Касым-Жомарт Токаев аскерлерге ок чыгарууга уруксат берди

Касым-Жомарт Токаев аскерлерге ок чыгарууга уруксат берди

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев армияга, укук коргоо органдарына эскертүүсүз ок чыгарууга буйрук берди. “Бизди тынчтык жолу менен келишимге барууга чакырышууда. Кандай акмакчылык. Адам өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн? Террористтер өлтүрүлүшү керек! Бул иш жакында толугу менен аткарылат!”, – деди ал. Өлкө башчысы террористтер мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөргө зыян келтирип, жарандарга каршы курал-жарак колдонуп жатышканын, ошол себептүү укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууну буйруганын түшүндүрдү. Ошондой эле, Токаев Казакстандагы мыйзамдык тартипти камсыздоодо жардам көрсөткөнү…

Прочитайте больше

Алматыда түнү менен атышуу болгону, көчөдө жансыз денелер жатканы айтылууда

Алматыда түнү менен атышуу болгону, көчөдө жансыз денелер жатканы айтылууда

Казакстандын маалымат каражаттары Алматы шаарындагы атышуу түнү бою уланып, дагы деле атышуунун үндөрү угулуп жатканын маалымдашты. Бул тууралуу маалыматты күбөлөр билдиришкен. “Шаарда түнү бою ок атышуулар угулду. Ал эми айрым жерлерде атышуунун үндөрү дагы эле угулуп жатат. Шаардын борборунда митингчилердин тобу “МИР” телеканалынын имаратын тосуп алышты. Жабыркагандар бар”, – деп жазылат маалыматта. “Хабар 24” телеканалынын маалыматына караганда, каза болгондордун жансыз денелери көчөлөрдө ачык эле жатат. Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык…

Прочитайте больше

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер жөнөтүүнү пландап жатат

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер жөнөтүүнү пландап жатат

Кыргызстан Казакстандагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 150 аскер жөнөтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты. Мындан тышкары 8 бронетехника жана 11 аскердик унаа жөнөтүү пландалып жатканын билдирди. Ташиев Жаматтык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөлөрү: Армения – 100-300, Орусия – 1400, Беларусия – 400, Тажикстан – 100-200 аскерин жөнөтүү боюнча чечим кабыл алганын да кошумчалап өттү. Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган….

Прочитайте больше