Кытайда 80 000 турист камалып калды

Кытайда 80 000 турист камалып калды

Расмийлер, тропикалык Хайнань аралындагы шаардын Ковид-19дун жайылышынан улам ысык аймак деп жарыяланганын жана эпидемиянын жайылышынын алдын алуу үчүн коменданттык саат менен кошо чектөөлөр кечээ эртең менен күчүнө киргенин билдиришти. Кытайдын түштүгүндөгү Санья курорттук шаарында коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) боюнча чектөөлөрү жарыялангандан кийин 80,000 турист камалып калды. Расмийлер, тропикалык Хайнань аралындагы шаардын Ковид-19дун жайылышынан улам ысык аймак деп жарыяланганын жана эпидемиянын жайылышынын алдын алуу үчүн коменданттык саат менен кошо чектөөлөр кечээ эртең менен күчүнө киргенин билдиришти….

Прочитайте больше

Израил менен “Ислам жихады” Газада ок атышууну токтотууну макулдашты

Израил менен “Ислам жихады” Газада ок атышууну токтотууну макулдашты

Израилдин бийлиги менен “Ислам жихады” радикал тобунун өкүлдөрү ок атышууну токтотууну макулдашты. Келишим 8-августка караган түнү күчүнө кирди. France-Presse агенттиги “Ислам жихадынын” жогорку кызматтагы мүчөсүнө, Associated Press Египеттин чалгындоо кызматындагы булагына таянып эки тараптын диалогго келишине Каир арачы болгонун жазышты. Бирок макулдашуу кандай шарт менен кабыл алынганы белгисиз. 5-августта Израилдин Коргоо күчтөрү атайын операция башталганын жарыялап, Палестин автономиясындагы Газа тилкесине бир нече жолу ракеталык чабуул жасаган. Израил соккудан “Ислам жихады” тобунун эки командири Тайсир ал-Жабари…

Прочитайте больше

Путин быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясына катышпайт

Путин быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясына катышпайт

Россиянын президенти Владимир Путин быйыл сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына барбайт жана онлайн форматта да катышпайт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Маалыматка караганда, сессияда орус делегациясын өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров жетектейт. Белгилей кетсек, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгы жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү жумасында уюмдун штаб-квартирасы жайгашкан Нью-Йоркто президенттер, премьер-министрлер жана министрлердин катышуусунда өтөт. Быйыл 20-сентябрдан 26-сентябрга чейин болот. Башкы Ассамблеянын акыркы, 76-сессиясы 2021-жылдын 14-сентябрында өткөн.

Прочитайте больше

Россия Байкоңурдан Ирандын спутнигин орбитага учурду. Видео

Россия Байкоңурдан Ирандын спутнигин орбитага учурду. Видео

Бүгүн, 9-август “Байкоңур” космодромунан россиялык “Союз-2.1б” ракетасы Ирандын “Хайям” деп аталган спутнигин орбитага ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу  орус ЖМКлары жазды. Ракетанын учурулушун “Роскосмос” мекемесинин сайты түз алып көрсөткөн. Роскосмостун башчысы Юрий Борисов ракетанын учурулушу орус-иран эки тараптуу кызматташтыгындагы маанилүү учур болгонун айтты. Тегеран спутник илимий изилдөөлөргө, анын ичинде айыл чарба максаттары үчүн экологиялык радиацияга мониторинг жүргүзүүгө багытталганын билдирди. Ирандын спутниги менен бирге 16 чакан аппарат ( CubeSX-HSE-2, “Монитор-1”, UTMN, CYCLOPS, Siren, “КАИ-1”, “Кузбасс-300”, Skoltech-B1, Skoltech-B2,…

Прочитайте больше