Орусия менен Батыштын тиреши согушка алып барабы?

Орусия менен Батыштын мамилеси чыңалгандан чыңалып баратат.

Ага Орусия Украинага кол салат деген кооптонуу негиз болууда. Тараптар муну кызыл чекке жетип калганын айтып, эгер абал көзөмөлдөн чыгып кетсе, кесепети оору болоорун эскертип жатышат. Азыр тараптардын сүйлөшүүсүнөн натыйжалуу жыйынтык чыкпагандыктан, ЖМКлар аркылуу маалыматтык согуштан сырткары, өз ара ишенбөөчүлүк менен дипломатиялык мамиледеги кыр көрсөтүүгө чейин жетүүдө.

Февралдын башында Украинанын президенти Володимир Зеленский элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган кайрылуу жасап, дүйнө лидерлери Орусиянын кол салуусун болтурбоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди. Зеленскийдин элди дүрбөлөңгө түшпөгүлө дегенинде бир мандем барбы деген ой туулат. Анткени кандайдыр бир иште элди тынчтандыруу үчүн кооптонбоого чакырып, абал биздин көзөмөлдө деп калат. Анткени буга бейин НАТО, ЕККУ жана Америка Орусияны Украинанын чек арасына 100 миң аскерин алып келгенин айыптап, кол салууга даярдык көрүүдө деген. Мындай маалыматтар айтылып жатканда, Зеленский да алдыдагы 3 жылда Украина аскерлеринин санын 100 миңге жеткире турганы боюнча буйрук чыгарганын айтып, аскер адамдарынын айлыктарын көтөргөнүн жарыялады.

Кошмо Штаттар жакында Чыгыш Европа жана НАТО өлкөлөрүнө аз сандагы аскер жибере турганын АКШ президенти Жо Байден 28-январда жарыялады. Буга Украинанын чек арасына жакын жерде орусиялык аскерлердин топтолушу негиз берип жатканын кошумчалаган. Аз санда дегени менен так саны айтылган жок, бирок январдын аягында АКШ 8500дөй америкалык аскерди күжүрмөн даярдыкка келтиргени кабарланган эле.

Буга чейин НАТО, ЕККУ, АКШ өкүлдөрү Орусия менен 3 жолу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү менен тараптар бир пикирге келе алышкан эмес. 1-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Орусияны Украинага жакын аймактан аскерлерин чыгарып кетүүгө дагы бир ирет чакырды. Ал Украинанын аймагына кирүүнүн арты олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертти.

Буга чейин айрым батыш мамлекеттери Украинадагы бир канча дипломаттарын чыгарып кетишкен. Январдын аягында Канаданын бийлиги да Киевдеги элчилигинин айрым дипломанттарын чыгарып кетерин билдирди. Алар муну Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу күчөп баратканы менен түшүндүргөн.

Ошентип Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинага каршы согуш ачууга аскердик жактан даяр экенин айтып, аларды айыптап жатат. Бирок орус тарап кол салуу ниети жок экенин айтканы менен 25-январда Украинага жакын аймакта аскердик машыгууларын өткөрүүнү көбөйттү. Буга чейин Орусия Беларусиядагы аскердик базасын чыңдап жатканы да кабарланган. Жакында С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди жибергени да маалым болду. Ал жакта «Өнөктөштүк чечкиндүүлүгү» деген аскердик машыгууларды өткөрүүнү пландаган.

Дегеле Батыштын айыптоолоруна эмне себеп болууда? Бул чыңалуу эмнеден чыгып атат? Ушул маселеге токтолобуз. Орусия менен Украинанын саясий мамилеси үзүлгөндөн кийин Киев Батышка ыктап, Москванын жаңсоосун укпай койду. НАТОго мүчө болуу маселеси каралгандан кийин Орусиянын каршылыгы күчөп кетти. Эгер аталган аскердик алянска мүчө кылып кабыл алынса, уюмдун чек арасы кеңейип, Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратат дешкен. Ошондуктан АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып келет.

Азыр Орусия мурдагы койгон талаптарында бекем турат. Алардын эң негизгилери: “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптар. Орусиянын НАТОнун аймагы “чыгышка карай кеңейбеши керек” дегени – бул, Украинанын бул уюмга кирбесин деген каршылыгы экенин айтышат.

Даярдаган: А. Каракозуев.

Комментарий жиберүү