Сионисттик режимдин Сириянын Латакия портуна ракеталык чабуулу

Сионисттик режимдин Сириянын Латакия портуна ракеталык чабуулу

Сирия булактары 28-декабрда эртең менен сионисттик режим Латакия портуна ракеталык чабуул жасаганын билдиришти.Сириянын расмий SANA агенттиги өлкөнүн армиясынын абадан коргонуу системасы ракеталык чабуулдун мизин кайтарганын билдирди. Берилген маалыматтарга караштуу ракеталарды израилдик согушкерлер учурган. Сионисттик режимдин согушкерлери Латакия шаарынын батыш тарабындагы Жер Ортолук деңизинин тереңинен чабуул баштаган.Кол салуунун натыйжасында Латакия портунда бир топ контейнер күйүп кетти. Израил режими террорчуларды коргоо үчүн Сириянын армиясынын жана инфраструктурасынын позицияларын ар дайым аткылоодо. Сириядагы кризис 2011-жылы Сауд Арабиясы, АКШ жана…

Прочитайте больше

Иран Йемендеги кризисти жөнгө салууга көмөктөшөт

Иран Йемендеги кризисти жөнгө салууга көмөктөшөт

Кечээ, дүйшөмбү күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Йеменге кризистен чыгуунун жолун табууга жардам берерин билдирди. Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Саид Хатибзаде жумалык маалымат жыйынында Иран бийлиги Йемен элин колдоону улантарын жана бул өлкөдөгү кризисти тез арада чечүүгө аракет кыларын билдирди. “Биздин кеңешибиз, ар дайымкыдай эле, Йемендеги кризисти токтотуунун жалгыз жолу катары саясий чечимди издөө. Бул Йемендин эзилген калкынын үнү угулушу үчүн өлкөнүн коргоосуз элин колдойбуз. Йемендеги кризисти мүмкүн болушунча тезирээк чечим табууга аракет кылабыз”,…

Прочитайте больше

Instagram аймак элинин коопсуздугун камсыз кылган ирандык генерал Сулейманинин эрдиктерин даңазалаган постторду өчүрүп жатат

Instagram аймак элинин коопсуздугун камсыз кылган ирандык генерал Сулейманинин эрдиктерин даңазалаган постторду өчүрүп жатат

Иран эли эзелтен азыркыга чейин Ислам шейиттерине өзгөчө сүйүү жана берилгендик менен мамиле кылат жана шейиттерге болгон бул чын жүрөктөн чыккан сүйүүлөрү алардын сөөгүнө сиңип калган. Адамдар бул дүйнөдөн өткөн жакындарына өздөрүнүн сезимдерин, сый-урматын ар кандай жолдор менен көрсөтүп келишсе, бүгүнкү күндө кибер мейкиндиктин кеңейиши менен ал сезимдерди виртуалдык платформада дагы билдире башташты. Акыркы күндөрү социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары шейит болгон Ирандын генералы Касем Сулейманинин өлүмүнүн эки жылдыгына карата ал тууралуу ар кандай билдирүүлөрдү түрдүү виртуалдык платформаларда калтырып, эр…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты. Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү. Бейформал саммитке Кыргызстан Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Белорусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту

Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту

Чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходирзадо жолукту. Жолугушууда эки тараптын милиция кызматкерлери буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттерди алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашканы кабарланды. “Албетте, чек арада жакын күндөрү болуп кеткен окуяларды талкуулап, жолдо бараткан автоунааларга таш аткандарды биргелешип иликтөөнү макулдаштык. Айрыкча, майрамдын алдында кандайдыр бир абалды курчутуу үчүн терс көрүнүштөр болуп кетпесин деп, алдын алуу тууралуу сүйлөштүк. Ал үчүн эки райондун милиция…

