УКМК Тажикстандын «Байрактарды» сатып алганы боюнча үн катты

УКМК Тажикстандын «Байрактарды» сатып алганы боюнча үн катты

Тажикстан түркиялык компаниялардан “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес. Мындай маалыматты КРнын Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка караганда, Тажикстан “Байрактар” учактарын чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес. Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы такталбаган маалымат. “Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун…

Прочитайте больше

Иранда Аль-Кудс күнү белгиленип, миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Иранда Аль-Кудс күнү белгиленип, миңдеген адамдар жөө жүрүшкө чыкты. Сүрөттөр

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда Израилге каршы демонстрациялар, митингдер жана жөө жүрүштөр өтөт. Бүгүнкү жүрүшкө Ирандын президенти Ибрахим Раиси да катышты.  Эл аралык Аль-Кудс күнү Ирандан тышкары, Түркия, Пакистан, Индия, Йемен, Ирак, Сирия, Ливан, Африка өлкөлөрүндө, Түштүк-Чыгыш Азияда, ошондой эле АКШда жана Европада дагы белгиленет.

Прочитайте больше

Кабулдагы жардырууда каза болгондор элүүгө жеткени айтылууда

Кабулдагы жардырууда каза болгондор элүүгө жеткени айтылууда

Ооганстандын борбору Кабулдагы Халифа Сахиб мечитинин башчысы Сайед Фазил жардыруудан өлгөндөрдүн саны 50 адамга жеткенин кабарлады. Анын айтуусунда, жанкечти жума намазга жыгылгандардын ичинде болгон. Жардыруу болгон мечитте Орозо айынын акыркы жума намазы окулуп жаткан. Мурдараак расмий бийлик жардыруудан 10 адам өлүп, 30 киши жараат алганын кабарлаган. Ал эми атын айтпаган медициналык кызматкер Reuters агенттигине ооруканага 65тен ашуун адамдын сөөгү жана 80ге чукул жараат алган адамдар жеткирилгенин маалымдаган. Талибдердин расмий өкүлү Забиулла Муджахид жардырууга күнөөлүүлөр табылып,…

Прочитайте больше

Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш

Столтенберг: Финляндия жана Швеция НАТОго тез кабыл алынууга тийиш

Финляндия жана Швеция НАТОго кошулууну чечсе, аларды тез кабыл алса болот. Бул тууралуу бейшембиде аскердик блоктун баш катчысы Йенс Столтенберг Европа парламентинин төрайымы Роберта Метсола менен биргелешкен пресс-конференцияда билдирди. “Финляндия жана Швеция НАТОго жакын, биз биргелешип иш алып барабыз, кызматташабыз, чогу машыгуу жүргүзөбүз. Аларды альянска чакыруу чечимин кабыл алсак, Финляндия менен Швециянын коопсуздугу биз үчүн маанилүү деген саясий ишарат кылган болобуз”. Скандинавиялык эки өлкө тиешелүү арызды тапшырса, 30 мүчө-мамлекет макулдугун берип, ратификациялоого тийиш болот. Финляндия…

Прочитайте больше

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады

Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурады

АКШ президенти Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирди. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин белгиледи. Байдендин айтымында, көп аракет көрүүгө, жогору баа төлөөгө туура келсе да, агрессорду токтотуу зарыл. Америкалык лидер орус президенти Владимир Путинге Украинаны жеңүүгө жол берилсе, анын агрессордук ниети ого бетер күчөйт деп айтты. Байден Украинага жардам берүү менен АКШ Орусияга чабуул койбогонун,…

Прочитайте больше

Орусиянын Евробиримдикке саткан газ, мунайдан түшкөн кирешеси эки эсе көбөйдү

Орусиянын Евробиримдикке саткан газ, мунайдан түшкөн кирешеси эки эсе көбөйдү

Украинага басып киргенден бери Орусия Евробиримдикке саткан газ, мунай жана көмүрдөн түшкөн кирешени эки эсеге көбөйттү. Мындай маалыматты Финляндияда жайгашкан Энергияны жана таза абаны изилдеген борбор (CREA) таратты. Согуш жүрүп жаткан эки айдын ичинде Москва шаркетке ал продукцияны 44 миллиард еврого саткан. Өткөн жылдын ушул мөөнөтү менен салыштырганда бул эки эсеге көп. Ошол эле маалда сатып алуулардын көлөмү азайган. Мисалы, мунайдын импорту 20 процентке төмөндөдү, бирок газдыкы өскөн. Эң көп газды мурдагыдай эле Германия сатып…

