АКШнын жашыруун кызматы: Биз Ирандын Трампка каршы коркутууларына олуттуу карайбыз

АКШнын жашыруун кызматы: Биз Ирандын Трампка каршы коркутууларына олуттуу карайбыз

АКШнын жашыруун кызматынын өкүлү Жастин Уилан: “Уюм өзүнүн коргоосу астындагыларга карата бардык коркунучтарга олуттуу карайт” деди жана АКШ расмийлери, Ирандын шейит Сулейманинин өлтүрүлүшүнүн күнөөкөрлөрүнөн өч алуу боюнча акыркы коркутууларына тынчсызданып жатканын кошумчалады.  Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын эң атактуу аскер кызматкери өлтүрүлгөндөн эки жыл өткөндөн кийин, АКШнын жашыруун кызматы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка жооп кайтаруу коркунучтарын көзөмөлдөөнү улантууда, деп билдирет Newsweek.  Newsweek басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын жашыруун кызматынын өкүлү Жастин Уилан басылмага “АКШнын…

Прочитайте больше

Вашингтон: Бириккен Араб Эмираттарынын коопсуздугу боюнча биздин милдеттенмебиз кынтыксыз

Вашингтон: Бириккен Араб Эмираттарынын коопсуздугу боюнча биздин милдеттенмебиз кынтыксыз

Йемендин Абу-Дабиге каршы операциясын айыптап, Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жана Мамлекеттик департаменттин өкүлү Вашингтондун БАЭнин коопсуздугу боюнча милдеттенмеси бекем экенин жана эмираттык өнөктөштөрүнүн жанында экенин айтты. Fars агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Йемен күчтөрүнүн Абу-Дабидеги эмираттык баскынчыларга каршы кеңири масштабдуу операциясы, дүйнөдөгү терроризмге эң чоң демөөрчү болгон Америка Кошмо Штаттарынын сынына кабылды. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирүүсүндө: “Кошмо Штаттар Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында үч карапайым адамдын өмүрүн…

Прочитайте больше

Беларусь аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган 4000дей качкын Иракка кайтарылды

Беларусь аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган 4000дей качкын Иракка кайтарылды

Беларусь аркылуу Европанын аймагына өтүүгө аракет кылган 4 миңдей ирактык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, Ирактын өкмөтү 18-ноябрдан бери ирактык жарандарды өз өлкөсүнө кайтаруу үчүн Беларустан Багдадга каттамдарды уюштурган. “Беларустун Польша, Литва жана Латвия менен чек араларында такалып турган 4 миңдей ирактык жаранды мекенине кайтардык”, – деп билдирди Хусейн. Ирактын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахмед ал-Сахаф кийинчерээк AFP агенттигине Ирактын 3817 жараны Беларустан,…

Прочитайте больше

БУУ дүйнөнү кийинки пандемияга даярданууга чакырды

БУУ дүйнөнү кийинки пандемияга даярданууга чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Дүйнөлүк экономикалык форумдун жүрүшүндө дүйнөнү кийинки пандемияга даярдык көрүүгө жана ДССУнун абоюн бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. “Биз мониторингге инвестиция жасоо менен кийинки пандемияга даярдык көрүшүбүз керек, ар бир өлкөдө ооруну эрте аныктап, тез реакция жасап, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аброюн бекемдөө зарыл”, — деди Гуттереш видео кайрылуусунда. Ал ошондой эле азыркы коронавирустук пандемия менен адилеттүү жана бирдей шартта күрөшүүгө чакырды. Гутерреш ДССУ буга чейин 2021-жылдын аягына чейин…

Прочитайте больше

Бишкекте мектептер карантинге жабыла баштады

Бишкекте мектептер карантинге жабыла баштады

Бишкекте 13 мектептин окуучуларынан жана мугалимдеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №18 жана №6чы мектептеринен коронавирус табылып, карантинге жабылды. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун нускамасы менен аталган мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү. Ошондой эле, №135чи бала бакча да толугу менен, №144чү бала бакчанын бир тайпасы жабылган. Белгилей кетсек, кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатат. Жуктуруу учурларынын саны күндөн-күнгө өсүүдө. 18-январга карата…

Прочитайте больше

Омикрондун адаттан тыш белгилери аталды: бело оруйт, көз чылпактайт

Омикрондун адаттан тыш белгилери аталды: бело оруйт, көз чылпактайт

Учурда Кыргызстанда да жайылып жаткан коронавирустун омикрон штаммынын дагы эки белгиси айтылды. Омикрон штаммы жуккан адамдын бели да оорушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусиялык эмгек сиңирген дарыгер, мануалдык терапевт Андрей Кабычкин билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Ал бел, арка жактар башка илдет учурунда да адамдын тынчын алышы мүмкүн экенин, бирок бул “омикрон” штаммын жуктуруп алган учурдун да белгиси экендигин айтты. Дарыгер ошол эле учурда аталган илдеттин себептери көп болушу мүмкүндүгүн, медициналык жактан текшерүү гана эмнеден болуп жаткандыгын аныктай…

Прочитайте больше

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстанда Борбор Азиядагы алгачкы учкучсуз учуучу аскердик аппарат жасалды (видео)

Өзбекстан учкучсуз учуучу аскердик аппараттарды чыгарууну өздөштүрдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. “Коргонуу өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитеттин алдында учкучсуз учуучу авиациялык комплекстерди өндүргөн илимий борбор түзүлгөн. Бул борбор эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп берген “Лочин” аталышындагы учкучсуз аппараттарды чыгара баштады”, — деп айтылат Мамлекеттик комитеттин маалыматында. Ошентип Өзбекстан учкучсуз аппараттарды чыгарган Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүн кубаттуулугу ачыкталбай турганы айтылды. Аппараттардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана өндүрүштүк кубаттуулугу…

Прочитайте больше