Прочитайте больше

Кытайдын 13 млн. калкы бар Сиань шаары карантинге жабылды

Кытайдын 13 млн. калкы бар Сиань шаары карантинге жабылды

13 миллион калкы бар Шэньси провинциясынын административдик борбору Сианда коронавирус боюнча 63 учур аныкталып, шаар карантинге жабылды. 23-декабрдан тарта шаар тургундарына зарыл учурларды эске албаганда, үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынган. Шаардын мэриясы ар бир үй-бүлөдө бир адам эки күндө бир керектүү нерселерди сатып алып келип туруусун буйруган. Бейшемби күнү Сиань бийлиги шаарга сырттан келген 63 адамдан коронавирус инфекциясы табылганын билдирген. Бул вирустун жаңы, жугуштуу омикрондук варианты экендиги азырынча белгисиз. Шаарда миллиондогон адамдарга коронавирустук тесттерди жасоо пландаштырылууда….

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус жете элек төрт гана өлкө калды

Дүйнөдө коронавирус жете элек төрт гана өлкө калды

Пандемия географиясы кеңейүүдө: дүйнө жүзү боюнча вирус жуктурган 279 миллиондон ашык учур тастыкталды. Вирус улам-улам мутацияланууда, ДССУнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жаңы омикрон штаммы 110 өлкөдө катталды. Бирок картада вирус жете элек жерлер да бар. Расмий маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус жетпеген төрт өлкө бар. Постсоветтик мейкиндикте, расмий маалыматтар боюнча, бир дагы COVID-19 учуру катталбаган жалгыз мамлекет бул Түркмөнстан экенин RG басылмасы жазды. Пандемия башталганда жергиликтүү бийликтер өлкөгө кирүүгө жана жүк ташууларга катуу чектөөлөрдү киргизген. Июль айынын башында…

Прочитайте больше

Ирандын түштүгүндө күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ирандын түштүгүндө күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ирандын түштүк тарабында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн эпицентри 352 миңдей адам жашаган Бандар-Аббас шаарынан 59 чакырым түндүктө болгон. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилген жок. Эскерте кетсек, кечээ, 26-декабрда Индонезиянын жээгинде күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Прочитайте больше

Тамактан кийин кантип дуба кылынат

Тамактан кийин кантип дуба кылынат

Суроо: Тамактануу алдында Бисмиллах айтуу фарзбы? ЖООП Фарз эмес. Такмактануу алдында Бисмиллахиррахманиррахим деп айтуу жана акырында Алхамдулиллах деп айтуу – сүннөт. (Хиндиййа) Хадиси шарифте айтылган: «Тамактан кийин «Ал-хамдулиллахиллази атамана хазаттаама ва разакана мин гайри хавлин минна ва ла куввах» деген дубаны окугандын күнөөлөрү кечирилет». [Абу Давуд]«Бири ичип-жегенден кийин «Алхамдулиллахиллахи атамани ва ашбаани ва сакани ва арвани» деген дубаны окуса энеден төрөлгөн күнкүдөй күнөөсүз болот» [Ибни Сунни]Пайгамбарыбыз алейхиссалам тамактан кийин «Ал-хамду-лиллахиллази ва сакана ва жаалана муслимин» деп дуба кылчу. (Тирмизи) Тамактан кийин жогорудагы дубаларды дагы ичине камтыган…

Прочитайте больше

Ислам жана ден соолук: Иммунитетти кантип бекемдейбиз?

Ислам жана ден соолук: Иммунитетти кантип бекемдейбиз?

Суук түшкөндөн тарта көп адамдар грипп, сасык тумоо, суук тийүү сындуу ооруларга чалдыга баштайт. Бул оорулардын келип чыгуусуна эң биринчи иммунитеттин алсыздап кетиши себеп болот. Адам организми үчүн иммунитеттин бекем, күчтүү болушу абдан маанилүү. Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү. Исламда иммунитетти күчтөндүрүү үчүн кандай ыкмалар колдонулат? Бул макалада ден соолукту чыңдап, оорулардан алыс болуу үчүн бир канча кеңештерди сунуштайбыз. Уйку Бардык керектүү гормондор кечки саат 10дон таңкы 5ке чейин иштелип чыгат….