Прочитайте больше

Канада жумушчу күчтүн жетишсиздигинен кризис коркунучунда турат

Канада жумушчу күчтүн жетишсиздигинен кризис коркунучунда турат

Канаданын эмгек рыногу жумушчу күчтүн жетишпегендигинен улам кризис коркунучунда турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматта өлкөдө жумушчу күчтүн кыскарышына калкынын тез картаюусу себеп болуп жатканы айтылат. Эл каттоонун маалыматы боюнча, 2021-жылы Канадада пенсияга жакындап калган адамдардын саны жумушка орношкондордон ашкан. Бул Канаданын жумушчу күчүнүн жетишсиздиги жакынкы жылдарда начарлап кетиши мүмкүн деген кооптонууну жаратууда. Канаданын статистика кызматы бул айырыма бир аз кыскарып, 2036-жылдан тарта кайрадан өсө баштайт деп божомолдоодо. Бирок, ошол эле учурда эмгекке…

Прочитайте больше

Эммануэль Макрон кайрадан Франциянын президенти болуп шайланды

Эммануэль Макрон кайрадан Франциянын президенти болуп шайланды

Францияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында учурдагы президент Эммануэл Макрон жеңип чыкты. Ал президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, ашкере оңчул саясатчы  Марин Ле Пенди ишенимдүү түрдө жеңди жана дагы беш жыл бою Евробиримдиктин экинчи ири өлкөсүн башкарып калат. Маалыматка караганда, добуштар 100% саналгандан кийин Макрон 58,55%, Ле Пен 41,45% добушка ээ болгон. Бирок, алдын ала жыйынтыктар Макрондун добушу 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу азыраак экенин көрсөтүүдө. Беш жыл мурда да шайлоонун экинчи айлампасына Макрон менен Ле Пен чыккан. Анда Макрон жалпы…

Прочитайте больше

Эксперт: «Мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет»

Эксперт: «Мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет»

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – палестиндерге тилектештик билдирчү Кудус же Иерусалим күнү белгиленет. Аль-Кудус жана Палестина маселеси мусулман дүйнөсү ХХ кылымдын экинчи жарымында да, XXI кылымдын алгачкы жыйырманчы жылында да чече албаган маселелердин бири бойдон калууда. Эмне үчүн бул көйгөй дагы деле чечилбей келет? Бул туурасында «Eurasia Today» агенттигинин кабарчысы орусиялык саясат таануучу, Орусиянын  Улуттук стратегия институтунун эксперти Раис Сулейманов менен маек курду. Белгилей кетсек, Аль-Кудус күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Хоменейи тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күнү Иранда жана…

Прочитайте больше

ФСБ журналист Соловьёвди өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалганын маалымдады

ФСБ журналист Соловьёвди өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалганын маалымдады

Орусиянын президенти Владимир Путин Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “орусиялык белгилүү тележурналистти өлтүрүүгө аракет кылган террордук топтун ишине бөгөт койгонун” айтты. Президент журналисттин атын атаган жок. “РИА Новости” ФСБга таянуу менен Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) белгилүү алып баруучусу, Кремлдик позицияларды жактаган журналист Владимир Соловьёв жөнүндө сөз болуп жатканын жазды. Басылма билдиргендей, кармалгандар неонацисттик террордук уюмдун мүчөлөрү болгон. Маалыматта Соловьёвду өлтүрүү буйругун Украинанын Коопсуздук кызматы бергени келтирилет. Бул…

Прочитайте больше

Орусия Мариуполдогу заводдо гуманитардык коридор ачканын жарыялады

Орусия Мариуполдогу заводдо гуманитардык коридор ачканын жарыялады

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунун аймагында камоолдо жаткан жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор ачканын жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына коюлду. Анда коридор Москва убактысы боюнча 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 17:00) иштеп баштай турганы, ушул убакыттан тартып орус аскерлери ок атууну бир тараптуу токтотуп турары белгиленет. Азов деңизинин жээгинде жайгашкан шаардын дээрлик бардык аймагын орус аскерлери басып алган. Аталган заводдун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен камоолдо…

