Израилдин палестиналыктарга кийлигишүүсү

Израилдин палестиналыктарга кийлигишүүсү

Батыш Шерианын түндүгүндө орун алган Балата палестиналык качкындар лагеринде болгон куралдуу кагылышууда палестиналык бир жаш каза болду. Израил аскерлеринин оккупациядагы  Батыш Шериада 22 палестиналыкты камакка алгандыгы билдирилди.  Палестиналык туткундар коомунун басма сөз координатору Эмани Саран Израил күчтөрүнүн Батыш Шерианын ар кайсы жерлерине тинтүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирди. Саран тинтүү  учурунда көпчүлүгү Наблус, Тубас жана Рамалла шаарларынан келген 22 кишинин кармалганын билдирди. Оккупациядагы  Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде үйлөрдө  тез – тез тинтүүлөрдү жүргүзгөн  Израиль күчтөрү, ар кандай шылтоолор менен палестиналыктарды камоодо. Батыш Шериа жана…

Прочитайте больше

Пакистандагы жамгыр жашоого терс таасирин тийгизди

Пакистандагы жамгыр жашоого терс таасирин тийгизди

Катуу жамгыр Белужистандын Гвадар, Чаман, Ормара жана Кеч аймактарында таасирдүү болду. Пакистандын Белужистан аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үйлөр кыйрап, жолдор бузулду. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, катуу жамгыр Белужистандын Гвадар, Чаман, Ормара жана Кеч аймактарында таасирдүү болду. Жаандан улам Каманда 200дөн ашуун үй жана билим берүү мекемелери кыйрап, жолдор бузулду. Көптөгөн аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, үйлөрдү суу каптады. Белужистан өкмөтү Гвадарда өзгөчө кырдаал жарыялады. Жаан-чачын таасирдүү болгон аймактарда издөө-куткаруу иштерине армия жана деңиз флотунун…

Прочитайте больше

Кымбатчылыктын себеби: Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алып койгон

Кымбатчылыктын себеби: Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алып койгон

Кытай жүгөрү жана башка дан азыктарынын дүйнөлүк запасынын жарымынан көбүн сатып алып, бул өз учурунда бүтүндөй планетада баалардын кескин өсүшүнө алып келди.  Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты. Кымбатчылыктын бирден-бир себеби дүйнөлүк калктын 20 пайызы жашаган Кытайдын азык-түлүк запасын топтоосу болгон. Бул тууралуу Кытайдын азык-түлүк жана стратегиялык резервдер боюнча улуттук башкармасынын бөлүм башчысы Цинь Ююнь өзү билдирген. «Биздин өлкө азык- түлүк, үн запасын тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткирди. Буудайдын запасы бир жарым жылга жете турган суроо-талапка…

Прочитайте больше

Түркмөн чек арачылары менен «Талибан» жоочуларынын ортосунда атышуу болду

Түркмөн чек арачылары менен «Талибан» жоочуларынын ортосунда атышуу болду

3-январда түркмөн-ооган чек арасында Түркмөнстандын чек арачылары менен “Талибан” кыймылынын жоочуларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Ракеталарды колдонуу менен атышуу болгонун дүйшөмбү күнү Ооганстандын Жаузжан провинциясындагы Хамяп районунун тургундары билдиришти. Кийинчерээк бул маалыматты ооган ЖМКлары ырасташты. TOLOnews басылмасы талибдердин жергиликтүү бийлигине шилтеме кылып, атышууга түркмөн чек арачыларынын “Талибандын” жоочуларын көздөй ок чыгаруусу себеп болгонун кабарлады. Маалыматка караганда, алар аймакка түркмөн чек арачылары атып өлтүргөн деп болжолдонуп жаткан жергиликтүү тургундун өлүмүн иликтөө үчүн барышкан. ТАСС агенттиги Ооганстандагы…

Прочитайте больше

Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери кирди

Орусиянын маалымат каражаттары Казакстанга Орусиянын аскер кызматкерлери киргенин маалымдашты. Маалыматта Орусиянын аскер кызматкерлери Казакстандын аймагына киргени, алар атышуу болуп жаткан Алматы шаарына барышы мүмкүн экени айтылат. Учурда Алматынын борборунда атышуу уланууда. Буга чейин, Жамааттык коопсуздук келишими уюму өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтөрү маалымдалган. Бул тууралуу уюмду жетектеген Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Фейсбукта билдирген. Эскерте кетсек, кечээ, шаршемби күнү кечинде Токаев ЖККУ өлкөлөрүнөн аскердик колдоо сураган эле. Белгилей кетсек, ЖККУга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана…

Прочитайте больше