Прочитайте больше

Алланын бир экенинин далилдери

Алланын бир экенинин далилдери

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын Калам аалымдары Алланын бирлигин далилдеген түрдүү аргументтерди айтышкан. Алардын ичинен эң белгилүүсү «бурхан-и таману» далили болуп саналат. Акыл-эси жайында болгон бардык адам чыныгы кудирет ээсине туруштук бере турган, атаандаштык жарата турган же тең тайлаша алган күчтүн жок экенине ынанат. Эгерде кудай менен тең тайлаша ала турган зат болсо, анда кудай – кудай боло албайт эле. Акыйкаттан алыс, чындыгы жок же бурмаланган дин жана ишенимдерде айтылган кудайдын адам менен…

Прочитайте больше

Алланын бар экенинин далилдери

Алланын бар экенинин далилдери

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын Өткөн кылымдагы 70 жылдык атеисттик саясат жана учурдагы кээ бир дүйнөлүк күчтөр тарабынан ырааттуу жүргүзүлүп жаткан исламофобия тенденциясы кыргыз коомунун кудай жөнүндөгү дүйнө таанымын олку-солку кылып, айрым адамдар тарабынан «кудай барбы?» деген суроо уламдан-улам коюлууда. Ырасында бул собол миң жылдардан бери келе жаткан эзелки суроо. Дал ушул суроонун үстүндө улуу даанышмандар, ойчулдар, философтор кызыл чеке болуп талашып келген. Кыргыз эли кан төгүүсүз кабыл алган жана миң жылдар бою…

Прочитайте больше

Коронавирустун «Омикрон» штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнө тарады

Коронавирустун «Омикрон» штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнө тарады

Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы 106 өлкөдөн аныкталганын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. “2021-жылдын 21-декабрына карата “омикрон” штаммы дүйнөнүн 106 өлкөсүнөн аныкталды”, – деп айтылат ДССУнун билдирүүсүндө. Уюмдан кошумчалашкандай, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу дагы деле жогорку бойдон калууда. ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус буга чейин COVID-19дун жаңы штаммы “дельтага” караганда ылдамдык менен жайылып жаткандыгын айткан. «Омикрон» штаммы биринчи жолу Түштүк Африкада жана Ботсванада пайда болгондугун британ окумуштуулары ноябрь айынын аягында билдиришкен. 8-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекциянын…

Прочитайте больше

Казакстан Бишкектен 342 чакырым алыстыкта атом электр станциясын курууну пландоодо

Казакстан Бишкектен 342 чакырым алыстыкта атом электр станциясын курууну пландоодо

Казакстан Алматы облусуна атомдук электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды. “Самрук-Казына” фондунун төрагасы Алмасадам Саткалиев атомдук электр станциясын Балхаш суусунун жээгиндеги Үлкөн кыштагына куруу каралып жатканын билдирди. Бул жер Бишкектен 342 чакырым алыстыкта жайгашкан. “Атом электр станциясын куруу боюнча сунуш Орусия, Кытай жана Франциянын компанияларынан келип түштү. Казакстанда кимдин технологиялары тандалары азырынча белгисиз. Чечимдерди кабыл алууда колдонулган технологиялардын коопсуздугу, курулган өзөктүк реакторлорду иштетүү боюнча мындай мыкты тажрыйбалардын саны, ошондой эле Казакстанда күйүүчү…

Прочитайте больше

Иран Перс булуңундагы чыңалуунун курчушуна Батыш өлкөлөрүн айыптады

Иран Перс булуңундагы чыңалуунун курчушуна Батыш өлкөлөрүн айыптады

Батыш өлкөлөрү Перс булуңундагы чыңалууну ар дайым күчөтүп келген. Мындай пикирди кечээ, шаршемби күнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жана Улуу Британиянын Иранга каршы биргелешкен билдирүүсүнө карата берген комментарийинде жазды. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс дүйшөмбү күнү Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдөн кийин алар биргелешкен билдирүү жасап, анда Ирандын аймактагы ишмердүүлүгү жана алар атагандай «өзөктүк эскалация» «олуттуу…

Прочитайте больше
1 2 3 6