С. Жапаров менен А. Лукашенко кыргыз-тажик чекара жаңжалын сүйлөштү

С. Жапаров менен А. Лукашенко кыргыз-тажик чекара жаңжалын сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Беларусь Президенти  Александр Лукашенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти    Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты

Прочитайте больше

Кыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

Кыргызстандын ТИМи эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

 Тажикстан мурда пландалган куралдуу агрессия жасады. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 14-17-сентябрында өзүнүн эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан Республикасынын биздин мамлекетке каршы алдын ала пландалган, куралдуу агрессивдүү актысы катары баалай турганын билдирүүнү зарыл деп эсептейт. Тажик тараптын адамкерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 2022-жылдын 18-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын 46 жараны каза болуп, 140 жараны жарадар болгон. 140 миңдей адам мажбурлап эвакуацияланды жана ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилди. Тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасады” деген негизсиз айыптоолорун…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү

Си Цзиньпин Кытай армиясын согушка даярданууга үндөдү

 Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кытай армиясын “согушка даярданууга” көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу  Xinhua агенттиги маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, мамлекет башчы Пекинде өткөн улуттук коргонуу жана аскердик реформа боюнча конференциянын катышуучуларына ушундай тапшырма берген. “Ийгиликтүү реформалоо тажрыйбасын жалпылап, колдонуу, жаңы кырдаалды жана милдеттердин талаптарын түшүнүү, согушка даярданууга көңүл буруу зарыл. Ошондой эле изилдөө жана инновация киргизүү үчүн тайманбастык керек, – деген Кытай лидери. Кытай лидери өзгөртүүлөр өлкөнүн армиясында жаңы система жана структурага жетишүүгө мүмкүндүк…

Прочитайте больше

Шойгу: Украина армиясынын жоготуулары 100 миңден ашты

Шойгу: Украина армиясынын жоготуулары 100 миңден ашты

Россиянын Коргоо министри Украинадагы атайын аскердик операция учурунда эки тараптан тең болгон жоготуулардын санын атады. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинада аскердик операция башталгандан бери каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны 100 миңден ашканын билдирди. Ошол эле учурда ал орус армиясынын жоготуулары бир нече эсе аз экенин белгиледи. Шойгу аскердик операция башталгандан бери азыркы тапка чейин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 100 миңден ашканын, алардын ичинен 61 миң 207 адам набыт болуп, 49 миң 369 киши жаракат алганын…

Прочитайте больше

Иран Мехса Аминин өлүмүнө байланыштуу Батыштын интервенциячыл позициясын айыптады

Иран Мехса Аминин өлүмүнө байланыштуу Батыштын интервенциячыл позициясын айыптады

ИИРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мехса Аминин өлүмүнө байланыштуу батыштыктардын интервенциячыл позицияларын айыптап, бул өлкөлөргө оппортунизмден жана адам укуктарынын категориясын инструменталдуу түрдө колдонуудан алыс болууга жана башка өлкөлөрдө фитнаны козутуу боюнча жемишсиз аракеттерди токтотууга кеңеш берди. Fars агенттигинин тышкы саясат тобунун маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани бүгүн кечинде 21-сентябрда АКШнын айрым расмий адамдарынын интервенциячыл позицияларына жооп катары билдирди.  Белгилей кетсек, Мехса Аминин өлүмүнөн кийин Евробиримдиктин,…

Прочитайте больше

Жапаров Эрдоган менен болгон жолугушуусу

Жапаров  Эрдоган менен болгон жолугушуусу

Жапаров Эрдоган менен болгон жолугушуусунда ТажикстанКыргызстандынаймагыначыккынчылыкмененколсалганынайтты Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты. Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаалды талкуулады

Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаалды талкуулады

Гутерриш кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаровго адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Баш катчы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди. Садыр Жапаров өз кезегинде БУУнун алкагында кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.  Мамлекет башчы Кыргызстандын БУУга мүчө болгонуна 30 жыл болгонун, бул аралыкта Кыргызстандын демилгеси менен көтөрүлгөн маселелер Башкы Ассамблеянын эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелерине айланганын белгиледи. Ал Кыргызстан…

Прочитайте больше

Россиянын армиясында бир жыл кызмат өтөгөн эмгек мигранттары жарандык ала алышат

Россиянын армиясында бир жыл кызмат өтөгөн эмгек мигранттары жарандык ала алышат

Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы жазды. Анын айтымында, Москва өкмөтү жакын арада “Сахаров” миграциялык борборунда чет өлкөлүк жарандарды Россиянын армиясына кабыл алуу үчүн толук кандуу инфраструктура түзөт. Маалыматка караганда, РФнын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн бир жылдык келишим түзгөн чет өлкөлүктөр “көп күтпөстөн жана башка бюрократиялык тоскоолдуктарсыз” жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өлкө жарандыгын ала алышат. Собяниндин айтуусуна караганда, Москва өкмөтү ушундай жол менен Россиянын Коргоо министрлигине жардам бермекчи. Москва шаарынын мэриясы Россиянын Куралдуу…

Прочитайте больше

Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады.

Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады.

