Байден «Талибан» өкмөтүн кандай шартта тааный турганын билдирди

Байден «Талибан» өкмөтүн кандай шартта тааный турганын билдирди

АКШнын президенти Жо Байден  «Талибандын» бийлигин таануу үчүн шарт койду. Ал 2020-жылы Ооганстанда туткунга алынган америкалык деңиз флотунун ардагери Марк Фрериксти бошотууну талап кылып, андан кийин гана талиптердин бийлигин мыйзамдаштыруу тууралуу талкуу башталышы мүмкүн экенин айтты. Мындай маалымат АКШ президентинин сайтында жарыяланганын маалымат каражаттары жазышты. «Талибан» кыймылынын мыйзамдуулукка умтулуусун карап чыгуудан мурун Маркты дароо бошотуулары кажет. Ансыз алар менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес», – деген Байден. Маалыматка караганда, Фрерикс 2020-жылдын февраль айынын башында Кабулда дайынсыз жоголгон. Ал Ооганстанда инженер-куруучу болуп…

Прочитайте больше

ЖКнын депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдошот

ЖКнын депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдошот

Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдошот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматта аталган кайрылуунун долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинде колдоо тапканы айтылат. Депутаттын айтымында, аталган долбоорду күн тартибине киргизип, жалпы депутаттардын колдоосу керек. Эскерте кетсек, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында дагы жаңжал чыгып, Кыргызстан тараптан 14 аскер жаракат алган. Ал эми кыргыз тараптын материалдык чыгымы алдын ала эсептөөлөр боюнча 3 млн. сом деп бааланууда. Тажикстандын жарандары жана аскер кызматкерлеринин чагымчылдык…

Прочитайте больше

Министрлер Кабинети энергетика тармагына чет элдик инвесторлорду тартуу аракетин көрүүдө

Министрлер Кабинети энергетика тармагына чет элдик инвесторлорду тартуу аракетин көрүүдө

Министрлер Кабинетинде Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу жана бир катар энергетикалык объектилерди реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Анда Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорлору тууралуу кеп жүрдү. Министрлер Кабинети улуттук энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча бардык кызыкдар инвесторлор, өнөктөштөр жана эл аралык каржы…

Прочитайте больше

Ооганстанда аялдар жетекчилик кызматка дайындала баштады

Ооганстанда аялдар жетекчилик кызматка дайындала баштады

Ооганстанда «Талибан» кыймылы бийликке келгенден бери биринчи жолу Кабулда аялдар жетекчилик кызматтарга дайындала баштады. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат жана маданият министринин орун басары Забихулла Мужахид «Твиттердеги» баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты. «Талибан» өкмөтүнүн төрагасынын буйругу менен доктор Малалай Рахим «Малалай» адистештирилген төрөт үйүнүн директору жана Жогорку билим берүү министрлигинин сунушу менен доктор Ариан Шахрор кварталындагы гинекологиялык клиниканын директору болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта. Аялдарды жетекчилик кызматтарга дайындоо боюнча чечим «Талибан» өкмөтү менен эл аралык уюмдардын көптөгөн жолугушууларынын жыйынтыгынан кийин…

Прочитайте больше