Азирети Али алейхиссаламдан кымбат баалуу 40 хадис

Азирети Али алейхиссаламдан кымбат баалуу 40 хадис

1. Амийраль муъминийн Азирети Али алейхиссалам буюруду: Беш убакытты дуба жана тилек тилөөгө баалагыла: Куран окууда, азан убагында, жамгыр жааганда, Аллах жолунда согуш жана жихадда, Кордук көргөндүн кыйналганында – бул мезгилдерде дуба кабыл алынуусуна тоскоолдук жок. 2. Илим – баалуу мурас, адеп – кооз жасалга, ой жүгүртүү – тунук дин, кечирим суроо – боорукердин эскертүүсү. Ал эми адептүү болууң үчүн өзүң жактырбаганды башкаларга ыраа көрбөгөнүң. 3. Ак жана акыйкат качан болсо да, канча убакыт өтсө…

Прочитайте больше

С. Жапаров Ирандын Президенти Э. Раисини Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгы менен куттуктады

С. Жапаров Ирандын Президенти Э. Раисини Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ислам революциясынын жеңишинин 43 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. Кыргызстандын мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Иран элин жана Сизди Ислам революциясынын жеңишинин 43-жылдыгы менен куттуктайм! Кыргыз Республикасы  Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделип, өнүгө берет деп терең ишенем. Кыргызстан Иран менен…

Прочитайте больше

Сегиз жолу вакцина алган Жириновский коронавирус менен оор абалда ооруканада жатат

Сегиз жолу вакцина алган Жириновский коронавирус менен оор абалда ооруканада жатат

Орусиянын “ЛДПР” фракциясынын лидери Владимир Жириновскийден COVID-19 аныкталып, Борбордук клиникалык ооруканага жаткырылды. Мындай маалыматты “Интерфакс” жазды. “Владимир Вольфович азыр коронавирус менен Борбордук клиникалык ооруканада жатат”, — деп айтылат маалыматта. Агенттиктин маалыматчысынын айтымында, анын өпкөсүнүн олуттуу пайызы жабыркаган. Мамлекеттик Думадагы партия лидеринин орун басары Василий Власов Жириновскийдин ден соолугу тууралуу суроого жооп берип жатып, саясатчы өзүн канааттандырарлык сезип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, Жириновский көптөн бери ар кандай, анын ичинде коомдук иш-чараларга катышпай калганы айтылат. Ошондой эле, ал ЛДПР фракциясынын онлайн…

Прочитайте больше

«Талибан» миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт

«Талибан» миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт

“Талибан” кыймылы миңдеген аскерлерин жана техникасын Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт. Бул тууралуу талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан куралуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Фасихуддин Фитрат билдирди. “Талибандын” расмий өкүлү АКШнын системалары жана НАТОнун жаңы технологиялары менен куралданган 10 миңдей аскерден турган армия Ооганстандын түндүк-чыгышында кандай гана куралдуу аракеттер болбосун чара көрөрүн айтты. Фитрат чукул арада “бул кубаттуу күчтү” колдой турган согуштук учактар даяр болорун кошумчалады. Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясы Өзбекстан, ал эми Кундуз, Тохар жана Бадахшан провинциялары…

Прочитайте больше

Бишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленди (фото)

Бишкектеги Иран элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы белгиленди (фото)

11-февралда Ирандын Бишкектеги элчилигинде Ислам революциясынын 43 жылдыгы салтанатуу белгиленди. Бул дата Иран менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына туш келди. Иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн дипломаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жогорку окуу жайлардын ректорлору, журналисттер катышты.

Прочитайте больше

Ирандагы Ислам ыңкылабына 43 жыл. Сүрөттөр

Ирандагы Ислам ыңкылабына 43 жыл. Сүрөттөр

11-февралда Иран Ислам Ыңкылабынын жеңишинин 43 жылдыгы бүтүндөй өлкө аймагында массалык түрдө өзгөчө шаңдуу белгиленди. Жума күнү Ирандын бардык провинциялары менен шаарларынын борбордук көчөлөрү элге жык толуп, майрамдык маанай сезилди. Миңдеген адамдар Ирандын желегин колго алышып, өлкөнүн Ислам өкмөтүн колдой тургандыктарын жана душмандарга каршы бирдиктүү турушаарын көрсөтүштү. Мындан 43 жыл мурда, 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын  негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда (22-бахман) Иран…

Прочитайте больше