24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди. Отурумда Ассамблеянын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер, Экономикалык кызматташтык, ошондой эле Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияларынын отчеттору менен сунуштамалары каралды. Андан тышкары, Өзбекстанда жана Кыргызстанда былтыр өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча байкоочулар миссияларынын отчеттору…
Прочитайте большеDay: June 26, 2022
Аскар Акаев бийликтен кулашына эркин пресса себеп болгонун айтты
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев бийликтен кулаган себебин аны сындап жазган көз каранды эмес гезиттердин пайда болушу менен байланыштырарын Deutsche Welle басылмасына курган маегинде билдирди. Ал айрым тышкы күчтөр Грузиядагы жана Украинадагы “түстүү революциялардан” кийин Өзбекстанда төңкөрүш уюштурууну каалашканын, анысы ишке ашпай калгандан кийин Кыргызстанга көңүл бурушканын, себеби ал алсызыраак болгонун белгиледи. “Себеби бизде эркин басма сөз бар эле. Freedom House уюмуна Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн типография ачууга уруксат бергеним менин эң чоң катам болгон…
Прочитайте большеЛавров: Россия менен Ирандын кызматташтыгы жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда
Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тегеранга жасаган иш сапарында кесиптеши Хоссейн Амир Абдоллахян менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында билдирди. Бул тууралуу ирандык басылмалар жазды. “Биздин кызматташтык жаңы стратегиялык деңгээлге чыгууда. Өткөн жылы Москва менен Тегерандын ортосундагы соода жүгүртүү Батыштын санкцияларына карабастан 80 пайыздан ашык өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Быйыл тенденция уланууда жана биз аны колдоо үчүн бардык аракеттерди жасайбыз”, – деди Лавров. Анын айтымына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер тарыхтагы эң жогорку чекке…
Прочитайте больше