Саид бин Жубейрдин окуясы

Саид бин Жубейрдин окуясы

Саид бин Жубайр Азирети Сажжаддын (а.с) ыкластуу жана берилген шииттеринин бири болгон жана ал дайыма имамдын насааттарынан пайдаланган.  «Саид бин Жубайр» Азирети Зайнул-Абидиндин (имам Сажжад) (а.с) имаматына ишенип, аны көп мактап, ошонун айынан Хажжаж аны шейит кылды.  Саидди бир күнү каргышы болгурдун алдына алып барышканда: «Сенби шордуу «бин Кусайр?»-деп сурады.  Саид: «Апам менин атымды сенден жакшы билчү жана менин ысымымды Саид бин Жубайр деп койду», – деди.  – Апаң экөөң тең шордуусунар.  – Кайыпты Аллах…

Прочитайте больше

ЕБге орус жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу киргизилди

ЕБге орус жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу киргизилди

Евробиримдикке Орусиянын жарандарына Шенген визасын берүүгө тыюу салуу сунушу расмий киргизилди. Бул тууралуу Германиянын өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Хебестрейт брифингде билдиргенин орусиялык ТАСС агенттиги жазды. “Бул долбоор Евробиримдикке кирген айрым өлкөлөр тарабынан сунушталган жана ал күн тартибинде турат. Эми Германиянын өкмөтү бул боюнча министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ортосунда жана ЕБ ичинде талкууларды өткөрүшү керек. Ал аягына чыга элек. Ошондуктан мен анын жыйынтыгы тууралуу алдын ала эч нерсе айта албайм”, – деди. Европа Биримдиги 26-февралдан баштап Орусия менен…

Прочитайте больше

Трамп сотто суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

Трамп сотто суроолорго жооп берүүдөн баш тартты

Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп көрсөтмө бериш үчүн 10-августта Нью-Йорктогу сотко барды. Ага каржылык алдамчылык үчүн айып тагылган. Соттун маалыматына караганда, Трамптын компаниялары көп суммадагы насыяларды алуу үчүн активдерин – мейманканаларын, гольф клубдарын жана башка кыймылсыз мүлктөрүн кымбат баалаган. Ошол эле кезде салык төлөөдөн качыш үчүн кирешени аз көрсөткөн. Дональд Трамп сотто өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бербөөгө мүмкүндүк берген Конституциядагы укугунан пайдаланып суроолордун көбүнө жооп берүүдөн баш тартты. Трамп ага саясий…

Прочитайте больше

Тайвандык министр: «Кытай басып алууга даярданып жатат»

Тайвандык министр: «Кытай басып алууга даярданып жатат»

Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву маалымат жыйын өткөрдү. Тайвандын тышкы иштер министри Жозеф Ву АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин сапарынын артынан Кытайдын аралдын айланасында өткөргөн аскердик машыгууларын «баскынчылык планына даярдануу» деп ырастады. Министр Ву маалымат жыйынында, мурда жарыяланган 4 күндүк мөөнөткө карабастан уланып жаткан кеңири масштабдуу машыгуулар Индо-Тынч океан аймагындагы эң кыймылдуу аба жана кеме каттамдарынын бириндеги иш-аракеттерди үзгүлтүккө учуратканын, аймактык тынчтыкка жана коопсуздукка зыян келтиргенин белгилеп, Кытайды «жоопкерчиликсиздик» менен айыптады.  Пекин Пелосинин…

Прочитайте больше

Казакстандын президентине ким кол салган?

Казакстандын президентине ким кол салган?

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) президент Касым-Жомарт Токаевге кол салууга шектүү адам ким экендигин аныктады. Казакстандын улуттук коопсуздук комитети (УКК) республиканын президенти Касым-Жомарт Токаевге кол салууга даярдык көргөн шектүү адамдын ким экендигин тактады. Бул тууралуу 9-августта  «Экспресс К» газетасы билдирди. Маалымат каражатынын билдирүүсүндө, мындан мурда ММКларда Казакстандын президентине жана башка бир катар жогорку кызматтагы чиновниктерге кол салууну уюштурган чет элдик агент мурдагы журналист Аян Атыгаев экендиги тууралуу маалымат пайда болгон. УККнын маалыматы боюнча, бул адам өлкө башчысына кол салууну…

Прочитайте больше

Кыргызстанда катышат. Тажикстанда АКШнын куралдуу күчтөрүнүн машыгуусу башталды

Кыргызстанда катышат. Тажикстанда АКШнын куралдуу күчтөрүнүн машыгуусу башталды

Тажикстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн “Аймактык кызматташтык – 2022” машыгуулары өтүп жатат. Бул тууралуу “Аvesta.tj” маалымат агенттиги жазды. 10-августта аскердик машыгуунун катышуучуларын АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм тосуп алган. Американын Борбордук командачылыгы тарабынан уюштурулган машыгуулар кечээ 10-августта башталган жана 10 күнгө созулат. Аймактык кызматташтык – бул туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге каршы күрөшүү, ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин, АКШнын жана башка катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган көп улуттуу операцияларды чыңдоо максатында жыл…

Прочитайте больше