Токаев бийлигин референдум аркылуу узартпай турганын айтты

Токаев бийлигин референдум аркылуу узартпай турганын айтты

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев бийлигин референдум аркылуу узартпай турганын, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарбастыгын айтты. Бул тууралуу ал 1-июнда Улуттук илимдер академиясынын 75-жылдыгында сөз сүйлөп жатып билдирди. “Эл арасынан жана чет өлкөлөрдөн мамлекет башчы референдум аркылуу ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартабы, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарабы деп сурап жатышат. Жооп берип коеюн: андай ниетим болгон эмес жана болбойт дагы”, – деди Токаев. Эске салсак, Токаев 29-январда президенттик кызматта эки мөөнөттөн ашык турбастыгын “Хабар 24” телеканалына берген маегинде билдирген. “Казакстандын президенти…

Прочитайте больше

Кытайдын тышкы иштер министри АКШнын саясаттары тууралуу билдирди

Кытайдын тышкы иштер министри АКШнын саясаттары тууралуу билдирди

Ван Кытай Элдик тышкы карым  – катнаштар институтунун онлайн өткөргөн «Киссенжер жана Кытай-АКШ мамилелери» панелинде сөз сүйлөдү. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Америка Кошмо Штаттарынын   өлкөсүнө каршы жүргүзгөн стратегиясы эки улуу державаны тирешүүгө алып келгенин жана мунун бүткүл дүйнөнү бөлүнүү жана баш – аламандыкка сүйрөө коркунучу бар экенин билдирди. Ван Кытай Элдик тышкы карым  – катнаштар институтунун онлайн өткөргөн «Киссенжер жана Кытай-АКШ мамилелери» панелинде сөз сүйлөдү. АКШ жана Кытайдын орток жоопкерчилигинин айырмачылыктарга сый көрсөтүлгөн,…

Прочитайте больше

Зеленский Орусия Украинанын 20% аймагын ээлеп алганын маалымдады

Зеленский Орусия Украинанын 20% аймагын ээлеп алганын маалымдады

2-июнда Украинанын президенти Владимир Зеленский Люксембургдун парламентинде видео кайрылуу жасап, Орусиянын өлкө аймагындагы баскынчылыгы тууралуу маалымат берди. Ал Москва 2014-жылы Крымды аннексиялап, Донбасста жикчилдерди колдогон маалда Украинанын 43 миң чарчы чакырым аянтын ээлеп турганын, 24-февралдан кийин мындан үч эсе көп аймагын басып алганын айтты. “Орусиянын аскерлери Украинанын 3 миң 620 айылына кирди. Анын миңден ашыгын кайра бошоттук. Дагы эки жарым миңден ашыгын боштондукка чыгарышыбыз керек. Учурда биздин аймактын 20% жакыны баскынчылардын көзөмөлүндө турат. Бул деген…

Прочитайте больше

БАЭ Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар

БАЭ Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар

Кечээ, 1-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугушту. Жыйында бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Акылбек Жапаров алгач  БАЭнин президенти шейх Халифа бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу бүтүндөй Эмират элине көңүл айтып, өлкөлөр ортосундагы мамилени бекемдөөдөгү мындан аркы келечектүү багыттарды атап өттү. “Сиздин сапарыңыздын жыйынтыктары, Кудай буюрса, бир туугандык мамилелерибиздин мындан ары бекемделишине чоң түрткү беришине…

Прочитайте больше

Түркия расмий түрдө чет тилдердеги аталышын өзгөрттү

Түркия расмий түрдө чет тилдердеги аталышын өзгөрттү

Түркия өлкөнүн аталышынын чет тилдердеги жазылышын өзгөртүү боюнча БУУга расмий өтүнүч жолдоду. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Твиттер баракчасында жарыялады. “Президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде өлкөбүздүн брендинин кадыр-баркын көтөрүү үчүн баштаган процессибиз соңуна чыгууда. Бүгүн БУУнун баш катчысына жөнөткөн катым менен өлкөбүздүн аталышынын чет тилдердеги жазылышын “Türkiye” деп каттадык”, – деп жазды ал. Ошентип, мындан ары Türkiye деген аталыш бардык эл аралык форумдарда жана мурда ар кандай орфографиялар колдонулуп келген (Turkey, Turkei, Turquie ж.б.)…

Прочитайте больше

Поп Франциск: Ислам революциясынын лидеринин айткандарын кабыл алабыз

Поп Франциск: Ислам революциясынын лидеринин айткандарын кабыл алабыз

Рим Попу Франциск революциянын жогорку лидеринин кайрылуусуна жооп кылып: «Иран Ислам революциясынын лидерине жана Ирандын диний органдарына жана аксакалдарына салам жолдойм; Ислам революциясынын лидеринин айткандарын биз да кабыл алабыз»,- деди. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, семинариялардын директору Аятолла Арафи католик христиандарынын лидери Рим попу Франциск менен жолугуп, революциянын жогорку лидеринин кайрылуусун жеткирди. Поп менен болгон жолугушууда семинариянын мүдүрү мындай деди: Шеиттер макталды жана белгиленди. Сизден дүйнөнүн, өзгөчө Палестина жана Йемендин кордук көргөндөрүн коргоо үчүн ишиңизди улантып,…

Прочитайте больше