Бангладеште сел: 36 адам каза болду

Бангладеште сел: 36 адам каза болду

Селден жапа чеккен аймактарда гуманитардык кризис да жарала баштады. Бангладеште деңиз деңгээлине жакын аймактардагы катуу жамгырдын себебинен болгон селден 36 киши каза тапты. Саламаттыкты сактоо кызматтарынын Башкы директорлугунун маалыматына караганда, селдерден түндүк-чыгыш Силхет аймагында 18, түндүк жана борбордук Мименсинх аймагында 15, түндүк Рангпур аймагында 3 киши каза болду. Аталган аймактарда акыркы үч күндө уланган селдерден улам 3000ден ашуун адам кир сууларга байланыштуу ар кандай ооруларга чалдыгышты. Селден жапа чеккен аймактарда гуманитардык кризис да жарала баштады….

Прочитайте больше

Ооганстандагы зилзаладан кеминде 920 киши өлдү

Ооганстандагы зилзаладан кеминде 920 киши өлдү

Ооганстандын чыгышындагы тоолуу Пактика жана Хост провинцияларында күчү 6 баллдан ашкан зилзаладан кеминде 920 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу талиб өкмөтүнүн өкүлдөрү маалымат жыйынында айтышты. Associated Press жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, 22-июндагы табигый кырсыктан кеминде 600 адам жаракат алды. Расмий өкүлдөр зилзала курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. Талибдердин Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин жетекчиси Мухаммад Нассим Хаккан өлгөндөрдүн көбү Пактикада экенин, Нангархар жана Хост провинцияларында да каза болгондор аныкталып жатканын кошумчалады. Интернетке тараган сүрөт жана видеолордон айрым…

Прочитайте больше

Стамбулда Россия, Украина, Түркия жана БУУнун жолугушуусу болот

Стамбулда Россия, Украина, Түркия жана БУУнун жолугушуусу болот

Келерки аптада Стамбулда Россия, Украина, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү жолугат. Сүйлөшүү Украинадан дан алып чыгуу маселесине арналат. Бул тууралуу Milliyet гезити түрк президентинин айланасындагы өз булактарына таянуу менен жазды. Басылма жолугушууга Түркия президенти Режеп Эрдоган менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышуусу мүмкүн экенин белгилейт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинадан дан алып чыгуу боюнча Түркия менен байланыш бар экенин тастыктап, сүйлөшүү коргоо министрлигинин линиясы боюнча жүрөрүн айтты. БУУнун маалымат кызматы сүйлөшүү кайсы күнү болорун так айткан жок. Украина…

Прочитайте больше

Казакстандагы январь окуяларын 27 киши уюштурган

Казакстандагы январь окуяларын 27 киши уюштурган

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларын өлкөнүн түрдүү аймактарындагы 27 киши уюштурган деп эсептейт. Бул тууралуу 20-июндагы брифингде мекеменин Кылмыш иликтөө кызматынын башчысы Серик Шалабаев билдирди. Анын айтымында, Январь окуяларында негизги ролду “криминал”, анын ичинде “Дикий Арман” деген каймана ысым менен белгилүү Арман Жумагелдиев ойногон. “Ал шериктери менен бирге 6-январда уюшкандык менен Алматыдагы “Казакстан” мейманканасына топтолгон кылмышкерлерге “Глок” жана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчаларды тараткан. Уюштуруучулар куралданган кылмышкерлерди 10 кишиден топ-топко бөлүп, аларга тапшырмаларды беришкен. Топ “башчыларына” бронежилеттер, башты коргоо каражаттары, ок…

Прочитайте больше