ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги форумга видеоконференция аркылуу катышты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Бишкектеги форумга видеоконференция аркылуу катышты

Бишкекте бүгүн, 26-майда, ЕАЭБ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 2000ден ашык адамдын катышуусунда Биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды. Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйындарынын бирине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция аркылуу катышты. Ага президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Беларустун премьер-министри Роман Головченко катышты. Суроо-жооп форматында мамлекет башчылары менен өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагындагы көп тараптуу мамилелер, Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын арттыруу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер боюнча өз көз караштары менен ой-пикирлерин билдиришти. Белгилей…

Прочитайте больше

Иранды каптаган кум бороонунан улам үйдө да беткап тагынуу сунушталды

Иранды каптаган кум бороонунан улам үйдө да беткап тагынуу сунушталды

Ирандын бир нече аймактарын катуу кум бороону каптады. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. Маалым болгондой, бир апта мурун башталган бороондон миңдеген адамдар жабыркап, медициналык жардам сурап кайрылышууда. Айрым аймактарда аэропорттор убактылуу ишин токтоткон. Өлкөнүн адистер абанын булганышынын деңгээли жогору болгондуктан жарандарга үйдө жүргөндө да беткап тагынууну сунушташууда. Ошондой эле, мындай шартта үйдө отуруп суюктук, өзгөчө сүт ичүү зарылдыгын белгилеп, беткап колдонууну да олуттуу кабыл алуу керектигин белгилешүүдө. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Электр энергетика министрликтери өзгөчө…

Прочитайте больше

Европа Орусияга газ акысын рубль менен төлөөгө макул болду

Европа Орусияга газ акысын рубль менен төлөөгө макул болду

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндөгү компаниялар мурунку билдирүүлөрүнө карабай, Орусия Федерациясынан газ үчүн төлөмдү акыры жаңы система боюнча жүргүзүүгө макул болушту. Бул тууралуу Washington Post жазганын орус басылмалары кабарлашты.Басылма бул орус тараптын жеңишинен кабар берерин кошумчалап, Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусиядан энергетика тармагындагы көз карандылыкты азайтуу боюнча чараларды талкуулап жатканын, бирок алар кыска мөөнөттө бул тармакта каатчылыкты болтурбоо үчүн олуттуу аракеттерди көрүүгө даяр экенин жазган. Өткөн күнү бардык грек импорттоочу компаниялары орус газын рубль менен төлөөгө өткөнү белгилүү…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда, чакан чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүштү. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын кошумчалады. Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого негизделген ар тараптуу кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын…

Прочитайте больше

Орусия Сибирден Кыргызстанга электр өткөрүүчү линия курууну көздөөдө

Орусия Сибирден Кыргызстанга электр өткөрүүчү линия курууну көздөөдө

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумдун алкагында “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги” сессиясы болуп өттү. Анын алкагында Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов Сибирден Кыргызстанга Казакстан аймагы аркылуу электр өткөрүүчү линияны куруу планы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы электр энергиясын алмашууну күчөтөт. “Кыргызстанда талкуулап баштаган, координациялык кеңешке берилген дагы бир кызыктуу долбоорлордун бири –  Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линияны куруу. Бул ЕАЭБ ортосундагы электр энергиясын алмашууну күчөтөт”, – деди…

Прочитайте больше

Аль-Кассам: Душман биздин ракеталардын тактыгына таң калат

Аль-Кассам: Душман биздин ракеталардын тактыгына таң калат

Хамастын аскердик канаты сионисттик режимге ракеталык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эскертти. Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, ал-Кассам бригадаларындагы Газа тилкесинин командири Изз ад-Дин ал-Хаддад баскынчы сионисттик режим ал-Кассам ракеталарынын тактыгы, күчү жана эффективдүүлүгүнө келе жаткан согушта таң калат деп билдирди. Аль-Хаддад Al-Kassam интернет сайты тарабынан жарыяланган видеодо мындай деп билдирген: Душман жагымсыз нерсени көрөт, бул Аллах Тааланын убадасы; Ыйык жерге киребиз, келебиз.  Бул билдирүүлөр сионисттик режим келерки жекшембиде Иерусалимде желектүү жүрүш өткөрүүнү пландап жаткан…

Прочитайте больше