Орусиянын Сахалин аймагындагы Эбеко жанар тоосунда чоң жарылуу болду. Жанар тоодон атылган күл жана түтүн метрлеген бийиктикке жеткени белгиленди. 2021-жылдын ноябрында жанар тоонун акыркы атылышында күл 3,5 километр бийиктикке жеткен.
Прочитайте большеDay: February 7, 2022
Эрдоган: «Түркия лидерлердин (Путин менен Зеленский) жолугушуусун өткөрүүгө даяр»
Кол коюу аземинен кийин президент Эрдоган менен Зеленский маалымат жыйын өткөрүштү. Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусун өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Зеленскийдин чакыруусу менен Түркия менен Украинанын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин онунчу жыйынына катышуу үчүн Украинанын борбор шаары Киевге барган президент Эрдоган Маринский сарайында Зеленский менен жолугушту. Лидерлердин жекеме-жеке жолугушуусунан кийин Түркия менен Украинанын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйындан соң эки өлкөнүн…
Прочитайте большеТоктогул ГЭСинде суу 8,8 млрд куб метрге чейин азайды
Бүгүн, 7-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 млрд 840 млн. куб. метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 132 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 456 куб метрге жетүүдө. Эскерте кетсек, 2021-жылы Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жеткен. Апрель айында ГЭСтеги суунун көлөмү 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөгөн. Эксперттер суу сактагычта 6,5 млрд. кубометр суу калганда ГЭСти иштетүү опурталдуу…
Прочитайте большеКытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр
Кытай Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга даяр экенин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кечээ, 6-февралда, Пекин шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди. Си Цзиньпин ошондой эле кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияны импорттоого даярдыгын билдирди. Ал кошумчалагандай, Кытай Кыргызстан үчүн ишенимдүү дос жана коңшу болуп келген жана болуп кала берет, эки элдин жыргалчылыгы үчүн байланыштар мындан ары да чыңдаларына ишенет. Си Цзиньпин коронавируска каршы чараларды кабыл алууну эске алуу менен аба каттамдарын этап-этабы менен калыбына келтирүү…
Прочитайте больше