Рахмон Иранга эмнеге барды?

Рахмон Иранга эмнеге барды?

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-майда Ирандын президенти Ибрагим Раисинин расмий чакыруусу менен Тегеранга барды. Бул тууралуу иран басылмалары жазды. Маалыматка караганда, Рахмонду Иранга Тажикстандын тышкы иштер, энергетика, экономикалык өнүгүү, транспорт жана каржы министрлери, башкы прокурору, ошондой эле бир катар расмий бийлик өкүлдөрү коштоп барган. Аны аэропорттон Ирандын энергетика министри  Али Акбар Мехрабян тосуп алган. Рахмон Иранга болгон эки күндүк расмий сапарынын алкагында ирандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле эки өлкөнүн жогорку делегацияларынын консультациялары болуп, экономикалык, илимий, саясий жана маданий тармактарда…

Прочитайте больше

Эрдоган: Түркия Швеция жана Финляндия боюнча позициясын өзгөртпөйт

Эрдоган: Түркия Швеция жана Финляндия боюнча позициясын өзгөртпөйт

Швеция менен Финляндия тараптан кадам жасалмайынча Түркия аларга карата НАТОдогу позициясын өзгөртпөйт. Мындай пикирин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган The Economist журналына жазганын чет элдик басылмалар кабарлашты. “Түркия Швеция менен Финляндиядан Түндүк Атлантика альянсына кошулуу үчүн “зарыл кадамдарды” күтөт”,-  деп билдирди Эрдоган. Макалада Анкара бул өлкөлөрдүн “ушуга чейин терроризмдин объектиси болгон бардык мүчөлөрдүн атынан” НАТОго кошулуусуна каршы экенин баса белгиленген. “Түркия бул өлкөлөрдүн НАТО мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлө турган антитеррордук операцияларга колдоо көрсөтүүсүн каалайт. Терроризм альянска мүчө бардык…

Прочитайте больше

Иран жаңы канаттуу ракета жана учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү

Иран жаңы канаттуу ракета жана учкучсуз учуучу аппаратын көрсөттү

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн эки жаңы жетишкендиги, тактап айтканда, “Хайдер-1” аттуу канаттуу ракетасы жана “Хайдер-2” деген учкучсуз учагы көрсөтүлдү. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. Иш-чара Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, бригадалык генерал Мухаммад Багеринин өлкө армиясынын 313-стратегиялык учкучсуз учак базасына болгон иш сапарынын алкагында болду. Биринчи жетишкендик Иран армиясынын Аба күчтөрүнө таандык “Каман-22” жана “Фатрас” учкучсуз учактары тарабынан алып жүрүүгө жөндөмдүү “Хайдер-1” канаттуу ракетасы. Ракета 200 чакырым аралыкка жетет, ал эми бутага тийген учурда анын ылдамдыгы саатына 1000 чакырымга жетет. Ал…

Прочитайте больше

Ирандын өч алуу эскертүүсү сионисттерди титиретти

Ирандын өч алуу эскертүүсү сионисттерди титиретти

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысынын шейит Саяд Ходайинин каны үчүн өч алуу эскертүүсүнөн кийин сионисттер дүрбөлөңгө түшүп, сионист отурукташкандарды Түркияга саякат кылуу тууралуу эскертишти. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, сионисттер шейит Хасан Саяд Ходаинин өлтүрүлүшүн мойнуна алгандан кийин Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкы командачысы генерал Хоссейн Салами мындай деп эскертти: «Сионисттердин колунан көптөгөн шеиттер кетти. Алар жогорку даражалуу жана бир топ эмгектерге ээ болушкан жана Аллах кааласа, биз андан душмандардан өч…

