Азирети Алиден (а.с) кымбат баалуу хадистер

Азирети Алиден (а.с) кымбат баалуу хадистер

 Эгер, карыз суроодон алыс болсоңор, түнкүсүн ойлонткон көйгөйдөн, күндүзгү жемелерден оолак болосуңар. Кайсы бир аалым өз илимин акыйкатты баяндоодон башкалардан жашырса, кыяматта эң сасык жыт менен чыгып, бардык жандыктардын жек көрүүсүнө кабылат. Кандай болгон күндө да акыйкатты айт жана аны корго, такыбалар менен достукту жана байланышты улант, бузуку жана күнөөкөрлөрдөн алыс бол, мунафыктардан алыс бол, саткындар менен аралашпа. Азирети Али (а.с)  Имам Хасан (алайхис салам) аттуу уулуна насаат айтып жатып: «Сапарга чыгууну каалаардан мурда өзүнө…

Прочитайте больше

Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик окуу жайы жабылат

Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик окуу жайы жабылат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыларын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна маалымдады. Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын, алардын кожоюндарынын арасында “олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар” экенин айтты. “Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жерде абдан чоң акча бар. Бирок сапаты абдан начар болуп калды….

Прочитайте больше

Кыргызстандан Орусияга темир жол каттамдары жанданат

Кыргызстандан Орусияга темир жол каттамдары жанданат

21-февралдан тартып Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган туруктуу темир жол каттамдары аткарыла баштайт. Бул тууралуу 16-февралда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда кабыл алынды. Аталган поезд каттамдарынын жүргүнчүлөрүнөн коронавирус жок экенин ырастаган акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыктары же “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесине киргизилген эмделгендиги тууралуу сертификат талап кылынат. Кыргызстан коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында…

Прочитайте больше

Сирия: Израил ракеталык чабуулдарды жасады

Сирия: Израил ракеталык чабуулдарды жасады

Сирия армиясынын командачылыгы Израил Дамасктын түштүгүндөгү объектерге “жер-жер” ракеталары менен сокку урганын билдирди. Маалыматка ылайык, кол салуу бүгүн, бейшемби күнү болжолу менен саат 3төрдө болгон. Израил басып алган Голан бийиктиктеринин аймактарынан Дамасктын түштүгүндөгү Закия конушунун аймагындагы объекттерди көздөй бир нече жолу ракеталык чабуулдарды жасаган. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, материалдык чыгым келтирилгени айтылууда. Израилдин аскерлери буга чейин Сириядагы объекттерге бир нече жолу чабуул жасаган. Дамаск БУУнун Коопсуздук Кеңешине Тель-Авивге Сириянын эгемендигин системалуу түрдө бузууну токтотуу…

Прочитайте больше

Иранда «омикрон» штаммына каршы атайын вакцина жасалды

Иранда «омикрон» штаммына каршы атайын вакцина жасалды

Коронавирустук инфекциянын «омикрон» штаммынын кеңири жайылышына байланыштуу Ирандын “Barakat” фармацевтикалык компаниясынын адистери өздөрүнүн илимий байкоолоруна жана изилдөөлөрүнө таянып, жаңы штаммга каршы атайын вакцинанын үстүнөн иштеп чыгууну аякташты. “Омикронго” каршы вакцина жасоо иштери өлкөдө бул штамм пайда болгондон бир айдан кийин башталган. “Barakat” Иранда коронавируска каршы ата мекендик “COVIran Barakat” вакцинасын жасаган биринчи компания болуп саналат. Жаңы вакцина жаныбарларга сыналган. Адистердин айтымында, сыноолордун алдын ала жыйынтыктары жаңы вакцина “омикрондон” 100% коргой тургандыгын жана анын коопсуз экенин…

Прочитайте больше

БУУ адамзат үчүн негизги коркунучтарды атады

БУУ адамзат үчүн негизги коркунучтарды атады

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) эксперттери адамзатка коркунуч туудурган негизги коркунучтарды атады. Эксперттердин баяндамасы уюмдун сайтында жарыяланды. БУУ ири токойлордун өрттөнүшүн жана тирүү организмдердин, адамдардын тиричилик активдүүлүгүн бузуучу антропогендик ызы-чууларды адам баласы үчүн негизги коркунучтар деп тапты. Адистер бул кубулуштар жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна абдан зыянын тийгизерин билдиришти. Алар токойдогу өрттөн улам дарактар сыртка бөлүнүп чыккан парник газдарын жутуучулардан анын булагына айланарын, ал эми жалын, күйүктөр сууну булгап, мөңгүлөрдүн эришин шарттай турганын белгилешүүдө. Ал эми антропогендик…

Прочитайте больше

Украина 48 сааттын ичинде ЕККУда жыйын өткөрүүнү талап кылды

Украина 48 сааттын ичинде ЕККУда жыйын өткөрүүнү талап кылды

Украина чек арага жакын жерде “Москванын аракеттеринен” улам 48 сааттын ичинде ЕККУнун Туруктуу Кеңеши менен коопсуздук боюнча кызматташтык Форумунун биргелешкен жыйынын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттерде билдиргенин маалымат каражаттары жазышты. «Биз Вена документинин алкагындагы жыйынга катышуудан баш тарткан Орусиядан ачыктыкты талап кылууну улантабыз. Орусияны уюмга мүчө мамлекеттердин мыйзамдуу тынчсыздануусун эске алууга жана Украина менен чек арага жакын жердеги аскердик аракеттеринен улам келип чыккан чыңалууну басаңдатуу үчүн ЕККУнун куралдарын колдонууга дагы бир…

Прочитайте больше

Алматыга «согушкерлер» кайсы өлкөлөрдөн барганы айтылды

Алматыга «согушкерлер» кайсы өлкөлөрдөн барганы айтылды

Казакстандын “Акикат” коомдук комиссиясы январь айында Алматыга согушкерлер кайсы мамлекеттерден келгенин атады. Бул тууралуу Казакстандын КТК телеканалы билдирди. Белгилүү казак юристи Айман Умарова террорчулар келген конкреттүү өлкөлөрдү атады. Анын айтымында, алардын арасында Кытайдан, Өзбекстандан жана Сауд Арабиядан келгендер  болгон. “Акикат” коомдук комиссиясы январь окуясынан кийин Казакстандын көз карандысыз юристтери тарабынан түзүлгөн. Алар январь окуясы боюнча өздөрүнүн иликтөөсүн жүргүзүп жатышат. Алардын маалыматы боюнча, учурда Алматыда эле массалык баш аламандыкка катышкан деп кармалган 308 адам камакта. Алардын көбү күнөөсүн…

Прочитайте больше

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатындагы Петрополис шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам каза болгондордун саны 104кө жетти, алардын 8и балдар экенин G1 порталы билдирди. Буга чейин 94 киши каза болгону кабарланган. Табигый кырсыктан 50дөн ашык турак-жай кыйраган. Буга чейин жарандык коргонуу кызматтары 24 адамды куткарып калууга жетишкени маалымдалган. Дагы 35 адам дайынсыз болдон калууда. 15-январда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан жер көчкү жаралып, суу ташкындаган. Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудиу Каштру шаршемби күнү жабыркаган аймакка барган. Буга чейин ал маалымат…

Прочитайте больше