Иран президенти Мехрабад аэропортунда Москвага баргандан кийин: Биздин саясат Кытай жана Орусия менен кызматташууну бекемдөө.

Иран президенти Мехрабад аэропортунда Москвага баргандан кийин: Биздин саясат Кытай жана Орусия менен кызматташууну бекемдөө.

Путин менен 3 саат ар кандай маселелер боюнча сүйлөшүп, жакшы макулдашууларга жетиштик. Биринчи кадамда эки өлкөнүн соода деңгээлин 10 миллиард долларга көтөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле эки өлкөнүн айыл чарба продукциясын жогорку деңгээлде өнүктүрүү чечими кабыл алынды. Биз ошондой эле өнөр жай, коргонуу кызматташтыгы, аэрокосмостук жана космостук кызматташтык тармагындагы мамилелерди өнүктүрөбүз.

Прочитайте больше

«Омикрондон» сактануу үчүн кандай беткап тагыныш керек? Жооп

«Омикрондон» сактануу үчүн кандай беткап тагыныш керек? Жооп

Коронавирустун «омикрон» штаммынан сактанууда бардык эле беткаптар натыйжалуу боло бербейт. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Штабдан билдиришкендей, сактоочу беткаптарды тагынуу зарылдыгын эч ким жокко чыгара элек жана алардын пайдасы олуттуу бойдон турат. Сактоочу беткапты туура тандоо өтө маанилүү! Кездеме беткаптар: мурдагы штаммдар үчүн кандайдыр бир деңгээлде (Ухань, Британ ж.б.) таасирдүү болчу, «дельта» штаммынын алдында алар начар чыпкалай турганы белгилүү болду. Булар медициналык беткаптарга салыштырмалуу кыйла начар. Медициналык беткаптар: кыйла натыйжалуу сактайт, анткени алар атайын материал – вирустарга…

Прочитайте больше

Филиппиндин жээктеринде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Филиппиндин жээктеринде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду

Бул тууралуу АКШнын геологиялык кызматы билдиргенин чет элдик маалымат каражаттар жазышты. Жер титирөө координацияланган универсалдуу убакыт боюнча саат 02.26да катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Сарангаи муниципалитетинен 231 чакырым түштүк-чыгышта, очогу 24 чакырым тереңдикте жайгашкан. Азырынча мүмкүн болгон курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат берилле элек.

Прочитайте больше

Иран Орусия менен Бушердеги АЭСтин жаңы блокторун курууну талкуулап жатат

Иран Орусия менен Бушердеги АЭСтин жаңы блокторун курууну талкуулап жатат

Иран Орусия менен Бушерде атомдук электр станциясынын жаңы блокторун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Press TV телеканалы Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун өкүлү Бехруз Камалвандиге шилтеме берүү менен кабарлады. “Тегеран менен Москва Бушердеги АЭСте жаңы блокторду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө. Камалвандинин айтымында, бул долбоор Ирандын атомдук энергияны колдонуу аркылуу кеминде он миң мегаватт электр энергиясын өндүрүү планына ылайык келет. “Жакынкы келечекте жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн делегация алмашууну күтөбүз”, –…

Прочитайте больше

Сауд коалициясынын авиасоккусунан Йеменде 70 киши набыт болду

Сауд коалициясынын авиасоккусунан Йеменде 70 киши набыт болду

Сауд Аравия баштаган эл аралык коалициянын аба күчтөрү Йемендин Саада шаарындагы  хуситтер  көзөмөлдөгөн түрмөгө абадан сокку уруп, натыйжада ондогон адамдар набыт болду. Бул тууралуу йемендик “Аль-Масира” телеканалы Саада провинциясынын бийликтерине таянуу менен билдирди. “Ооруканалар каза болгондор менен жарадарларга толуп калды, дары-дармектер жетишсиз болууда”, – деп айтылат провинциянын өкмөтүнүн билдирүүсүндө. Алдын ала маалыматтарга караганда, аба соккусунан 70 адам каза болуп, дагы 138и жаракат алган. Провинциянын бийлиги түрмөгө жасалган соккудан жарадар болгондор үчүн кан тапшыруу өтүнүчү менен…

Прочитайте больше

Коронавирустун белгилерин териден да байкоого болот

Коронавирустун белгилерин териден да байкоого болот

Коронавирус тери ооруларын күчөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык врач-онкодерматолог Екатерина Вертиева билдиргенин маалымат каражаттары жазышты. Адис “омикрон” же “дельта” сыяктуу коронавирустун ар кандай штаммдарында бирдей дерматологиялык симптомдор байкалганын айтты. “Коронавирус учурунда бизде эң көп кездешкен бул – уулуу эритема болду. Бул териде кеңири жайылган көк тактардын пайда болушу. Ооздун былжыр челинин жабыркашы же башкача айтканда, ооздо ыйлаакчалар да пайда болушу мүмкүн. Бирок, бул сейрек кездешет. Негизинен териде көк түстөгү тактар пайда болду”, – деди Вертиева. Ошондой эле,…

Прочитайте больше