Украина Орусия менен ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүүнү четке какты

Украина Орусия менен ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүүнү четке какты

Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Киев Москва менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарарын билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Анын айтымында, Украинанын Орусия менен аймактарды бөлүштүрүүнү караган келишимдерди ишке ашыруу планы жок. Бул украин тарап үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Подоляк Украинанын позициясы барган сайын ымырасыз болуп бара жатканын баса белгилеп,  «Орусиянын күчтөрү өлкөдөн чыгып кетиши керек, андан кийин тынчтык жараянын калыбына келтирүүгө болот», – деди. Ошондой эле, ал Батыш мамлекеттеринин…

Прочитайте больше

Европарламентте АКШга каршы санкция киргизүү сунушталды

Европарламентте АКШга каршы санкция киргизүү сунушталды

Европа Биримдиги Йемендеги жаңжалдан улам АКШ менен Сауд Аравияга каршы санкцияларды киргизиши керек. Бул тууралуу хорватиялык депутат Мислав Колакушич Европарламенттин жыйынында айтты. Сүйлөшүүнүн видеосу анын Twitter баракчасына жарыяланганын РИА Новости жазды. «Эгер бул чын болсо, эгер биз тынчтык үчүн чындап күрөшкөн болсок, анда бир нече жылдан бери Йеменде согушту тутандырып жаткан Сауд Аравиясына каршы ошол эле санкцияларды дароо киргизишибиз керек. Биз акыркы он жылдыкта Европадагы, балким, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк аскерий кагылышууларга катышкан АКШдан…

Прочитайте больше

Дүйнө тарыхында биринчи жолу качкындардын саны 100 миллионго жетти

Дүйнө тарыхында биринчи жолу качкындардын саны 100 миллионго жетти

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат. “Жүз миллион – бул олуттуу көрсөткүч. Бул рекрод эч качан коюлбашы керек болчу”, – деди БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди. Анын айтымында, бул кырдаал “кыйратуучу чыр-чатактарды чечүү жана алдын алуу, куугунтуктоону токтотуу жана бейкүнөө адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлаган түпкү себептерди жоюу үчүн коңгуроо болушу керек”. Аталган комиссарлыктын маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягына карата Эфиопия, Буркина-Фасо, Мьянма, Нигерия, Ооганстан жана Конгодогу чыр-чатактардан…

Прочитайте больше

Жакынкы келечекте илим ракка дабат абары божомолдонду

Жакынкы келечекте илим ракка дабат абары божомолдонду

Америкалык Pfizer компаниясынын башкы директору Алберт Бурла жакын арада илим рак оорусун айыктыра турган дары чыгарарын божомолдоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар ERT3 телеканалына таянуу менен жазышууда. “Рак илими бышып жетилди жана биз жакынкы жылдарда колдонулуп жаткан дарылоо методдорунда олуттуу жакшыртууларды көрөбүз”, – деди Бурла. Фармацевтикалык компаниянын өкүлү башка ооруларга анчалык деле оптимист эмес экенин тактап, бирок рак оорусунда илимпоздор максатка жакындап калышканын айтты. Мындан тышкары, ал илимий коомчулуктун коронавируска каршы күрөштө алдыга жылганын белгилеп, вакцина жана…

Прочитайте больше

Сахарадан келген ысык шамал жана чаң Европаны каптады

Сахарадан келген ысык шамал жана чаң Европаны каптады

Африкадан ысык аба массалары Европага чаң жана болуп көрбөгөндөй ысыкты алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, Испаниянын түштүгүндө жана борборунда термометр 40˚С дан 46˚С га чейин көрсөткөн. Севильяда жана Кордова провинциясында коркунучтун “кызгылт сары” деңгээли жарыяланды. Ошондой эле, бул аймактарда чөлдөн чыккан чаңдын жогорку концентрациясы күтүлөөрү, бул жолдордордун көрүнбөй калуусун эле шарттабастан, абанын сапатына терс таасирин тийгизери эскертилди. Бийлик өлкө тургундарына жана конокторуна ушул күндөрү көчөгө чыгууну чектөөнү сунуштады. Белгилей кетсек,…

Прочитайте больше