Имам Алиден (а.с) хадистер

Имам Алиден (а.с) хадистер

 Адамга жаңы күн кирип келип, мындай дейт: мен жаңы күнмүн, сенин амалдарыңа жана сөздөрүңө күбө болом. Жакшы жана пайдалуу сөз сүйлөп, жакшы амалдарды кылууга аракет кыл. Мен кыяматта сенин амалдарың менен сөздөрүңө күбө болом. Бүгүнкү күн да аягына жетип, мени кайра көрө албай жана ордун толтура албасыңды бил.  Баланын ооруганы, ата- энесинин күнөөлөрү үчүн жооп бергени.  Мейиз, кара киш миш жемек, жүрөктү кубаттап, ооруларды айыктырат. Денин табын төмөндөтүп, көңүлдү тазартат.  Балдарыңарга анар жегизгиле, тили так…

Прочитайте больше

НАСА биринчи жолу башка планетадан ракета учурат

НАСА биринчи жолу башка планетадан ракета учурат

НАСА америкалык учак чыгаруучу Lockheed Martin корпорациясы менен Марстан Жерге жеткирүүгө жардам бере турган Mars Ascent Vehicle ракетасын иштеп чыгуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу НАСАнын басма сөз кызматына шилтеме берип UNN агенттиги жазды. Космостук аппаратты учуруу 2026-жылга пландалып, долбоордун баасы 194 миллион долларга бааланган. Маалыматта НАСА мындай кадам менен Марста жашоо барбы деген суроого жооп табары айтылат. Белгилей кетсек, Mars Ascent Vehicle башка планетадан учурулган биринчи ракета болот.

Прочитайте больше

Коронавирус боюнча расмий катталгандардын саны 200 миңден ашты

Коронавирус боюнча расмий катталгандардын саны 200 миңден ашты

Кыргызстанда акыркы 24 сааттын ичинде 46 адамдан коронавирус аныкталып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штаб билдирди. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери илдетти жуктургандардын расмий катталган жалпы саны 200 миң 66га жетти. Ал эми жалпы 2930 адам каза тапты. Акыркы суткада 236 адам илдеттен сакайып, жалпы айыккандар 192 миң 971 киши болду. Учурда илдеттен стационарларда 485 бейтап, үй шартында 2119 адам дарыланууда. Белгилей кетсек, январь айынын башында Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү…

Прочитайте больше

Украиналык олигархтар чартердик каттамдар менен массалык түрдө өлкөдөн чыгып кетишүүдө

Украиналык олигархтар чартердик каттамдар менен массалык түрдө өлкөдөн чыгып кетишүүдө

Украиналык бизнесмендер жана олигархтар чартердик каттамдар жана жеке учактар менен өлкөдөн кете башташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматка караганда, 13-февралда эле Украинадан 20га жакын каттам жасалган. «Украинская правда» жазган маалыматта өлкөдөн чыгып кеткендердин арасында оппозициялык платформа – “Өмүр үчүн” партиясынын депутаты, миллионер Игорь Абрамович дагы бар экени, ал 50 кишилик учакты жалдап чыгып кеткени айтылат. Бул учакта партия мүчөлөрүнүн жакындары, ошондой эле Абрамовичтин бизнес өнөктөштөрү дагы бар жана учак Киевден Венага учуп кеткен. Басылманын маалыматына…

Прочитайте больше

Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

2022-жылдын май айында Бишкек шаарында алгач ирет Евразия экономикалык форуму өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) министри Сергей Глазьев 12-февралда форумдун уюштурууну талкуулады. Бул “Азаттык” өкмөттүн басма сөз кызматына таянуу менен билдирди. Кожошев форумдун күн тартибине киргизүү боюнча Кыргызстандын сунуштарын айтты. Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастады. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, иш-чарага Кытай, Иран, Индия, Түркия, Сербия, Түштүк-Чыгыш Азия…

Прочитайте больше

Түркмөнстандагы президенттик шайлоого өлкө башчысынын уулу талапкерлигин койду

Түркмөнстандагы президенттик шайлоого өлкө башчысынын уулу талапкерлигин койду

Түркмөнстанда президенттик шайлоого Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты. Мындай чечим Түркмөнстандын демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынган. Өлкөнүн учурдагы башчысы Гурбангулы Бердымухамедов аталган партиянын сунушу менен үч жолу өлкө президенти болуп шайланган. Маалыматка ылайык, Бердымухамедов 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында “жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин” билдирип, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин айткан. Андан кийин эле, 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилегени маалымдалды. Өлкө…

Прочитайте больше