Окумуштуулар: Жакынкы жылдарда миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн

Окумуштуулар: Жакынкы жылдарда миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн

Окумуштуулар жакынкы жылдарда дүйнөдө миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн экенин эскертишти. Бул тууралуу Лондон университеттик колледжинин адистери иликтөө жүргүзшкөнүн чет элдик  басылмалар жазды. Окумуштуулардын айтымында, 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда көбүрөөк болуп жатат. Мындай бүтүмгө келүү үчүн UK Biobank Eye жана Vision Consortium окумуштуулар тобунун адистери 100 миңден ашык британиялыктын офтальмологиялык маалыматтарын текшерип көрүшкөн. Адистердин 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда…

Прочитайте больше

Президент Жапаров Кытайга иш сапар менен барат

Президент Жапаров Кытайга иш сапар менен барат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытайда боло турган иш сапарына байланыштуу жана эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгынан улам аралыктан иштөө режимине өттү. Буга карабай ал толук иш графиги боюнча иштөөсүн улантат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 3-5-февралга белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 426 адамдан жаңы аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү…

Прочитайте больше

Сирияда күрд күчтөрү менен ИМ тобунун кагылышуусунан кеминде 120 киши өлдү

Сирияда күрд күчтөрү менен ИМ тобунун кагылышуусунан кеминде 120 киши өлдү

АКШ колдоо көрөткөн “Сириянын демократиялык күчтөрү” (SDF) менен бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун жоочулары Сириянын түндүк-батышындагы Эл-Хасака шаарында салгылашып, кеминде 120 киши өлдү. “Аль-Арабия” телеканалы маалымдагандай, SDF америкалык аскерлердин колдоосу менен Эль-Хасактагы түрмөгө чабуул жасаган. Ал абакта 3,5 миңдей киши кармалып турат, алардын арасында ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышкан жалданма жоочулар да бар. 23-январда айрым ЖМКлар күрд аскердик бирикмеси АКШнын жардамы менен түрмөнү көзөмөлгө алганын жазышты. Сирияда президенттик шайлоо…

Прочитайте больше

Стамбулда калың кардан тыгындар пайда болуп, аэропорт жабылды

Стамбулда калың кардан тыгындар пайда болуп, аэропорт жабылды

Стамбулга калың кар жаап, Түрк аба жолдору Стамбул аэропортунан каттамдарды убактылуу токтотту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Синоптиктер Стамбулдун жашоочулары үчүн аба ырайынын начар болорун бир күн мурун эскерткен. Айрыкча шаардын батыш жана түндүк аймактарында кар калың жааган. Маалыматка караганда, жолдордо эбегейсиз тыгындар пайда болуп, адамдар унааларын жол жээгине таштап, жөө басууга аргасыз болушкан. Метродо жөө адамдардын агымынан улам тыгын пайда болгон жана кээ бир автобус каттамдары эртең таңга чейин токтотулган.

Прочитайте больше

ӨКМга дрондор, тик учактар жана жүк ташуучу учактар сатылып алынат

ӨКМга дрондор, тик учактар жана жүк ташуучу учактар сатылып алынат

Министрлер кабинети Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн авиациялык техникаларды жана учактарды сатып алууну пландаштырууда. Бул тууралуу мурда бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында жазылган. Анда өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүү үчүн авиациялык техника зарыл экени белгиленген. Тактап айтканда, жаңы тик учактар жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактардагы өрттөрдү өчүрүүгө жана жүктөрдү ташууга керек. Бирок, азырынча канча санда сатылып алынары белгисиз. Министрлер кабинети санитардык авиация үчүн жана куткаруучуларды өзгөчө кырдаал аймактарына…

Прочитайте больше