Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөт

Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөт

Түштүк Осетиянын парламентинин спикери Алан Тадтаев жакын арада Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу Lenta.ru жазды. “Түштүк Осетия Республикасынын эли Орусияга кошулуу боюнча өз пикирин жакынкы аралыкта өтө турган референдумда билдирет”, – деди ал. Ошондой эле ал республиканын Орусия Федерациясына кошулууга толук негизи бар экенин, ага эч кандай мыйзамдык тоскоолдуктар жок экенин кошумчалады. Буга чейин республиканын президенти Анатолий Бибилов Түштүк Осетия республиканы Орусияга тез кошулушун уюштура аларын билдирген. Саясатчы Орусияга кошолуу “осетин элинин…

Прочитайте больше

Кытай Орусия менен энергетика тармагындагы соодада рубль же юанга өтүүнү четке какпайт

Кытай Орусия менен энергетика тармагындагы соодада рубль же юанга өтүүнү четке какпайт

Кытай компаниялары Орусия Федерациясы менен соодада өз валюталарын “тең жана өз ара пайдалуу негизде” активдүү колдонууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин ТАСС маалымдады. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пекин Орусия берген энергияны америкалык доллар менен эмес, рубль же юань менен төлөөгө даярбы деген суроого жооп берип жатып, “Эки тараптуу өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө рыноктун субъекттери өз муктаждыктарына ылайык валютаны тандай алат”, – деди. “Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү процессинде өзүнүн улуттук акча бирдигин…

Прочитайте больше

Балыкчыда өткөн «Калкан-2022» тактикалык машыгуусунан сүрөттөр

Балыкчыда өткөн «Калкан-2022» тактикалык машыгуусунан сүрөттөр

Бүгүн, 31-март Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында «Калкан-2022» атайын тактикалык машыгуусу болуп өттү. Машыгуунун жүрүшүнө президент президент, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров көз салды. «Калкан-2022» машыгуусунун негизги максаты — мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү  жок кылуу боюнча операцияларды даярдоо жана өткөрүү, аскерлерди башкаруу, өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана камсыздоонун бардык түрлөрү боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу. Машыгууда атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, зооттолгон «ТИГР» унааларын жана КР УКМК Чек ара кызматынын куралдануусундагы сокку уруучу…

Прочитайте больше

Йемендин Ансарулласы: Мунайзатты дүйнөлүк рынокко чыгаруу Сауд Арабиянын эмес, Йемендин колунда

Йемендин Ансарулласы: Мунайзатты дүйнөлүк рынокко чыгаруу Сауд Арабиянын эмес, Йемендин колунда

Мохаммед аль-Бахити Йемендин Арамкодогу соңку аскердик операциясына токтолуп, дүйнөлүк мунай базары эми Сауд Арабия менен БАЭнин колунда эмес, Йеменде экенин айтты. Ансаруллах кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммед ал-Бахити кечээ кечинде «Шека Аль-Маядинге» берген интервьюсунда Тель-Авивдеги баатырдык операцияны баскынчыларга билдирүү катары сыпаттады жана сионисттик режим коопсуздук деп аталган жалган жалаа издеп жатканын билдирди. Бул Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыктарына кызмат кыла турган жападан жалгыз натыйжалуу институт. Палестиналык операция бир гана Палестинада эмес, аймактагы тең салмактуулукту өзгөртөт,-деди ал….

Прочитайте больше

Украина-Россия келишимге карай…

Украина-Россия келишимге карай…

29-мартта Стамбулда Түркиянын ортомчулугу астында орус-украин делегациясынын сүйлөшүүсү болуп өттү. Анын жыйынтыгы боюнча, эки мамлекеттин кандай келишимге баратканын, кайсы тарап бул согушта эмнеге жетишкенин аңдап көрүүгө болот. Адегенде бул согушта Россиянын жеткишкендигине көңүл бурсак: Биринчиден, Россия Украинанын НАТОго мүчө болбошуна, нейтралдуу мамлекет болушуна, ядролук куралга умтулбашына жетишүү алдында турат. Украина буга макул. Экинчиден, ДНР жана ЛНР мурдагы облусттук аймактарын толук ээлеп, келечекте Крым сыяктуу Россиянын курамына кирүү жолунда калат. Украинанын жетишкендиги- украин мамлекети бул согушта…

