Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту

Кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту

Чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходирзадо жолукту. Жолугушууда эки тараптын милиция кызматкерлери буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттерди алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашканы кабарланды. “Албетте, чек арада жакын күндөрү болуп кеткен окуяларды талкуулап, жолдо бараткан автоунааларга таш аткандарды биргелешип иликтөөнү макулдаштык. Айрыкча, майрамдын алдында кандайдыр бир абалды курчутуу үчүн терс көрүнүштөр болуп кетпесин деп, алдын алуу тууралуу сүйлөштүк. Ал үчүн эки райондун милиция…

Прочитайте больше

Кытайдын 13 млн. калкы бар Сиань шаары карантинге жабылды

Кытайдын 13 млн. калкы бар Сиань шаары карантинге жабылды

13 миллион калкы бар Шэньси провинциясынын административдик борбору Сианда коронавирус боюнча 63 учур аныкталып, шаар карантинге жабылды. 23-декабрдан тарта шаар тургундарына зарыл учурларды эске албаганда, үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынган. Шаардын мэриясы ар бир үй-бүлөдө бир адам эки күндө бир керектүү нерселерди сатып алып келип туруусун буйруган. Бейшемби күнү Сиань бийлиги шаарга сырттан келген 63 адамдан коронавирус инфекциясы табылганын билдирген. Бул вирустун жаңы, жугуштуу омикрондук варианты экендиги азырынча белгисиз. Шаарда миллиондогон адамдарга коронавирустук тесттерди жасоо пландаштырылууда….

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус жете элек төрт гана өлкө калды

Дүйнөдө коронавирус жете элек төрт гана өлкө калды

Пандемия географиясы кеңейүүдө: дүйнө жүзү боюнча вирус жуктурган 279 миллиондон ашык учур тастыкталды. Вирус улам-улам мутацияланууда, ДССУнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жаңы омикрон штаммы 110 өлкөдө катталды. Бирок картада вирус жете элек жерлер да бар. Расмий маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус жетпеген төрт өлкө бар. Постсоветтик мейкиндикте, расмий маалыматтар боюнча, бир дагы COVID-19 учуру катталбаган жалгыз мамлекет бул Түркмөнстан экенин RG басылмасы жазды. Пандемия башталганда жергиликтүү бийликтер өлкөгө кирүүгө жана жүк ташууларга катуу чектөөлөрдү киргизген. Июль айынын башында…

Прочитайте больше

Ирандын түштүгүндө күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ирандын түштүгүндө күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ирандын түштүк тарабында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн эпицентри 352 миңдей адам жашаган Бандар-Аббас шаарынан 59 чакырым түндүктө болгон. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте жайгашкан. Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилген жок. Эскерте кетсек, кечээ, 26-декабрда Индонезиянын жээгинде күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Прочитайте больше