Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө азайуда

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү күндөн-күнгө азайуда

Токтогул суу сактагычында агып кирген сууга караганда, агып чыккан суунун көлөмү көп болууда. Бүгүн, 7-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 10 млрд. 874 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААК маалымдады. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 147 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 422 куб метрге жетүүдө. Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашууда. Бул Токтогул…

Прочитайте больше

Коронавирус пандемиясы дагы канча жылга созулат? Окумуштуулардын божомолу

Коронавирус пандемиясы дагы канча жылга созулат? Окумуштуулардын божомолу

Британиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча илимий-кеңеш тобунун (SAGE) окумуштуулары, адистери коронавирус пандемиясы канчага чейин созуларын божомолдошту. Алардын пикиринде, COVID-19 кеминде 2026-жылга чейин коркунуч жаратат. Алардын бул боюнча билдирүүсү уюмдун расмий сайтында жарыяланды. “SARS-CoV-2 саламаттыкты сактоо системасына мурдагыдай эле коркунуч жаратып, эмдөө менен маалыматтарга кеминде беш жыл ичинде тыкыр көз салууну талап кылат”, – деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда, адистер эгер эмдөө, эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциянын жайылышын глобалдык ооздуктоо боюнча иш-чаралар жетиштүү натыйжалуу болбосо, оору андан…

Прочитайте больше

Өзбекстанда соода борборунда катуу жарылуу болду (видео)

Өзбекстанда соода борборунда катуу жарылуу болду (видео)

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Денау шаарындагы “Инденим” соода борборунда 7-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:57де катуу жарылуу болуп, андан соң өрт чыкты. Окуядан бир киши каза таап, 9 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жарылуудан улам соода борборунун дубалдары урап түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар барышкан. Өрт саат 04:25те өчүрүлгөн. Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.

Прочитайте больше

Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кандай өнүгүп жатат? – ЕЭКтин жообу

Ирандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кандай өнүгүп жатат? – ЕЭКтин жообу

“ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы убактылуу макулдашуунун ишке ашырылышы эки тараптын тең соода-сатыгынын көлөмүнө жакшы таасирин тийгизет”, – деди Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев. ЕЭКтин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалали менен жолуккан. Тараптар Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүүгө шарт түзгөн убактылуу келишим соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилешкен. “2021-жылдын январь-август айларында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 60%га өскөн. ЕАЭБге…

Прочитайте больше