10:30дарда башталып, 15:40та толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Өзбекстандын Тышкы миграция маселелери боюнча агенттиги өрттөн өлкөнүн төрт жараны каза болгонун кабарлады. “Кырдаал көзөмөлгө алынып, биздин жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чаралар көрүлүп жатат”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Прочитайте больше