Кыргызстан: Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдык көрүлүүдө

Кыргызстан: Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдык көрүлүүдө

Ыкчам штаб: Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы ыктымалдыгына даярдык көрүү тапшырмасы берилди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин республикадагы эпидемиологиялык абал жана калкты эмдөө боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. Акыркы суткада 247 коронавирус инфекциясы катталды, алардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев калаадагы саламаттыкты сактоо уюмдарында оорулуулар көбөйгөн учурда 400 резервдик орун даярдала турганын билдирди. Учурда дары-дармектер…

Прочитайте больше

Өзбекстан Орусияга газ жеткирүүнү толугу менен токтотту

Өзбекстан Орусияга газ жеткирүүнү толугу менен токтотту

Өзбекстан бийлиги коңшу өлкөлөргө жана Орусияга жаратылыш газын экспорттоону толугу менен токтотту. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттигине Өзбекстан Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Бул кабар орус маалымат агенттигинин сайтында Казакстанда газдын баасынын жогорулаганына байланыштуу болгон митингдерден кийин жарыяланды.“Ушул тапта Орусияга газ жөнөтүлгөн жок жана 2022-жылы пландар өзгөрбөйт”,– деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.“Интерфакс” кабарлагандай, азыркы учурда Өзбекстан газды негизинен Кытайга жөнөтүүдө.2020-жылы Кытайга 3,277 млрд куб метр газ, 2021-жылдын он айында 4,020 млрд куб метр газ экспорттолгон.

Прочитайте больше

Казакстанда төрт миңдей террорчу кармалды

Казакстанда төрт миңдей террорчу кармалды

Казакстанда төрт миңдей террорчу кармалганын жергиликтүү “Власть” гезити Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме кылып жазды. Маалыматка караганда, террорчулардын көбү Алматыда кармалган. “Казакстанда 4000дей террорчу кармалды, кармалгандар көбү Алматыда”,-деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, тазалоо операциясынын жүрүшүндө “100дөн ашуун адамдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганы” белгиленет. Ички иштер министрлиги билдиргендей, кармалгандар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2-январда башталып, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Кийинчерээк нааразылык акциялары…

Прочитайте больше

Казакстанда мародёрлер ишкерлерге 200 миллион долларга жакын чыгым келтирген

Казакстанда мародёрлер ишкерлерге 200 миллион долларга жакын чыгым келтирген

Казакстанда мародёрлер ишкерлерге канча чыгым келтиргени белгилүү болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, тополоңдун натыйжасында бизнес объектилерине келтирилген зыян эсептелип чыгып, мародёрлор 200 миллион долларга жакын чыгым келтиргени аныкталды. Болжолу менен 500дөй ишкер жабыр тартканы айтылды. Келтирилген зыяндын көлөмү дагы такталууда. Маалыматта ыктыярчылар муктаж болгондорго гуманитардык жана психологиялык жардам көрсөтүшөрүн, бирок алар өлкөдөгү кырдаал турукташкандан кийин гана ишке киришери айтылды. Бул максаттарда борбордо атайын ыктыярчылардын бирдиктүү координациялык борбору түзүлгөн. Бүгүн, 8-январга карата…

Прочитайте больше

Le Monde: 2022-жылы дүйнөнүн үч аймагында согуш чыгышы мүмкүн

Le Monde: 2022-жылы дүйнөнүн үч аймагында согуш чыгышы мүмкүн

2022-жылы согуш башталышы мүмкүн болгон аймактар ​​аталды. Француз журналисти Ален Фрашон Le Monde гезитиндеги макаласында 2022-жылы куралдуу кагылыш чыгышы мүмкүн болгон аймактардын тизмесин түзгөн. Автордун айтымында, ошондой аймактардын бири Иран. Өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр бир аз жылыш менен кайра жанданды, бирок компромисс үчүн орун кыскаргандан кыскарып баратат. Ошондой эле, Тегеран келишимден бир тараптуу чыгып кеткен АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын саясатын унуткан жок, ошондуктан азыр алдын ала шарттарды коюп жатат. Бүгүнкү күндө Иран уранды байытуу деңгээли 60%га жеткирди, ал эми…

Прочитайте больше