Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сатуу боюнча чечим кабыл ала элек

Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоо боюнча чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу Sputnik Тажикстанга “Барки Точик” энергетикалык холдингинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нозиржон Йодгори билдирди. «Эч кандай келишимге кол коюлган эмес, анткени Тажикстан азыр кышкысын электр энергиясын сата албайт, анын ордуна ички керектөөнү камсыздайт»,-деди ал. Аталган сайт жазгандай, 1-октябрдан тарта энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан Тажикстандан суткасына 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып ала баштаганын билдирген. Бирок Тажикстандын Энергетика министрлиги Бекмурзаевдин сөзүн четке каккан. “2-октябрда Кыргызстандын…

Прочитайте больше

Быйыл 6000дей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашык адам каза тапкан

Быйыл 6000дей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашык адам каза тапкан

Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов “Маралдын” эфиринде билдирди. Аны айтымында, жол кырсыктары боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга көп. Бул жылы жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза тапкан жана 9000ден ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Оторов миңден ашуун жол кырсыгында жаш балдар да болгонун айтып, “Дээрлик көп учурда өспүрүмдөр жүргүнчү катары келе жатып, жол кырсыктарына учурап жатат”,…

Прочитайте больше

Казакстанда катуу шамалдын кесепетинен 49 адам жабыркады (видео)

Казакстанда катуу шамалдын кесепетинен 49 адам жабыркады (видео)

Казакстандын Жамбыл облусунда катуу шамал жана бороон-чапкындан улам 49 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттигине облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришти. Министрликтин маалыматына караганда, Тараз шаардык ооруканасына 41 бейтап кайрылган. Алардын төртөө ооруканага жаткырылып, калгандары дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Облустук балдар ооруканасына төрт бала кайрылып, алардын үчөө дарыланууга калтырылып, бирөө амбулатордук дарыланууга үйүнө жөнөтүлгөн. Байзаков райондук ооруканага төрт адам медициналык жардам сурап кайрылып, бирөө ооруканага жаткырылып, үчөө  үйүнө жөнөтүлгөн. “Жардам сурап кайрылган…

Прочитайте больше

Орусия Ооганстандан жүздөгөн адамдарды, анын ичинде кыргызстандыктарды эвакуациялайт

Орусия Ооганстандан жүздөгөн адамдарды, анын ичинде кыргызстандыктарды эвакуациялайт

Орусиянын Коргоо министрлиги Ооганстандын борбору Кабулга үч Ил-76 үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учагын жөнөттү. РИА Новостиге келип түшкөн аскердик ведомствонун билдирүүсүндө айтылгандай, бул авиациялык топ Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен түзүлгөн. Учактардын ар бири Ооганстандын жергиликтүү калк үчүн 36 тонна гуманитардык жардам алып барат. Учактар кайра кайтканда Орусия, Беларус, Кыргызстан, Армения, Украина жана Ооганстандын 380ден ашык жаранын алып келүүсү пландалууда. Бул адамдарга жардам берүү үчүн Кабулга керектүү медициналык жабдуулар жана дары-дармектер менен аскердик дарыгерлер жөнөтүлгөн….

Прочитайте больше