Прочитайте больше

Daily Wire: Байдендин саясатынан улам АКШда ачарчылык күтүлүүдө

Daily Wire: Байдендин саясатынан улам АКШда ачарчылык күтүлүүдө

АКШ президенти Жо Байдендин саясатынан улам өлкө болуп көрбөгөндөй азык-түлүк кризисине кабылуу коркунучунда турат.  Мындай билдирүүнү “The Daily Wire” журналынын журналисти Майкл Ноулз жасады. Журналист Байден бийликте турганына 14 ай болгонун, бул убакыттын ичинде инфляция акыркы 40 жылдын эң жогорку чегине жетип, бензиндин баасы болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөнүн белгиледи. “Акыркы эки жылдын ичинде биз эч качан болбойт деп ойлогон нерсе чындыкка айланды. Бир сааттын ичинде эле толук бөгөттөөлөрдүн киргизилиши, чиркөөлөрнүн жабылышы, федералдык өкмөттүн талабы боюнча беткап кийүү режими, экономиканын токтошу, …

Прочитайте больше

Бул күндөрдө биз күбө болуп жаткан Имам Махдинин келүү алдындагы абдан маанилүү окуялар

Бул күндөрдө биз күбө болуп жаткан Имам Махдинин келүү алдындагы абдан маанилүү окуялар

  Йемендеги Адилеттин Келечеги үчүн Кыймылдын Башкы катчысы Сайид Хасан Аль-Эмад мындай деди: Имам Махдинин келүү риваяттарынан жана Имамдын планынан кабары жоктор Сауд Аравиясы, Израил, Британия жана Американын Йеменге эмне үчүн кол салып жатканын түшүнүшпөйт. Диний китептерибизге кайтуубуз керек. Тилекке каршы, душмандар бизге караганда диний китептерди, Махдави риваяттарын жана келүүгө болгон белгилерди жана даярдыктарды көбүрөөк окушат. Душман китептерибизди текшерип, даярдыктары даяр болмоюнча Имам Махди келбей турганын түшүндү! Анын киришүүсү эмне? Хорасани желеги, Йемен желеги… Эй ирандыктар,…

Прочитайте больше

Кимде ушул үч нерсе бар болсо

Кимде ушул үч нерсе бар болсо

Суроо: Башыбызга келген кыйынчылыктарга жана балээлерге сабыр кылуу керекпи, күнөөлөрүбүзгө каффарат болобу? ЖООП: Шакик-и Балхи хазреттери: “Кыйынчылыкка сабыр кылууга бериле турчу сыйлыкты билген адам кыйынчылыктан кутулууну каалабайт”, – деп буюрган. Кыйынчылыктарга жооп катары бериле турчу ниматтарды эстеп кыйынчылыкты жеңилдетүүгө болот. Чындыгында, Аллаху тааланы сүйгөндөр көптөгөн азаптарга чыдашкан, жада калса, ал азаптарды сезишкен да эмес, Сыррыйи Секати хазретлери айтат: “Аллаху тааланы сүйгөн адамдар Андан келген кыйынчылыктардын азабын сезишпейт. Бир эмес жетимиш кылыч урулса да анын азабын…

Прочитайте больше

2022-жылдагы садака-фитирдин өлчөмү

2022-жылдагы садака-фитирдин өлчөмү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө боюнча 2022-жылга карата садака-фитирдин баасын бекитти. Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Прочитайте больше

Армения менен Азербайжан кайрадан бири-бирин чагымчылдыкка айыпташты

Армения менен Азербайжан кайрадан бири-бирин чагымчылдыкка айыпташты

Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылыкка айыптап, Тоолуу Карабах Республикасында аскердик абал киргизилди. Армениянын Коргоо министрлиги 24-мартта Азербайжандын куралдуу күчтөрү Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти убактылуу жайгашкан Парух (Фарух) айылын басып алганын билдирди. “Тоолуу Карабахтын коргонуу армиясынын бөлүктөрү өзүнө жүктөлгөн күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, душманга каршы туруу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Карабахта жайгашкан Орусиянын тынчтык коргонуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн аракеттерине карабастан, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тилекке каршы, азырынча жыйынтык бере элек”, – деп айтылат билдирүүдө. Өз кезегинде…

