Сионисттик режимдин жапайы аракетине батыштын тынчсыздануусу

Сионисттик режимдин жапайы аракетине батыштын тынчсыздануусу

Америка жана Европанын тогуз өлкөсү сионисттик режимдин Батыш Шериада жайгашкан жети бейөкмөт уюмга түнкү кол салуусу жана алардын өзүнчө позицияларда жабылышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Аль-Алам – оккупацияланган Палестина: Франс Пресс агенттиги европалык мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин билдирүүсүнө шилтеме жасап, мындай деп жазган: Биз жарандык коом үчүн мейкиндикти коркунучтуу кыскартуунун бир бөлүгү болуп саналган 18-августта эртең менен болгон кол салууга абдан тынчсызданып жатабыз. Ошондой эле Бельгия, Дания, Франция, Германия, Ирландия, Италия, Нидерландия, Испания жана Швециянын билдирүүсүндө…

Прочитайте больше

Владимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдө

Владимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдө

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Орусиянын президенти Владимир Путин 15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтө турган “Чоң жыйырмага” (G20) кирген өлкөлөрдүн саммитине келет деп күтүлүп жатканын кабарлады. Виодо Bloomberg агенттигине берген маегинде саммитке келүү ниетин Владимир Путин өзү билдиргенин айтты. Маалыматка караганда, Бали аралына Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да барат. Кремль комментарий берүүдөн баш тартты. Атын атагысы келбеген орусиялык чиновник Bloomberg басылмасына Владимир Путин G20 лидерлеринин жолугушуусуна катышууну пландап жатканын ырастады. Июндун аягында Видодо Москвада Владимир Путин…

Прочитайте больше

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө басым үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Кыргызстандын төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.

Прочитайте больше

Алжирде токойдогу өрттөн 38 адам каза тапты. Арасында балдар да бар

Алжирде токойдогу өрттөн 38 адам каза тапты. Арасында балдар да бар

Алжирде токой өртү кеминде 38 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, түтүндөн жүздөгөн жергиликтүү тургундар күйүк алып же дем алуусу начарлап, ондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Токой өртүнөн эң көп Тунис менен чектеш Эль-Тарф провинциясы зыян тарткан. Аймакта бүтүндөй зайтун бактары өрттөнүп, үй жана жапайы жаныбарлар кырылып калган. Кургакчылык жана 48 градуска чейин көтөрүлгөн жогорку температура өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин бир топ кыйындаткан. Жаратылыш кырсыгына күбө болгондордун бири бир автобустун ичинде…

Прочитайте больше

Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы достуктун жаңыланышы

Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы достуктун жаңыланышы

Сионисттик режим менен Түркия мамилелеринин толук нормалдашканын жарыялашты.  Анкара менен Тель-Авивдин ортосундагы достуктун жаңыланышы; Сионисттик режим менен Түркия мамилелеринин толук нормалдашканын жарыялашты Сионисттик режимдин премьер-министри Яир Лапид менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефондук сүйлөшүүдө эки тараптын мамилеси толук нормалдашканын расмий түрдө жарыялашты. Сионисттик режимдин премьер-министринин басма сөз катчысы Офир Жанделман бул режимдин премьер-министри менен Түркиянын президенти телефондук сүйлөшүүдө эки тараптын элчилеринин кайтып келгенин жарыялашты.  Яир Лапид: «Түркия менен карым-катнаштардын кайра башталышы аймактын ырааттуулугу үчүн…

Прочитайте больше