Нур-Султанда 160тан ашуун чет өлкөлүк жаран полицияга жеткирилди

Нур-Султанда 160тан ашуун чет өлкөлүк жаран полицияга жеткирилди

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында 160тан ашуун чет элдик жаран шаарда мыйзамдуу жүргөндүгүн текшерүү үчүн полицияга жеткирилгенин полиция департаменти билдирди. Маалыматка караганда, полициянын участкалык инспекторлору ижарага алынган батирлерди, турак жайларды жана хостелдерди текшерип жатышат.“Чет өлкөлүк 161 жаран борбор калаада мыйзамдуу жүргөндүгүн текшерүү үчүн полицияга алынып келинди”, — деп айтылат Нур-Султан шаарынын полиция департаментинин Instagram баракчасында. Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2-январда башталып, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Кийинчерээк…

Прочитайте больше

Эксперттер: Казакстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн киргизилиши өлкөдөгү кырдаалды турукташтырды

Эксперттер: Казакстанга ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн киргизилиши өлкөдөгү кырдаалды турукташтырды

Бир учурда бир нече аскердик эксперттер Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечими республикадагы курчуп кеткен кырдаалды турукташтырууда чечүүчү роль ойноду деген ойду айтышты.   “Национальная оборона” журналынын башкы редактору Игорь Коротченко белгилегендей, ЖККУнун бейпилдик контингенти киргизилгенден кийин Казакстандын күч түзүмдөрү жана аскер кызматкерлери өлкөдө укук тартибин орнотуп, өлкө боюнча чыңалууну басаңдатууну камсыз кылды. Токаевдин өтүнүчү менен ЖККУнун бейпилдик күчтөрү Казакстанга жөнөтүлөт “Бул бейпилдик күчтөрүн киргизүү кырдаалды турукташтырууда маанилүү аскердик-саясий фактор болгонунан кабар берет”, –…

Прочитайте больше

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд куб метрден азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд куб метрден азайды

10-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. 859 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Ушул тапта суу сактагычка секундасына 138 куб метр суу агып кирсе, андан 547 куб метр суу агып чыгууда. Былтыр март айынын аягында «Токтогулда» суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет. 2021-жылдын 15-октябрынан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн…

Прочитайте больше

Алматыдагы башаламандыкта кыргыз жараны ок тийип каза болду

Алматыдагы башаламандыкта кыргыз жараны ок тийип каза болду

Алматыда орун алган башаламандыкта Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тастыктады. Элчинин айтымында, ал адам фитнес боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. “Анын өздүгүн кесиптештери жана достору тастыктады. Учурда Алматыдагы Башкы консулдук кырсыктын чоо-жайын тактоодо жана маркумдун жакындары менен байланышта болууда”, – деди Дюшекеев. Социалдык тармактарда каза болгон адам Азиз Мусаев болгон деген маалыматтар жарыяланууда. “Ал 6-январда Республика аянтынын жанында жашаган эжесинин үйүнө келе жатканда каза болгон. Анын жубайынын айтымында, Азиз саат 22.30да Cofferoomдун жанында…

Прочитайте больше

Нью-Йорктогу өрттөн 19 киши көз жумду

Нью-Йорктогу өрттөн 19 киши көз жумду

Нью-Йорк шаарынын Бронкс районундагы турак жайдан чыккан өрттөн өлгөндөрдүн саны 19 кишиге жетти, алардын ичинен тогузу балдар экени аныкталды. Шаардык өрт кызматынын башчысы аталган тилсиз жоону акыркы он жылдагы эң трагедиялуу окуя деп атады. Нью-Йорк мэринин башкы кеңешчиси Стефан Рингель курмандыктар жөнүндөгү маалыматты тастыктады. Шаардык администрациянын атын атабаган башка бир өкүлү Associated Press агенттигине балдар тууралуу кабарды ырастады. Рингель 50дөн ашуун адам ар кыл деңгээлде күйүк алганын, дагы 13 адамдын абалы оор экенин билдирди. Көбүнүн…

Прочитайте больше