Кыргызстан «Кумтөрдүн» үзүрүн келерки жылдан баштап көрөт

Кыргызстан «Кумтөрдүн» үзүрүн келерки жылдан баштап көрөт

“Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин билдирди. Кыргызстан “Кумтөрдүн” үзүрүн келерки жылдан тартып көрө баштайт жана январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонууда. Бул тууралуу  19-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, кол коюларын, эч кандай көйгөй жок экенин айтты жана кирешеге келерки жылы айлык-пенсия көбөйтүлүп, бир катар…

Прочитайте больше

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

Кыргызстан Түркиядан «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алды

КР УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусуна «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарды көрүп чыкты. Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөтүштү. Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынды   жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат.

Прочитайте больше

Филиппинде “Рай” тайфунунан каза болгондордун саны 208ге жетти

Филиппинде “Рай” тайфунунан каза болгондордун саны 208ге жетти

Филиппинде “Рай” тайфунунун кесепетинен курман болгондордун саны 208 адамга жетти. Бул тууралуу “Интерфакс” жергиликтүү маалымат каражаттарына таянуу менен билдирди. Эпицентри Себу жана Бохол аралдарында болгон кырсыктан кеминде 208 киши каза болгон. Арасында жаш балдар да бар жана дагы 52 адамдын дайыны билинбей жатат. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиги азырынча тайфундан келтирилген зыянды так эсептей албаганын билдирди. Кырсык болгон жерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, инфраструктура бузулган. Филиппиндин өкмөтү 19-декабрда жапа чеккен аймактардагы элге суу, тамак-аш,…

Прочитайте больше

«Омикрон» Европага жана дүйнөгө жаңы сокку урууда

«Омикрон» Европага жана дүйнөгө жаңы сокку урууда

Коронавирустун жаны “омикрон” штаммынын дүйнө жүзүнө тез аралышы көптөгөн өлкөлөрдү чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур кылууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, коронавирустун “омикрон” штаммы дүйнөнүн 89 өлкөсүндө аныкталды. Өткөн суткада ал Иранда, Украинада, Египетте жана башка бир катар өлкөлөрдөн табылды. Жаны штаммдын тез жайылып жаткандыгынан жана изилденбегендигинен улам бир катар өлкөлөрдө жаңы чектөөлөр киргизилүүдө. Улуу Британиянын борборунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Лондондун мэринин айтымында, өлкөдө оору жуктургандардын жана ооруканага жаткырылгандардын жаңы учурлары көбөйүп жатат. Австрия 20-декабрдан тарта…

Прочитайте больше