Хорогдогу башаламандыктан үч киши өлдүс

Хорогдогу башаламандыктан үч киши өлдүс

Хорогдогу башаламандыктан өлгөндөрдүн саны үчкө жетти. Ондогон кишилер ар кыл деңгээлдеги жаракат алышты. Алардын арасында Тажикстан күч түзүмдөрүнүн беш кызматкери бар. Бул тууралуу “Озоди” радиосунун өз булактары билдирди. 26-ноябрь күнү таң эрте Хорог жана ага жакын райондордун тургундары Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун администрациясынын алдында нааразылык акцияларын улантышты. Митингчилер түндө мэриянын имаратынын жанындагы аянтта түнөшкөн. Алар 29 жаштагы Гулбиддин Зиёбековду өлтүргөндөрду кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда. Кечээ нааразы топ маркумдун сөөгүн акимчиликтин имаратына алып келишкен. Аймак жетекчилиги менен…

Прочитайте больше

Орусияда шахтадагы жарылуудан 52 адам каза болду

Орусияда шахтадагы жарылуудан 52 адам каза болду

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кузбасстагы “Листвяжная” көмүр шахтасында болгон авариядан 52 киши, анын ичинде алты куткаруучу каза болду. Бул тууралуу РИА Новостиге шашылыш  кызматынын өкүлү билдирди. Башкы прокурордун орун басары Дмитрий Демешин кырсыктын себеби метандын жарылышы болушу мүмкүн деп билдирди. Тергөөнүн алкагында, шахтанын 47 жаштагы директору, анын 59 жаштагы биринчи орун басары жана 36 жаштагы бөлүм башчысы кармалган. “Кармалгандар өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы аныкталды. Натыйжада газ-динамикалык кубулуш пайда болуп, №4 участканын вентиляциялык штрегинен түтүн чыгып баштап,…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров: 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электроэнергиясы үчүн тарифтер 50 тыйынды түзөт

Президент Садыр Жапаров: 110 миңден ашуун үй-бүлө үчүн электроэнергиясы үчүн тарифтер 50 тыйынды түзөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук Кеңшинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу маселесин кароо учурунда өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электроэнергияга тарифти төмөндөтүү тапшырмасын берди. «1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров. Ошондой эле, Мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды.  Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы…

Прочитайте больше

Кыргызстанда шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алуу пландалган (фото, видео)

Кыргызстанда шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алуу пландалган (фото, видео)

Өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча УКМК жана ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган. Бул боюнча УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (“Бийликти күч менен басып алууга даярдануу”) менен сотко…

Прочитайте больше

АКШ Тажикстанга 1,3 миллион долларлык техника берди

АКШ Тажикстанга 1,3 миллион долларлык техника берди

АКШ тажик чек ара күчтөрүнө 18 жол тандабас унаа берди. Бул тууралуу америкалык дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. “1,3 миллион долларга бааланган “Jeep” үлгүсүндөгү жол тандабастар Тажикстандын чек ара коопсуздугуна жардам көрсөтүү максатында берилди”, – деп айтылат билдирүүдө. Маалыматта бул техникалар чек ара аскерлерине чек ара аймактарынын оор географиялык шарттарында операцияларды жүргүзүүгө жардам берери белгиленет. “Биз Тажикстанга чек ара коопсуздугу жаатындагы тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана терроризмге, баңги аткезчилигине жана массалык кыргын салуучу…

Прочитайте больше