Пакистанда автобус менен бензин ташыган унаа кагышып, 20 адам каза болду

Пакистанда автобус менен бензин ташыган унаа кагышып, 20 адам каза болду

16-августта Пакистандын Мултан шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус менен күйүүчү май ташуучу автоунаа кагышып, кырсыктан кеминде 20 адам өлдү. Бул тууралуу “Азаттыктын” Пакистандагы кызматы – “Машаал” радиосу бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен кабарлады. Баштапкы маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу рулда баратып уктап кеткен болушу мүмкүн. Пакистанда өлүмгө алып келкегн жол-транспорттук кырсыктар көп катталат. Буга жолдун начардыгы, начар тейленген транспорттук каражаттар жана баш аламан айдоо себеп болот. 2015-жылы да түштүк округдардын биринде жүргүнчү ташуучу автобус мунай танкери менен кагышып,…

Прочитайте больше

Еревандагы жарылууда каза тапкандар 16га жетти

Еревандагы жарылууда каза тапкандар 16га жетти

Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министри Армен Памбухчян Ереван шаарындагы “Сурмалу” соода борборундагы жарылуудан каза болгондор кеминде 16 адамга жеткенин маалымдады. Дагы 18 киши дайынсыз болуп жатат. Алардын арасында жергиликтүүлөрдөн сырткары Ирандын жана Орусиянын жарандары да бар экени маалымдалды. Окуя 14-августта борбордун пиротехникалык кампасында болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, эки күчтүү жарылуудан кийин өрт чыккан. Алгач бийлик бир адам өлүп, 30дай адам жабыр тартканын маалымдаган. Урандылардын астында дагы деле адамдар калган болушу мүмкүндүгү айтылган. Өрттү өчүрүү жана куткаруу…

Прочитайте больше

«Талибан» Россиядан мунай сатып алууну көздөөдө

«Талибан» Россиядан мунай сатып алууну көздөөдө

Былтыр августта Ооганстанда бийликти колго алган “Талибан” кыймылы Россиядан Кабулга бир миллион баррель мунай сатууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине талибдердин өкмөтүнүн өнөр жай жана соода министри Нуриддин Азизи билдирди. Азизи “Талибан” мунайды бартердик жол менен алуу жолдорун карап жатканын белгилеген. Анын айтымында, талибдер энергоресурсту Россия кызыккан кайсы бир ооган өнүмүнө алмашууга кызыктар. Июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунда Ооганстандын соода-өнөр жай палатасынын башчысы талибдер Россиядан беш миң тонна мунай жана эки миллион тонна дан сатып…

Прочитайте больше

Орус окумуштуулары көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты

Орус окумуштуулары көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты

Россиянын Федералдык медициналык жана биологиялык агенттигинин адистери көмүр кычкыл газына каршы антидот ойлоп табышты. Бул тууралуу ФМБАнын жетекчиси Вероника Скворцова журналисттерге билдиргенин орус басылмалары жазышты. Маалыматка караганда, аталган препарат буга чейин каттоодон өткөн. “Биз фосфорорганикалык кошулмаларга каршы антидоттордун бүтүндөй линиясын жана көмүртек кычкыл газына каршы инновациялык, жаңы катталган антидотту сунуштайбыз”, – деди Скворцова. Ал белгилегендей, биринчи кезекте мындай антидоттор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана өрт өчүрүүчүлөр үчүн керек. Агенттик ошондой эле пес (кислотага туруктуу бацилла…

Прочитайте больше

Шойгу: Россия Украинада өзөктүк курал колдонбойт

Шойгу: Россия Украинада өзөктүк курал колдонбойт

РФтин коргоо министри Сергей Шойгу Россиянын Украинада тактикалык өзөктүк же химиялык курал колдонуу планы жок деп билдирди. Бул тууралуу Коммерсант басылмасы жазды. Ал массалык маалымат каражаттарында чыккан тескери маалыматтарды жалган деп атады. “Аскердик көз караш менен караганда, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн Украинада өзөктүк куралды колдонуунун зарылчылыгы жок. Россиялык өзөктүк куралдардын башкы милдети — өзөктүк чабуулдарды ооздуктоо. Өзөктүк куралдарды колдонуу өзгөчө жагдайлар менен чектелген, ал боюнча документтер ачык маалымат айдыңына жарыяланган”, – деди Шойгу эл…

Прочитайте больше

Түрк саясатчысынын дооматы: Сириялык качкындар

Түрк саясатчысынын дооматы: Сириялык качкындар

Түркиянын оңчул Зафар партиясынын лидери сириялык качкындарга катуу билдирүүсүндө бул кишилер Түркияны басып алат деп ырастады.  Fars эл аралык маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Түркиядагы оңчул Зафар партиясынын лидери, бул өлкөдө сириялык качкындардын бар экенин катуу сындаганы менен белгилүү Омид Оздаг бул адамдарды сионисттерге салыштырды. “Ал-Кудс аль-Араби” гезити Өздагдын Сионисттик Убактылуу Режимдин Палестинаны басып алуу этаптары жакшы көрсөтүлгөн Палестинанын тарыхый картасынын сүрөтүн жарыялаганын билдирди. Бул картада 1948-жылга чейин сионисттер бир нече аймакты басып алышкан, бирок азыр…

Прочитайте больше