Сейед Хасан Насралланын коркутуусунан кийин Тель-Авивде жана Хайфада ракеталык системаларды жайгаштырылды

Сейед Хасан Насралланын коркутуусунан кийин Тель-Авивде жана Хайфада ракеталык системаларды жайгаштырылды

Израил армиясы оккупацияланган Палестинанын борборундагы Тель-Авивдин айланасына бир катар абадан коргонуу системаларын жайгаштырды. Ливандын “Аль-Ахбар” гезити сионисттик режимдин абадан коргонуу системалары Тель-Авив менен Хайфада жайгаштырылып, Ливандын армиясы даяр экенин Хизбулланын баш катчысы Сейед Хасан Насралланын бейшемби күнү кечинде сүйлөгөн сөзүнөн кийин жазды. Гезиттин жазганына караганда, Сейед Хасан Насралланын сөзүнөн мурда саясий жана коопсуздук кызматкерлери Ливандын расмийлеринин Кариш мунай кенинен газ алуу тууралуу сөздөрүн олуттуу кабыл алышкан жок, бирок Сейед Хасан Насралланын сөзүнөн кийин дароо Тель-Авив…

Прочитайте больше

Орусия жазалагысы келген украин легионерлери

Орусия жазалагысы келген украин легионерлери

Украинанын чыгышындагы жикчилдердин соту украин армиясынын катарында согушкан эки британиялык жана бир морокколук жаранды өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм чыгарды. Британ тарап Орусия көзөмөлдөгөн аймакта каралган бул ишти “Советтик доордогудай көргөзмө сот” деп атады. Украина жана Батыш өлкөлөрү бул аскерлерди согуш туткундары деп сыпаттаса, Орусия аларды “жалданма жоокерлер” деп мүнөздөп жатат. Украинадагы урушка катышкан чет элдик жарандарды кандай тагдыр күтөт? Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн эл аралык коомчулук тааныбаган…

Прочитайте больше

АКШ Россияга санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады

АКШ Россияга санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен Украинадагы атайын аскердик операциядан улам Россияга каршы санкция киргизген өлкөлөрдүн коалициясын түзүүнү сунуштады. “Менин оюмча, бизге Россияга каршы санкцияларды киргизүүгө макул боло турган өлкөлөрдүн абдан чоң тобу керек. Дүйнөлүк масштабда санкцияларды натыйжалуурак кылуу үчүн мындай коалицияны түзүү зарыл”, – деди АКШнын каржы министри New York Times гезити уюштурган талкууда. Белгилей кетсек, Россия армиясынын Украинаны  демилитаризация жана денацификациялоо боюнча операциясы башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялашууда. Ал учурда Американын президенти…

Прочитайте больше

Лавров: Польша Украинанын аймагын активдүү түрдө ээлей баштады

Лавров: Польша Украинанын аймагын активдүү түрдө ээлей баштады

Россиянын тышкы иштер министри Сергей ЛавровПольша Украинанын аймагын активдүү түрдө ээлей баштаганын билдирди. Бул тууралуу  РИА Новости жазды.  “Азырынча биз Россия менен эч кандай диалогго жол берилбестиги тууралуу кеп болуп жатканда,  польшалык кесиптештер Украинанын аймагын активдүү өздөштүрүп жатканын көрүп жатабыз”, – деди ал. Белгилей кетсек, 9-июнда Россиянын Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Дмитрий Белик Польша методикалык түрдө Украинанын аймактарына колун сунуп жатат деген пикирин билдирген. Анын айтымында, өлкө ошентип өзүнүн империялык амбицияларын канааттандырууга умтулууда. Буга…

Прочитайте больше

Токаев Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү мыйзамына кол койду

Токаев Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү мыйзамына кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар мыйзамдарга кол койду. Анын ичинде Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтүү боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол коюлду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. Эске салса, май айынын аягында  Казакстандын парламент сенатынын депутаттары Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Макулдашууга 2021-жылдын 7-декабрында кол коюлган жана кыргыз тарапка берилчү аскердик мүлктүн көлөмү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылган. “Казак тарап аскердик мүлктү Кыргызстанга автомобиль менен жеткирүү боюнча чыгымдарды көтөрөт. Кыргыз тарап алынган аскердик мүлктү…

Прочитайте больше