Прочитайте больше

Кремль: Орусия Европага газды бекер бербейт

Кремль: Орусия Европага газды бекер бербейт

Орусия кайрымдуулук кылып, Европаны жаратылыш газы менен бекер камсыз кылууну көздөбөйт, Москва эгер Евробиримдик газга рубль менен төлөөдөн баш тартса, кырдаалды изилдеп, андан аркы чечимдерди кабыл алат. Бул тууралуу 28-мартта Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков америкалык PBS телекомпаниясынын эфиринде билдирди. “Алар бул мүмкүнчүлүктөн баш тыртышса эмне болорун билбейм. Акыркы чечимди билээрибиз менен эмне кылса болорун изилдейбиз. Бирок, албетте, бул жаатта кайрымдуулук кылып, Батыш Европага газды бекер жөнөтпөйбүз”, – деди орус лидеринин расмий өкүлү. “Төлөм жок…

Прочитайте больше

Орусия менен Украинанын делегациялары Стамбулдагы Долмабахче сарайына келишти (видео)

Орусия менен Украинанын делегациялары Стамбулдагы Долмабахче сарайына келишти (видео)

Орусиянын делегациясы Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Стамбулдагы Долмабахче сарайына келгенин РИА Новостиге дипломатиялык чөйрөлөрдөгү булак билдирди. Буга чейин бул жерге украиналык делегация келген. Делегациялардын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сөз сүйлөдү. “Сүйлөшүүлөр бүткүл дүйнөгө үмүт берди. Чыр-чатактын созулушу эч кимге пайда алып келбейт. Согушта жеңүүчү болбойт. Сүйлөшүүлөр натыйжа бере турган учур келди. Түркияда биз муну чын жүрөктөн каалайбыз жана жардам берүүгө даярбыз”, – деди Эрдоган. Эске салсак, делегациялардын алгачкы сүйлөшүүлөрү 28-февралда Беларустун Гомель…

Прочитайте больше

Роспотребнадзор: Дүйнөдө АКШ каржылаган 300дөн ашык биолабораториялар бар

Роспотребнадзор: Дүйнөдө АКШ каржылаган 300дөн ашык биолабораториялар бар

Дүйнөдө АКШ каржылаган биологиялык лабораториялардын саны 300дөн ашат. Бул тууралуу Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова жугуштуу оорулар боюнча жылдык конгресс учурунда билдирди. Анын айтымында, бул тизмеге аскердик да жарандык да лабораториялар кирет. “Бүгүнкү күндө АКШнын аскердик лабораториялары андан да көп, слайд даярдалып жатканда алардын саны 200 болсо, бүгүн 300дөн ашты”, — деген Попованын сөзүн РИА Новости жазды. Ошол эле учурда ал өлкөлөр коронавирус пандемиясынын фонунда жаңы объектилерди…

Прочитайте больше

Британиялык эксперт: Европа санкциялардын кесепеттери жөнүндө ойлонгон эмес

Британиялык эксперт: Европа санкциялардын кесепеттери жөнүндө ойлонгон эмес

Европа өлкөлөрү, атап айтканда, Улуу Британия антиорусиялык санкциялардын кесепеттери өздөрүнө тийери жөнүндө ойлонушкан эмес. Мындай билдирүүнү Улуу Британиялык саясий баяндамачы Энтони Уэббер RT телеканалына берген маегинде билдирди. “Чындыгында, Европа өлкөлөрү, атап айтканда, Улуу Британия Орусияга каршы санкцияларды киргизип жатканда, бийликтегилер алардын кесепеттери жөнүндө ойлонгон да эмес”, – дейт эксперт. Анын айтымында, чектөөлөр Европада массалык нааразылык акцияларына алып келди жана мындай кырдаалдын кесепети Батыш өлкөлөрүнүн бийликтерине кысымдын күчөшүнө себеп болот. “Эми Европа саясатын толугу менен өзгөртүп, Орусияга каршы санкция…

Прочитайте больше

Орусия менен Украина марттын аягында Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Орусия менен Украина марттын аягында Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт

Украина менен Орусиянын делегациялары бетме-бет сүйлөшүүлөрүн 28-30-март күндөрү Түркияда улантат. Бул тууралуу украин делегациясынын мүчөсү, парламенттеги “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия 27-мартта Фейсбук аркылуу билдирди. Украинадагы экинчи айга аяк баскан согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери өтүп жатканы менен андан толук жыйынтык чыга элек. Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу орус-украин делегациялары “олуттуу” маселелер боюнча мунаса табууга жакындап калганын, жакын арада ок атышпоо келишими болот деп үмүт артып турганын айткан. Андан мурдараак Чавушоглу Антальяда…

Прочитайте больше
1 2 3 7