Лапид: Израил менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарда чоң жылыштарды көрдүк

Лапид: Израил менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарда чоң жылыштарды көрдүк

Лапид: Израил менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарда чоң жылыштарды көрдүк Израилдин тышкы иштер министри Түркияга болгон сапарында Тель-Авив менен Анкаранын мамилеси өткөн жылы чоң жылыш болгонун моюнга алды. Аль-Алам – оккупацияланган Палестина: Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид бейшембиде Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Тель-Авив менен Анкаранын акыркы жылдагы мамилеси жакшырганын айтты. Анадолу агенттигинин маалыматына ылайык, Лапид Чавушоглу менен Анкарада өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда: «Биз өткөн жылы Израил-Түркия карым-катнаштарында чоң жылыш болгонун көрдүк»,- деди.  Израилдин тышкы иштер…

Прочитайте больше

Ооганстанда жер титирөөнүн курмандыктары 1150гө жетти

Ооганстанда жер титирөөнүн курмандыктары 1150гө жетти

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы өлкөдөгү соңку жер титирөөнүн курман болгондордун саны 1150гө жеткенин маалымдады. Куткаруу-издөө иштери дээрлик аяктады. 22-июндагы кырсыкта өлгөндөрдүн саны алгач 255 деп айтылса, кийин 920га жеткени айтылган. “Бахтар” мамлекеттик агенттигинин директору Абдул Вахид Райан кабарлагандай, кеминде 1600дөй киши жараат алганы такталды. Талибдердин Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин жетекчиси Мухаммад Нассим Хаккани зилзаладан жалпы 10 миң турак-жай жарым жартылай же толугу менен кыйрап калганын билдирди. Хаккани “Азаттыктын” ооган кызматына чыгымдын…

Прочитайте больше

Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жанданта турганын маалымдады

Иран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жанданта турганын маалымдады

Ирандын тышкы иштер министрлиги өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандантуу үчүн Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел 24-июндун кечинде Тегеранга келерин маалымдады. “Иран менен Европа Биримдигинин сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болуп саналган бул иш-сапарда эки тараптуу мамилелер, чөлкөмдүк жана эл аралык маселелер, санкцияларды алуунун соңку макамы талкууланат”, – деди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде. 2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн…

Прочитайте больше

Лавров: Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда

Лавров: Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда

Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгып, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү Батыштын санкцияларына карабастан 80 пайызга өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранга жасаган иш сапарында кесиптеши Хоссейн Амир Абдоллахян менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында билдирди. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. “Биздин кызматташтык жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда. Өткөн жылы Москва менен Тегерандын ортосундагы соода жүгүртүү Батыштын санкцияларына карабастан 80 пайыздан ашык өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Быйыл тенденция уланууда…

Прочитайте больше

Украина менен Молдовага ЕБге талапкер макамы берилди

Украина менен Молдовага ЕБге талапкер макамы берилди

23-июнда Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин саммитинде Украина менен Молдовага аталган уюмга кирүүгө талапкер макамы берилди. Бул Еврошаркеттин тарыхындагы эң чукул кабыл алынган чечим болуп калды. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чечимди кубаттады жана “Бул жеңиш. Биз аны 120 күн жана 30 жыл күткөнбүз” деп билдирди. Ошондой эле талапкер макамынын берилишин Украина менен Еврошаркеттин алакасындагы “өзгөчө учур” катары сыпаттады. 16-июнда Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Румыниянын лидерлери Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушууда Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берүүнү…

Прочитайте больше