Прочитайте больше

Аль-Аламдын кабарчысы баскынчылардын Аль-Акса мечитине жасаган чабуулунан кабарлады

Аль-Аламдын кабарчысы баскынчылардын Аль-Акса мечитине жасаган чабуулунан кабарлады

Аль-Аламдын кабарчысы Хедр Шахин кабарлады: Бейшемби күнү багымдат намазынан кийин сионисттик режимдин баскынчы күчтөрү Газ бомбасы жана коргошун октору менен Акса мечитинин короосуна кол салышты. Аль-Аламдын кабарчысы кошумчалагандай: баскынчы күчтөр сыйынуучуларга кол салып, аларды храмдарды таштап кетүүгө мажбурлашты, экинчи жагынан, Аль-Акса мечитинин намазканаларынын ичинде бир катар сыйынуучуларды курчоого алышты. Шахин мындай деп түшүндүрдү: Израилдин атайын күчтөрү отурукташкандарды бешинчи күн катары менен Акса мечитинин короолоруна палестиналыктардын кирүүсунөн коргоо үчүн Акса мечитинин короолоруна жайгаштырылды. Алар ошондой эле…

Прочитайте больше

Палестиналык коргонуучулар алгачкы жолу сионисттерге каршы РПГ колдонушту

Палестиналык коргонуучулар алгачкы жолу сионисттерге каршы РПГ колдонушту

Палестиналык каршылык кыймылы сионисттик режимдин согушкерлери менен тирешүүдө биринчи жолу РПГ ракеталарын колдонду. Fars эл аралык кабар агенттигинин маалыматына ылайык, Газа тилкесинин түштүгүндөгү асман аймактын үстүнөн Израилдин согуштук учактары менен учкучсуз учактарынын ири учуусуна күбө болду; Кол салуулар Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн реакциясы менен коштолду. Al Mayadeen басылмасынын маалыматына караганда, Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрү Тель-Авивдик согушчандарды кармоо үчүн биринчи жолу РПГ ракеталарын колдонду. Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрүндөгү булактар Al-Mayadeenге билдиришкендей, сионисттик режимдин Газа жаңжал эрежелерин…

Прочитайте больше

Микробиолог: АКШ Украинада биологиялык согуштун ыкмаларын иштеп чыккан

Микробиолог: АКШ Украинада биологиялык согуштун ыкмаларын иштеп чыккан

АКШ Украинада уюштуруучулук биологиялык согуштун ыкмаларын иштеп чыккан. Бул тууралуу орусиялык аскердик микробиолог Михаил Супотницкий билдиргенин РИА Новости жазды. Эксперт согуштун мындай түрү белгилүү экенин айтып, аны иштеп чыгуу ыкмаларын ачыктады.Анын айтымында, мындай кырдаалда мамлекетте эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүгө, инфекцияларды аныктоого жана алардын жайылышына каршы турууга жөндөмдүү болгон бардык инфраструктураны жок кылат. Мындай иш-аракеттер биологиялык агенттерди түздөн-түз колдонбостон, уюштуруу жолдору менен жүргүзүлүүчү биологиялык согуш болуп саналат. Ал мындай биологиялык согушта асмандан бир нерсе чачкан учактардын болушу шарт эмес…

Прочитайте больше

Орусиянын ТИМи Украинадагы атайын операцияны аяктоо шартын атады

Орусиянын ТИМи Украинадагы атайын операцияны аяктоо шартын атады

Украинадагы атайын операция Киевдин НАТО тарабынан башкарылуу коркунучу жоюлганда аяктайт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча экинчи департаментинин директору Алексей Полищук ТАСС агенттигине берген маегинде айтты. “Атайын аскердик операция анын милдеттери аткарылгандан кийин аяктайт. Анын ичнде Донбасстын карапайым калкын коргоо, Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, ошондой эле НАТО өлкөлөрү тарабынан анын башкарылып жатканына байланыштуу Украинанын аймагынан Орусияга келип жаткан коркунучтарды жок кылуу максаты бар”, – деди Полищук. Ошондой эле ал, атайын операция план боюнча жүрүп жатканын…

Прочитайте больше
1 2 3 6