Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,3 млрд куб метрге чейин азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,3 млрд куб метрге чейин азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 22-фералга карата 8 млрд 339 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы жазды. Маалыматка караганда, суунун агып келиши секундасына 151 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 469 куб метрге жетүүдө. Эскерте кетсек, 2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык каатчылыкка кептелген. Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү…

Прочитайте больше

Путин Донецк жана Луганск Эл Републикаларынын көз карандысыздыгын таануу боюнча жарлыкка кол койду

Путин Донецк жана Луганск Эл Републикаларынын көз карандысыздыгын таануу боюнча жарлыкка кол койду

21-фералда Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Донецк жана Луганск Эл Республикаларын таануу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашты. Ошондой эле, Путин республикалардын жетекчилери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу тууралуу келишимдерге кол койду. Буга чейин, Орусиянын президенти Донбасстагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөнү маалымдалган. Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва…

Прочитайте больше

Украина Орусиядан Донбассты таануу чечимин жокко чыгарууну талап кылды

Украина Орусиядан Донбассты таануу чечимин жокко чыгарууну талап кылды

Украина Орусиядан өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасынын” көз карандысыздыгын  таануу боюнча чечимин жокко чыгарууну талап кылды. Ошондой эле Москва Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө кайтып келүүсүн талап кылат, деп билдирди Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица. “Биз Орусиядан Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу боюнча чечимин жокко чыгарууну, ошондой эле сүйлөшүү үстөлүнө кайтууну талап кылабыз. Биз Украинанын аймагына орусиялык кошумча оккупациялык күчтөрдү жайгаштыруу буйругун айыптайбыз”, – деди Кислица Коопсуздук кеңешинин…

Прочитайте больше

Иран президентинин Катарга болгон сапарынын алкагында бир топ келишимдерге кол коюлду

Иран президентинин Катарга болгон сапарынын алкагында бир топ келишимдерге кол коюлду

Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү Доха менен Тегерандын ортосундагы экономика, энергетика, каржы, транспорт жана туризм сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдерге кол коюшту. Доха шаарында Катар менен Ирандын бийлик өкүлдөрү Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен Ирандын президенти Ибрахим Раисинин катышуусунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту. Кол коюу аземин “Al Jazeera” телеканалы түз алып көрсөттү. Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бен Абдель Рахман Аль Тани менен Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан элчиликтердин консулдук…

Прочитайте больше

Жарым миллиард долларлык чыгым. Атлантика океанында 4000дей унаа жүктөлгөн кеме өрттөндү

Жарым миллиард долларлык чыгым. Атлантика океанында 4000дей унаа жүктөлгөн кеме өрттөндү

Португалиядагы Азор аралдарынын жээгинде Германиядан АКШга дээрлик 4000 даана кымбат баалуу унааларды ташып бара жаткан “Felicity Ace” жүк ташуучу кемеси өрттөнүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Куткаруучулар беш-алты күндөн бери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканы айтылууда. Өрттөлгөн унаалардын баасы жарым миллиард долларга жетиши мүмкүн. Кемеде Porsche, Audi жана Bentley маркасындагы кымбат баалуу чет элдик унаалар болгон. Маалыматтарга караганда, өрт электромобилдердин батареяларынан келип чыгышы мүмкүн экени болжолдонууда. Кемеге ээлик кылган Сингапурдагы “MOL Ship…

Прочитайте больше