Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму сырдуу гепатиттен 228 баланын каза болгондугун билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму сырдуу гепатиттен 228 баланын каза болгондугун билдирди

Истербрук бейтаптардын эч биринде  белгилүү болгон гепатит А, B, C, D менен Енин жок экендигин, Ковид  – 19  вакцинасынын вирус менен байланышынын жок экендигин кайталады. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  Британияда пайда болгон жана кийинчерээк көптөгөн өлкөлөргө жайылган  сырдуу гепатит менен ооруган балдардын саны 228ге жеткенин жарыялады. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ВИЧ, гепатит жана жыныстык жол аркылуу жуккан инфекциялар программасынын изилдөөчүсү доктор Филипп Истербрук уюмдун Женевадагы борборунда өткөргөн   пресс  – жыйынында  журналисттердин гепатит тууралуу суроолоруна жооп берди. Ушул кезге чейин…

Прочитайте больше

Кытай жерди байкоо спутниктерин учурду

Кытай жерди байкоо спутниктерин учурду

Кытай жерди байкоо боюнча спутник тармагынын бир бөлүгү болгон 8 даана JILIN-1 спутнигин космоско учурду. Кытай жерди байкоо боюнча спутник тармагынын бир бөлүгү болгон 8 даана JILIN-1 спутнигин космоско учурду.  Синьхуа агенттигинин кабарына караганда  бир Jilin-1 Kuanfu 01C менен 7 даана Jilin-1 Gaofen 03D  спутниги Long March 2D ракетасы менен Шанши провинциясындагы  Тайюань спутник борборунан учурулду.  Спутниктердин пландалган орбитага  жеткендиги белдирилди.  Бул учуруу ” Long March” ракеталары менен 418- ийгиликтүү космостук миссиясы болду. Спутниктер жерди көзөмөлдөө, шаар куруу жана табигый…

Прочитайте больше

Казакстанда үч жаңы аймак пайда болду

Казакстанда үч жаңы аймак пайда болду

Кечээ, 4-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө үч жаңы облус түзүү боюнча жарлыкка кол койду.  Бул тууралуу Казакстан Республикасынын башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Жарлыкка ылайык, Чыгыш Казакстанда Абай облусу түзүлүп, борбору Семей шаары болду. Чыгыш Казакстан облусунан Аксуат, Абай, Аягөз, Бескарагай, Бородулиха, Жарма, Үржар, Көкпекте райондору жана Семей менен Курчатов калаалары бөлүнүп кетти. Ошондой эле, Алматы облусунун курамынан Аксуу, Алакөл, Ескелди, Каратал, Кербулак, Көксуу, Панфилов, Саркан райондору жана Талдыкорган менен Текели райондорун чыгарылып, жаңы Жетисуу облусу…

Прочитайте больше

Европа Россиянын мунайы менен газынан толук баш тартууну пландаштырууда

Европа Россиянын мунайы менен газынан толук баш тартууну пландаштырууда

Европа биримдиги (ЕБ) Москвага каршы санкциялардын алтынчы топтомунун алкагында Орусиянын мунайын уюмга мүчө мамлекеттерге ташып кирүүгө тыюу салууну пландоодо. Санкциялардын алкагында Орусиянын эң ири деп эсептелген үч банкын, анын ичинде Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү, ошондой эле ЕБ аймагында Орусиянын үч мамлекеттик телеканалын көрсөтүүгө тыюу салуу сыяктуу чаралар да камтылган. Мындан тышкары Евробиримдик Украинанын Буча шаарындагы аскердик кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип жаткан орус жарандарынын тизмесин түзүүнү жана кийин аларды жоопкерчиликке тартууну пландап жатат. France-Presse агенттиги…

Прочитайте больше

Ереванда полиция митингге чыккандарды кармай баштады

Ереванда полиция митингге чыккандарды кармай баштады

Армениянын борбор шаары Ереванда бир нече күндөн бери митингдер өтүп жатат. Өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициячыл күчтөр бүгүн Еревандын бир катар көчөлөрүн кайрадан тосуп алышты. Полиция митингчилерди кармай баштаганын Para TV интернет-ресурсу билдирди. Нааразычылык акциянын катышуулары бүгүн эртең менен Еревандын бир катар көчөлөрүн бууп, жарандарды алардын бийликке каршы митингине кошулууга чакырышууда. РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, Еревандын чет жагында нааразылык акциясы болгон жерге укук коргоо кызматкерлери келип, бир нече демонстранттарды унааларга…

Прочитайте больше