Прочитайте больше

Генерал Багери армиянын Учкучсуз учак сериясынын базасына барды

Генерал Багери армиянын Учкучсуз учак сериясынын базасына барды

 Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы армиянын жер астындагы учкучсуз учак базасына барды. Аль-Алам; Армиянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багери Иран Ислам Республикасынын армиясынын жашыруун жана жер астындагы учкучсуз учак базаларынын бирине барды. Бул сапарда генерал Багериге ар кандай аскердик, чабуулчу жана алыскы аралыкка учуучу учкучсуз учактарды чыгаруу тармагындагы акыркы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Жүздөгөн метр тереңдикте долбоорлонуп курулган бул жашыруун базанын иштеши менен Иран Ислам Республикасы…

Прочитайте больше

Мирзиёев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

Мирзиёев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакында башталарын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн-саммитинде айтты.Анын айтымында, жаңы чакырыктар түштүк жана чыгыш багыттары боюнча альтернативдүү транспорт коридорлорун мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын талап кылууда. “Жакында биз Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун баштоону пландап жатабыз. Долбоор Азия-Тынч океан аймагынын базарларына чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге Чыгыш-Батыш багытындагы азыркы темир жол линияларын толуктайт”, – деди Мирзиёев. Ошондой эле 2 миллиард керектөөчүсү боло турган рынок менен Түштүк…

Прочитайте больше

Орусия Украинада канча аскердик техникасын жоготту?

Орусия Украинада канча аскердик техникасын жоготту?

Орусиянын армиясы Украинада чоң жоготууларга учураганына карабастан, “акырындык менен ийгиликтерге жетишип жатат”. Бул тууралуу 26-майда АКШнын Коргоо министрлигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген жогорку кызматтагы өкүлү билдирди. Анын айтымында, азырынча Украина ийгиликтүү түрдө “катуу каршылык көрсөтүп” жатканы менен Орусия украин аскерлерине жана Донбасстагы шаарлар менен түрдүү объектилерге соккуларын улантууда. Ошол эле маалда азырынча андагы абалды “пат” абалына жакын деп айтууга болбойт. Пентагондун аткаминери украин армиясы “Харьковдун айланасында акырындык менен ийгиликтерге жетишип”, жыйынтыгында Орусия акыркы 90 күндөн бери…

Прочитайте больше

Ооганстандагы кризис: Борбор Азияга качкындардын агымы менен террорчулар да кириши мүмкүн

Ооганстандагы кризис: Борбор Азияга качкындардын агымы менен террорчулар да кириши мүмкүн

«Ооганстандагы гуманитардык курч кризис коңшу өлкөлөргө баңгизат ташыган кылмыштуу топтордун ишинин жандануусун шарттайт, ошондой эле качкындардын агымы менен эл аралык террорчулардын Борбор Азия регионуна жана Орусияга кирип келүү тобокелчилигин жаратат». Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Кулишов билдиргенин РИА Новости жазды. Кулишев “Российская газета” басылмасына берген маегинде 2021-жылы Ооганстандан Борбор Азияга ташылып чыккан баңгизаттын көлөмү эки эсе өскөнүн билдирди. Анын айтымында, учурда Ооганстандагы абал оор бойдон калууда. Саясий-экономикалык себептерден тышкары, өлкөдөгү…

Прочитайте больше

Перс булуңунун сууларында Грециянын 2 мунай танкерин КСИР деңиз флоту басып алды

Перс булуңунун сууларында Грециянын 2 мунай танкерин КСИР деңиз флоту басып алды

Перс булуңунун сууларында Грециянын 2 мунай танкерин КСИР деңиз флоту басып алды деп ИРКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү 27 майда, Перс булуңунда мыйзам бузууга барган эки грек танкеринин кармалганын жарыялады. Саясий Ислам революциясынын сакчылар корпусунун коомчулук менен байланыштар бөлүмү билдирүү жасап: 27 – майда КСИР деңиз флоту Перс булуңунун көгүлтүр сууларында мыйзам бузуулардан улам эки грек мунай танкерин колго түшүрдү, -деп билдирди.

