Ирандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт менен куттуктады

Ирандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. «Орозо айт – адамдын жан дүйнөсүнө кайрылуунун, адамдын табиятын тазалоонун жана жакшы иштердин жемишин алуу майрамы. Ыйык айды майрамдоо мусулман коомчулугунун биримдигин жана бир туугандыгын бекемдейт деп ишенем», – деп айтылат Раисинин куттуктоо билдирүүсүндө. Ирандын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Прочитайте больше

Швецияда мусулман жана христиандарга таандык мазарларга карата кол салуу болду

Швецияда мусулман жана христиандарга таандык мазарларга карата кол салуу болду

Полиция кол салгандар тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтып, окуяга күбө болгондорго кайрылууну суранды. Швециянын Мальмё шаарындагы Остра көрүстөнүндө мусулмандар жана православ христиандарына таандык 20дай көрүстөн талкаланды. Швециянын мамлекеттик телеканалы SVTге билдирүү жасаган Мальмё полициясынын катчысы Нилс Норлинг белгисиз адамдардын кол салуусунда көп сандаган мүрзө таштарынын талкаланып, үстүнө боек төгүлгөнүн айтты. Норлинг сөз болуп жаткан мүрзөлөрдүн мусулмандарга жана православ христиандарга таандык экенин белгиледи. СВД гезитинин кабарында 20га жакын көрүстөндүн талкаланганы, Орозо айттын биринчи күнү…

Прочитайте больше

Йеменде катуу кагылышуулар болду

Йеменде катуу кагылышуулар болду

Йемен армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүгүндө орун алган Жевф провинциясында  хусилердин ок атышы менен бир аскердин каза болгондугу белгиленди. Йеменде өкмөт  күчтөрү менен Иран колдогон хуси  куралдуу күчтөрдүн ортосунда ок атышпоо башталган  2 –  апрелден бери биринчи жолу эки тараптан тең жоготуулар болду. Йемен армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөнүн түндүгүндө орун алган Жевф провинциясында  хусилердин ок атышы менен бир аскердин каза болгондугу белгиленди. Бир тараптан аскердик булактардан алынган маалыматка караганда Йемендин түштүк –…

Прочитайте больше

Украинадагы согуш: Кытайдын Евразияга таасири

Украинадагы согуш: Кытайдын Евразияга таасири

Москванын Украинага бастырып кириши Бээжин үчүн да өзгөчө окуя – Шанхай кызматташтык уюмунан тартып, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азиядагы экономикалык мамилелерге чейин мунун таасири чоң болчудай. 2022-жыл башталган күнү Чжан Мин Кытайдын Европа Шериктештигиндеги элчилик кызматынан кетип, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баш катчысы болуп дайындалды. Борбордук жана Түштүк Азияда ал убакта жагдай такыр башкача болчу. Талибдер Ооганстандагы бийликти августта эле колго алып, өлкөнү толук көзөмөлдөп калган эле. Бирок 2022-жылдагы бир нече орчундуу окуя күтүүсүз болуп,…

Прочитайте больше

Евробиримдик газды Орусиядан эмес, Африкадан алууну пландаштырууда

Евробиримдик газды Орусиядан эмес, Африкадан алууну пландаштырууда

Европа Биримдиги Орусиянын газынын импортун кескин азайтып, африкалык өлкөлөрдөн көгүлтүр отун сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу Bloomberg Европа Комиссиясындагы булактарына таянуу менен жазды. Басылма билдиргендей, сырткы энергетикалык карым-катыш жөнүндө документ марттын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн. Анда биримдиктеги өлкөлөр 2022-жылдын аягына чейин энергетикалык жактан Москвадан көз карандысыздыгын кескин кыскартуу планын койду. Ушул эле документте Африкадагы Нигерия, Сенегал жана Ангола сыяктуу мамлекеттер суюлтулган газдын иштетилбеген потенциалына ээ экени көрсөтүлөт. Евробиримдик Орусиядан газ кууру аркылуу…

Прочитайте больше