 Россияда 21-сентябрдан тарта жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазды. Путин мындай чечим Россиянын эгемендүүлүгүн жана бүтүндүгүн сактоо зарылдыгына байланыштуу кабыл алынганын айтып, жарым-жартылай мобилизацияга учурда запаста турган же мурда Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн жана бул жаатта тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар чакырыларын билдирди. “Аскердик кызматка чакырылган жарандар аскердик бөлүктөргө барар алдында атайын операциянын өзгөчөлүгүн эске алып, кошумча даярдыктан өтүшөт”, – деди Путин. Ал ошондой эле мобилизация жолу…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстанды кырдаалды курчутпоого чакырды

Кыргызстан Тажикстанды кырдаалды курчутпоого чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, чек арадагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырды. Шаршембиде таратылган билдирүүдө, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин “чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрү жүргөнү, учкучсуз учактар менен аба мейкиндигин бузуп жатканы” тууралуу божомолдору чындыкка дал келбей турганын айтылат. Ошондой эле эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары кол койгон тынчтык протоколунун бардык пункттарын кыргыз тарап аткарганы белгиленген. “Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы билдирүүсүн тажик тараптын…

Прочитайте больше

Донбасста жана Херсондо Орусияга кошулуу тууралуу референдум өтөт

Донбасста жана Херсондо Орусияга кошулуу тууралуу референдум өтөт

Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарда жана орус армиясы көзөмөлдөп турган Херсон облусунда Орусияга кошулуу тууралуу референдумдун датасы жарыяланды. Жергиликтүү орусиячыл бийлик 23-27-сентябрь күндөрү өткөрүүнү боолгоп жатат. Расмий Киев бир нече мындай мыйзамсыз добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Шейшемби, 20-сентябрда Донецк жана Луганск “элдик республикаларынын” депутаттары тиешелүү мыйзамды кабыл алып, ага жикчил аймактардын жетекчилери кол коюшту. Луганск облусунун көп бөлүгү жикчилдердин көзөмөлүндө болсо, Донецк облусунун бир катар ири шаарлары Украинанын карамагында. Ушул эле күнү Херсон облусунда…

Прочитайте больше

Баткенге кол салган тажик армиясынын катарында эларалык террордук уюмдун мүчөсү да болгон

Баткенге кол салган тажик армиясынын катарында эларалык террордук уюмдун мүчөсү да болгон

Тажикстандын армиясы Ооганстандагы эл аралык террордук уюм менен байланышта экендиги ачыкка чыкты. 14-18-сентябрь күндөрү Тажикстандын армиясы Кыргызстандын Баткен облусунун аймагына куралдуу кол салуу учурунда Ооганстандагы эл аралык террордук уюмдун да мүчөлөрү болгондугу далилдүү фактылар менен аныкталууда. Мисалы, бул сүрөттөрдөгү Ризвон деген террорчу Парван провинциясында туулуп өскөн жана эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп саналат. Ал талкаланган кыргыз армиясынын танкасынын жанынан өтүп бараткандыгы видео тасмага түшүп калган. Путин менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулаштыРизвондун террорчу…

Прочитайте больше

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору аркылуу алгачкы поезд жөнөп кетти

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору аркылуу алгачкы поезд жөнөп кетти

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорттук коридору боюнча Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратон темир жол маршруту менен алгачкы эксперименталдык поезд жөнөп кетти. Бул тууралуу 19-сентябрда “Өзбекстан темир жолдору” компаниясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Ош темир жол станциясында расмий түрдө 40 футтук 12 контейнерден турган поезд даярдалган. Товарларды кытай тарап Кашкар шаарында даярдап, Ошко чейин автоунаалар менен жеткирилген. Азык-түлүк, тиричилик техникасы жана чарба товарларынан турган жүк Ооганстандын Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд бул станцияга эки күндө жетиши керек. Бул коридор боюнча өз аймагы аркылуу жүк…

Прочитайте больше

«Бир да сантиметр жерибизди бирөөгө бербейбиз». Жапаровдун БУУнун трибунасынан сүйлөгөн сөзү

«Бир да сантиметр жерибизди бирөөгө бербейбиз». Жапаровдун БУУнун трибунасынан сүйлөгөн сөзү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, дүйнө коомчулугунун назарын кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга бурду. Мамлекет башчысы БУУнун трибунасынан сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: “Урматтуу Төрага мырза, Учурдан пайдаланып, ушул бийик трибунадан дүйнө коомчулугунун назарына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кезектеги курчушуна байланыштуу соңку окуяларды эске алып, өлкөбүздүн түштүк чек арасында түзүлгөн жагдайларды билдиргим келет. Адегенде, тарыхка кыскача токтоло кетейин. 1991-жылдын декабрында Советтер Союзу тарагандан кийин талаштуу аймактар жана…

Прочитайте больше

Сионист эксперт: Израил Насралланын коркутууларынан коркуп, газ өндүрүүнү кийинкиге калтырды

Сионист эксперт: Израил Насралланын коркутууларынан коркуп, газ өндүрүүнү кийинкиге калтырды

Tasnim агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, сионисттик режимдин бийликтери алардын Ливан менен деңиздеги чек араларды аныктоодо макул болууну каалашын Хизбулладан коркуу эмес, бул режимдин чөйрөлөрү жана эксперттеринин чечими деп көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Израиль Хезболланын баш катчысы Сейед Хасан Насралланы коркутуп жатканын баса белгилеп, муну абдан олуттуу кабыл алды. Сионисттик режимдин телевидениесинин диктору Уди Сигел бул контекстте мындай деди: «Израилдин премьер-министри Яир Лапид» Ливан менен келишим издеп жатканын айткысы келет, бирок учурда Израил Насралланын…

Прочитайте больше
1 2 3 4 7