«Талибан» Өзбекстанды ооган тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды

«Талибан» Өзбекстанды ооган тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды

“Талибан” кыймылы түзгөн убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар Ташкентти ооган учкучтары айдап барып таштаган Өзбекстандагы учактары менен тик учактарын кайтарып берүүгө чакырды. Бул тууралуу “Афганистан.ру” басылмасы жазды. Буга чейин Өзбекстан президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев баштаган өзбек делегациясы 30-ноябрда Кабулда Талибан өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолукканы кабарланган. Быйыл август айында ооган учкучтары өлкөдөгү жалпы учактардын жана тик учактардын 25% айдап, Өзбекстан менен Тажикстанга учуп барышкан. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Термез шаарындагы ооган учкучтарынын 15и A-29 Super…

Прочитайте больше

NASA: Жерге өтө кооптуу 330 метрлик астероид жакындап келе жатат

NASA: Жерге өтө кооптуу 330 метрлик астероид жакындап келе жатат

NASA коркунучтуу астероид “4660 Nereus” 11-декабрда Жерге жакындай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. “4660 Nereus” потенциалдуу кооптуу астероид болуп эсептелет. Анын диаметри 330 метрди түзөт. Маалыматка караганда, 1982-жылы ачылган астероид Жерге 4 миллион чакырымга чейин жакындайт. NASA уюму бул астероидди Жер үчүн кооптуу объект болуп саналарын эскертти. Ал 664 күндө Күндү толугу менен айланат. Формасы жумурткага окшош. Буга чейин, астероидди космостук миссиянын бутасы катары колдонуу бир нече жолу сунушталган.

Прочитайте больше

Ирандын ШКУга толук мүчө болуусу Батыштын изоляциялоо аракетин токтотот

Ирандын ШКУга толук мүчө болуусу Батыштын изоляциялоо аракетин токтотот

Кечээ, 2-декабрда Ирандын Исламабаддагы элчисинин орун басары өз өлкөсүнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болушун аймактык жана эки тараптуу деңгээлдеги маанилүү кадам деп атады. Мохаммад Сорхаби Исламабаддагы Регионалдык изилдөөлөр институту уюштурган “Ирандын ШКУга мүчөлүгү – мүмкүнчүлүктөр” аттуу вебинарда сөз сүйлөдү. Ал Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болуу тууралуу арызынын кабыл алынышы маанилүү кадам болгонун жана уюмдун калган мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдө оң роль ойной тургандыгын белгиледи. “Ирандын Ислам революциясынан кийинки биринчи аймактык уюм…

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алат

Энергетика министрлиги Түркмөнстандан 2022-жылы да электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун быйыл июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарында Түркмөнстандан жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга жетишилген. Анын негизинде 1-августтан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип жатат. Быйыл апрелден сентябрга чейин Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши акыркы төрт жылдагыдан бир топ аз болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Суу…

Прочитайте больше