Британия Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечимин чыгарды

Британия Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечимин чыгарды

Улуу Британиянын ички иштер министри Прити Патель WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды экстрадициялоо тууралуу АКШнын өтүнүчүн колдоду. “17-июнда магистраттык жана Жогорку сот тарабынан каралгандан кийин Жулиан Ассанжды АКШга экстрадициялоо чечими кабыл алынды. Ассанж мырзада чечимдин үстүнөн даттанууга 14 күн убактысы бар”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Британиялык сот былтыр бул боюнча Вашингтондун өтүнүчүн четке каккан эле. Сот Ассанжды АКШга өткөрүү анын психикалык саламаттыгына залакасын тийгизет деп чечкен болчу. Кошмо Штаттардын өкмөтү 50 жаштагы австралиялык жаранды…

Прочитайте больше

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга катышып, бир катар темаларда пикирлери менен бөлүштү. Форумдун 17-июнь күнкү отурумунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир пленардык жыйынга чыкты. Бул күнкү жыйынды алып барган RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Токаевге ачык суроо коюп, “Донецкидеги жана Луганскидеги түзүмдөрдү Казакстан тааныйбы?” деп сурады. Казак президенти ага Нур-Султан аларды тааныбай турганын айтты. “Азыркы эл аралык укук Бириккен Улуттар Уюмунун уставына негизделет. Бирок анда камтылган эки принцип…

Прочитайте больше

Израилдин аскердик учактары Газа тилкесине кол салды

Израилдин аскердик учактары Газа тилкесине кол салды

Кол салууда каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Израиль аскердик учактары Газа тилкесинин ортоңку бөлүгүндө бир аймакка кол салды.  Израиль армиясынан бул тууралуу жасалган кыскача маалыматта аскердик учактардын Хамас Кыймылынын куралдуу канаты Иззеддин ел  –  Кассам полкторуна таандык бир аймакка кол салгандыгы билдирилди бирок кенен маалымат берилген жок.  Кол салууда каза болгондор тууралуу маалымат берилген жок. Кол салуу Израилдин Газадан атылган бир ракетанын атып түшүрүлгөндүгүн билдирүүсүнөн кийин болду. 

Прочитайте больше

Европа кышка камдаган газын азыртадан эле жага баштады

Европа кышка камдаган газын азыртадан эле жага баштады

Россиянын газ берүүнү токтотуусу Европаны кышында жагабыз деп сактап койгон көгүлтүр отун азыртан эле чекесинен пайдаланып баштоосуна мажбур кылды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазганын РИА Новости маалымдады. Газды жеткирүүнүн азайышы Франция, Италия, Австрия жана Германияга да таасирин тийгизди. Бул Siemens газ куурларындагы оңдоп-түзөө көйгөйүнөн улам “Газпромдун” газ трубинасынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу экени айтылды. Европадагы жер алдындагы газ кампаларында сакталган көгүлтүр оттун көлөмү биринчи жолу апрель айында азайган. Маалыматтар боюнча резервдер бир пайыздык пунктка азайган. Адатта…

Прочитайте больше