Жо Байден Путинге Украинага басып кирүүнүн кесепеттери тууралуу эскертти

Жо Байден Путинге Украинага басып кирүүнүн кесепеттери тууралуу эскертти

АКШнын президенти Жо Байден орус лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинага басып кирүүнүн кесепеттери тууралуу эскертти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, мындай билдирүүнү АКШнын Ак үйү сайтына жарыялаган. “Президент Байден Орусия Украинага басып кирсе, АКШ союздаштары жана өнөктөштөрү менен бирге чечкиндүүлүк менен Орусияга катуу жооп кайтарарын ачык айтты”, – деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле, АКШ президенти шериктештери жана өнөктөштөрү менен макулдашып, дипломатияга даяр экенин, бирок “башка сценарийлерге” да даяр экенин баса белгилеген. Президент…

Прочитайте больше

Ирандын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын 50дөн ашуун инвестициялык долбоорлору көрсөтүлдү

Ирандын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын 50дөн ашуун инвестициялык долбоорлору көрсөтүлдү

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги Ирандын Альборз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Кыргызстандын экономикасынын күнү: соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” аттуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Аталган иш-чара 10-февралда Караж шаарында уюштурулду. Ага Кыргызстандын Ирандагы элчиси  Турдакун Сыдыков, Ирандын Альборз провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Пархам Резаи, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана кыргызстандык компаниялар менен кызматташууга кызыкдар ирандык ишкерлер катышты. Анын жүрүшүндө элчи Турдакун Сыдыков Ирандын Альборз провинциясынын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын…

Прочитайте больше

Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды

Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды

Баткен шаарында 15-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу жыйынтыкталды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөр 10-февралда башталган. Эки өлкөнүн өкүлдөрү тактала элек тилкелердеги чек ара сызыктары боюнча пикир алмашып, кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты. Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн….

Прочитайте больше

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков Ирандын элчиси менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков Ирандын элчиси менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кечээ, 15-февраль күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Ниязбеков кандай гана маселе болбосун ар дайым талкулоого ачыктыгы жана бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиги белгиленди. Өз кезегинде Саид Харази Иран тараптын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коопсуздукту камсыз кылууда жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи. Аны менен бирге Ирандын элчиси кыргыз тараптын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашууга кызыкчылыгын билдирди….

Прочитайте больше

Вирусолог: «Омикронго» каршы антителолор коронавирустун башка штаммдарынан начар коргойт

Вирусолог: «Омикронго» каршы антителолор коронавирустун башка штаммдарынан начар коргойт

Коронавирустун омикрон штамы менен байланышта табигый түрдө пайда болгон иммунитет COVID-19 козгогучунун башка варианттарынан коргонууга кепилдик бере албайт. Мындай пикирин орусиялык вирусолог, медицина илимдеринин доктору, Гамалея борборунун профессору Анатолий Альтштейн билдиргенин “Риа Новости” жазды. “Азыр омикронго каршы өндүрүлгөн антителолор мурунку штаммдарга каршы начар иштейт деген далилдер бар. Бизде “Delta” штаммы дагы эле бар, калгандары бул эпидемиянын өнүгүшүнө дээрлик эч кандай роль ойнобойт”, – деди дарыгер. Альтштейн белгилегендей, антителолордун иммундук коргоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү оорунун оордугуна жараша болушу…

Прочитайте больше