Дүйнөдөгү эң чоң «Мрия» учагы Кыргызстанга учуп келди

Дүйнөдөгү эң чоң «Мрия» учагы Кыргызстанга учуп келди

Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган Ан-225 “Мрия” учагы 2021-жылы 28-ноябрда “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу “Манас” аэропортунан билдиришти. Маалыматка ылайык, узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт. “Мрия” Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары учуп келген. Ан-225 “Мрия” – дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы…

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: «Биринчи кезекте биз бардыгыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек»

Турсунбай Бакир уулу: «Биринчи кезекте биз бардыгыбыз Кыргызстандын келечегин ойлошубуз керек»

КРнын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты жана акыркы шайлоого талапкер болгон Турсунбай Бакиров өзүнүн алдыдагы паландары жана дин менен саясаттын, билим берүүнүн ортосундагы мамилелер тууралуу суроолорубузга жооп берди. – Турсунбай ажы, бир канча жылдан соң жаңы дем менен кайра депутат болууга аттанып жатасыз, алдыга кандай максаттарды койдуңуз, бөлүшө кетсеңиз?–  Ооба, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке аттандым, депутаттар тилекке каршы Жогорку Кеңештин кадыр-баркын буга чейин өтө төмөн түшүрүп коюшту. Ал эми парламент, Жогорку Кеңеш, бул үч бийликтин биринчи…

Прочитайте больше

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу  БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди. Саат 22.00гө карата 2 494 автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) ичинен 2 261 АЭУдан маалыматтар алынды, бул 90,66%ды түзөт. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү төмөнкүдөй болду: шайлоочулардын катталган тизмесиндеги 3 619 292 шайлоочунун 1 265 354 шайлоочусун түздү б.а. жалпы сандын 34,96%ын…

Прочитайте больше

«Фараондор жолу» менен сейилдөө: Египетте сфинкстердин аллеясы ачылды (фото)

«Фараондор жолу» менен сейилдөө: Египетте сфинкстердин аллеясы ачылды (фото)

Египеттин Луксор шаарында Сфинкстер аллеясынын ачылыш аземи болуп өттү. Музей он жылдан ашык убакытка созулган реставрациядан кийин кайрадан конокторду кабыл ала баштады.  Сфинкстер аллеясы байыркы мезгилден бери биринчи жолу Луксор менен Карнак храмдарын бириктирди. Эми ал туристтер үчүн сейилдөө аймагына айланат. Казуу учурунда археологдор кочкор баштуу 250 сфинксти жана адам баштуу 807 сфинксти табышкан. Сфинкстер аллеясынын калыбына келтирилгенден кийинки узундугу үч километрге жетет. Азыр 1057 айкел бар. Байыркы убакта аллеяда айкелдер үч эсе көп болгон….

Прочитайте больше

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдору талкууланат

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдору талкууланат

Иран менен дүйнөлүк алты державанын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдорун талкуулоо үчүн Венада чогулганы жатышат. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери 28-ноябрда Кытай, Орусия делегациялары жана Еврошаркеттин чабарманы Энрике Мора менен жолугушту. Багери жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, тараптар сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн жана алкагын аныкташат. Орусиянын Улуттар Уюмунун Венадагы өкүлчүлүгүндөгү элчиси Михаил Ульянов расмий кездешүү алдындагы “бейрасмий консультациялар” “Тегерандын жаңыланган позициясын жакшырак түшүнүү үчүн пайдалуу” болгонун “Твиттерге” жазды. Австрия башкалаасындагы сүйлөшүүлөр Ислам жумуриятында бийликке жаңы президент Ибрахим Раиси келгенден кийин…

Прочитайте больше