Орусия мигранттарга патент саясатын өзгөртөт

Орусия мигранттарга патент саясатын өзгөртөт

Орусия эмгек мигранттары үчүн патент саясатын өзгөртүү тууралуу чечим чыгарды. Ага ылайык, жаңы патенттер чиптүү карта түрүндө берилет. Орусиянын Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин бул тууралуу кол койгон буйругу 2021-жылдын 29-декабрында күчүнө кирет. Маалымат каражаттары Орусиянын ИИМине шилтеме берип жазышкандай, жаңы патентте адамын электрондук сүрөтү, анын толук аты-жөнү, эки манжа изи, сериясы жана патент номуру болот. Анын сырткы, патенттик картанын өлчөмү 8,5х5,3 см болот. Ошондой эле, картада адамдын туулган жылы, күнү, жарандыгы, инсандыгын тастыктаган документтин сериясы жана…

Прочитайте больше

Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү (видео)

Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү (видео)

Биринчи Май районунун Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган. Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок.

Прочитайте больше

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод иштей баштады

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод иштей баштады

Бишкекте пластикти кайра иштетүүчү завод ишке берилгенин мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, пластикти кайра иштетүүчү заводду “Begreen Бишкек Экология” компаниясы ачкан. Заводдо желим чогултуудан тышкары, синтепон буюмдарды да даярдап чыгаруу пландалууда. Ишкананын ачылышына мэриянын жана «Begreen Бишкек Экология» компаниясынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан. “Begreen Бишкек Экология” компаниясы борбор калаага 530 экологиялык таштанды челектерди орноткон.

Прочитайте больше

Ирандык студенттер “INEX 2021” эл аралык көргөзмөсүндө биринчи орунду алышты

Ирандык студенттер “INEX 2021” эл аралык көргөзмөсүндө биринчи орунду алышты

Индияда өткөн инновациялар жана ойлоп табуулар боюнча эл аралык көргөзмөдө (INEX 2021) 30 өлкөнүн студенттеринин арасынан ирандык студенттер биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары жазышты. Ирандын Авиценна атындагы студенттик фестивалдын туруктуу катчылыгынын жетекчиси Мехди Рашиди Жахан ирандык студенттер электроника, жасалма интеллект жана программалоо тармактарында үч алтын медалга ээ болушкандыгын билдирди. Маалыматка караганда, бул жылы көргөзмө Индиянын Хайдарабад шаарында коронавирустук пандемия шартында саламаттык сактоо протоколдорун сактоо менен дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн мектеп окуучулары жана студенттердин катышуусунда өттү.

Прочитайте больше