Египетеги “Аль-Азхар” Герцогдун “Ибрахими” мечитине кол салышын айыптады

Египетеги “Аль-Азхар” Герцогдун “Ибрахими” мечитине кол салышын айыптады

Египеттин “Ал-Азхар” ЖОЖу Израилдин президенти Исхак Герцогдун Хеврон шаарындагы Ибрахими мечитине кол салышын айыптады. Аль-Азхардын билдирүүсүндө, бул душмандык аракет исламий ыйыктыктарды ачык бузуу жана басып алынган аймактарда жаңы чындыкты жаратуу аракети болуп саналат деп айтылат. Ошондой эле Палестина элинин мындай көрүнүштөргө каршы өз укуктарын, жерин жана диний ыйыктарын уламдан-улам бекем кармай турганы белгиленди. «Аль-Азхар» мындай агрессиянын коркунучтуулугун эскертип, эл аралык коомчулукту жана бардык өкмөттөрдү өз милдеттерин так аткарууга жана мындай агрессияга каршы бекем жана реалдуу…

Прочитайте больше

Орусияда мигранттардын айлыгы көтөрүлөт

Орусияда мигранттардын айлыгы көтөрүлөт

Орусия Федерациясындагы мигранттардын айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу “ВТБ Капитал” “Орусия чакырат!” форумунун жүрүшүндө Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников билдирди. «Мигранттар көп иштеген тармактарда эмгек акынын өсүшү байкалууда. Ошого жараша Орусияда жумушчу күчүнүн жетишсиздиги да көрүнүп жатат»,-деди ал. Буга чейин эң аз айлык акы айыл чарба жана курулуш тармагында болгон. Бирок, азыр абал жакшырып баратканын айтат министр. Анын кошумчалаганындай, ушул жылы кызматкерлердин 15 пайызга жакыны минималдуу эмгек акыдан төмөн (12 792 рубль) айлык алышат. Ал эми 2022-жылы…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында ок атылганын билдирди. Расмий кабарга ылайык, 1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген. Чек ара боюнча Баткен жана Согд облустарынын өкүлдөрү телефондо жагдайды талкуулашты. Кыргыз тарап түнкү…

Прочитайте больше

Дүйнө тынчсызданган «омикрон» штаммы 23 өлкөдө аныкталды

Дүйнө тынчсызданган «омикрон» штаммы 23 өлкөдө аныкталды

Коронавирус инфекциясынын жаңы “Омикрон” штаммы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө табылганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. “Кеминде 23 өлкө жаңы штамм аныкталганын билдирди. Алардын саны өсүшү мүмкүн”, – деди уюмдун жетекчиси брифинг учурунда. ДССУнун мүчөсү Мария Ван Керкхове өз кезегинде омикрондун жугуштуулугу тууралуу көбүрөөк маалыматтар жакынкы күндөрү пайда болоорун айтты. “Биз бул жаңы вариант эмне экенин эми гана түшүнө баштадык. Бизде толук маалымат жок, бирок бул штамм тез жайылат деген ыктымалдар бар”, – деди ал. Коронавирустун…

Прочитайте больше

Депутаттардын маянасы азайып, кызматтык унаасы алынды

Депутаттардын маянасы азайып, кызматтык унаасы алынды

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты – республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу. Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык оклады төмөндөтүлдү. Ошентип:  – Жогорку Кеңештин…

Прочитайте больше