Прочитайте больше

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги форумга видеоконференция аркылуу катышты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги форумга видеоконференция аркылуу катышты

Бишкекте бүгүн, 26-майда, ЕАЭБ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 2000ден ашык адамдын катышуусунда Биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды. Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйындарынын бирине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу катышты. Ага президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Беларустун премьер-министри Роман Головченко катышты. Суроо-жооп форматында мамлекет башчылары менен өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагындагы көп тараптуу мамилелер, Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын арттыруу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча өз көз караштары менен ой-пикирлерин билдиришти. Белгилей…

Прочитайте больше

Иранды каптаган кум бороонунан улам үйдө да беткап тагынуу сунушталды

Иранды каптаган кум бороонунан улам үйдө да беткап тагынуу сунушталды

Ирандын бир нече аймактарын катуу кум бороону каптады. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. Маалым болгондой, бир апта мурун башталган бороондон миңдеген адамдар жабыркап, медициналык жардам сурап кайрылышууда. Айрым аймактарда аэропорттор убактылуу ишин токтоткон. Өлкөнүн адистер абанын булганышынын деңгээли жогору болгондуктан жарандарга үйдө жүргөндө да беткап тагынууну сунушташууда. Ошондой эле, мындай шартта үйдө отуруп суюктук, өзгөчө сүт ичүү зарылдыгын белгилеп, беткап колдонууну да олуттуу кабыл алуу керектигин белгилешүүдө. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Электр энергетика министрликтери өзгөчө…

Прочитайте больше

Европа Орусияга газ акысын рубль менен төлөөгө макул болду

Европа Орусияга газ акысын рубль менен төлөөгө макул болду

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндөгү компаниялар мурунку билдирүүлөрүнө карабай, Орусия Федерациясынан газ үчүн төлөмдү акыры жаңы система боюнча жүргүзүүгө макул болушту. Бул тууралуу Washington Post жазганын орус басылмалары кабарлашты.Басылма бул орус тараптын жеңишинен кабар берерин кошумчалап, Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусиядан энергетика тармагындагы көз карандылыкты азайтуу боюнча чараларды талкуулап жатканын, бирок алар кыска мөөнөттө бул тармакта каатчылыкты болтурбоо үчүн олуттуу аракеттерди көрүүгө даяр экенин жазган. Өткөн күнү бардык грек импорттоочу компаниялары орус газын рубль менен төлөөгө өткөнү белгилүү…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда, чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын кошумчалады. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого негизделген ар тараптуу кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын…

Прочитайте больше

Орусия Сибирден Кыргызстанга электр өткөрүүчү линия курууну көздөөдө

Орусия Сибирден Кыргызстанга электр өткөрүүчү линия курууну көздөөдө

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумдун алкагында “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги” сессиясы болуп өттү. Анын алкагында Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов Сибирден Кыргызстанга Казакстан аймагы аркылуу электр өткөрүүчү линияны куруу планы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы электр энергиясын алмашууну күчөтөт. “Кыргызстанда талкуулап баштаган, координациялык кеңешке берилген дагы бир кызыктуу долбоорлордун бири –  Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линияны куруу. Бул ЕАЭБ ортосундагы электр энергиясын алмашууну күчөтөт”, – деди…

Прочитайте больше

Аль-Кассам: Душман биздин ракеталардын тактыгына таң калат

Аль-Кассам: Душман биздин ракеталардын тактыгына таң калат

Хамастын аскердик канаты сионисттик режимге ракеталык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эскертти. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, ал-Кассам бригадаларындагы Газа тилкесинин командири Изз ад-Дин ал-Хаддад баскынчы сионисттик режим ал-Кассам ракеталарынын тактыгы, күчү жана эффективдүүлүгүнө келе жаткан согушта таң калат деп билдирди. Аль-Хаддад Al-Kassam интернет сайты тарабынан жарыяланган видеодо мындай деп билдирген: Душман жагымсыз нерсени көрөт, бул Аллах Тааланын убадасы; Ыйык жерге киребиз, келебиз.  Бул билдирүүлөр сионисттик режим келерки жекшембиде Иерусалимде желектүү жүрүш өткөрүүнү пландап жаткан…

Прочитайте больше
1 2 3 6