Палестина көйгөйүнө карата чыккынчылардын компромиссине Лапиддин бакыты

Палестина көйгөйүнө карата чыккынчылардын компромиссине Лапиддин бакыты

Палестина көйгөйүнө карата чыккынчылардын компромиссине Лапиддин бакыты; Мындайды эч качан кыялданган эмеспиз Сионисттик режимдин убактылуу премьер-министри кээ бир араб акимдеринин бул режим менен компромисске баруусунан кубанычын билдирди жана Тель-Авив бир нече жыл мурда мындай нерсени кыялданган эмес деп баса белгиледи.  Аль-Алам – оккупацияланган Палестина Sputnik маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин премьер-министринин милдетин аткаруучу Яир Лапид Твиттердеги баракчасында режим ушул жылдын башында Египет, Бахрейн, Марокко, АКШ жана БАЭнин катышуусунда өткөн Негев жыйынына каражат бөлөрүн жазды….

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу элге кайрылуу жасап жатып, Баткенге барабыз деген жигиттерге, жаштарга кайрылып,  аларды сабыр кылууга чакырды. ” Баткенге барабыз деген жигиттер, жаштар сабыр кылыңыздар. Мамлекеттин аскер дараметин мурдагыдай көрбөңүздөр. Кудайга шүгүр, армиябыздагы абал бүгүн башка. Чек арабызды бузгусу келгендерге толук жооп берүүгө жараган эр-азаматтарыбыз, күч-кубатыбыз бар, жетиштүү. Мекен чегине басып киргендер өз жазаларын катуу алышканы буга далил. Жалпы элибизден сураныч, ички ынтымакты кармап, биримдигибиз менен мамлекеттик бийликтин, аскер күчтөрүнүн аракетин…

Прочитайте больше

Тайванда катуу жер титиреп, жолдор бузулуп, поезд рельстен чыгып кетти.

Тайванда катуу жер титиреп, жолдор бузулуп, поезд рельстен чыгып кетти.

Тайванда эки күн катары менен күчү 7,2 жана 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталып, олуттуу кыйроолорго алып келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка караганда, Тайвань аралында кечээ, 18-сентябрда болгон күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетинен бир адам каза болуп, 142си жаракат алган. Жер силкинүүнүн күчү бүт аралда сезилген. Ошондой эле Тайван кысыгынын аркы өйүзүндө жайгашкан Фуцзянь, Чжэцзян жана Гуандун провинцияларында да байкалган. Кырсыктын кесепетинен бир катар имараттар урап, эки көпүрө жарактан…

Прочитайте больше

Иманкулов тажик тараптан канча жоготуу болгонун айтты

Иманкулов тажик тараптан канча жоготуу болгонун айтты

Чек арадагы куралдуу кагылышууда тажик тараптан 200дөн ашуун аскер кызматкери мерт болуп, 400гө жакыны жарадар болгон.  Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйынында билдирди. “Колдо бар маалыматтар боюнча, тажик тараптан 200дөн ашык аскер кызматкери каза болуп, 400гө жакыны жарадар болгон. Аларга салыштырмалуу бизде жоготуу аз”, – деди ал. Белгилей кетсек, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы кагылышууда 35 адам каза болуп, 25 киши жарадар болгонун кабарлаган. Иманкулов Кыргызстандын чек арачылары биринчилерден болуп…

Прочитайте больше

Тажиктер кыргыз аскерлеринин сөөктөрүн кордоп, кулактарын кесишкен

Тажиктер кыргыз аскерлеринин сөөктөрүн кордоп, кулактарын кесишкен

Тажиктер кагылышууда каза болгон кыргыз аскерлеринин сөөктөрүн кордоп, кулактарын кесишкен. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйынында билдирди. Ал кагылышууга тажик тараптан катышкандардын арасында террордук топтордун мүчөлөрү, оогандар да болгонун билдирди. “Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип… Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз. Согуштук аракеттерге катышкандардын арасында жүргөндөрдүн бирөө Ооганстандын жараны экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады. Андыктан кол салган тараптата экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү, башка өлкөдөн жалданып келген адамдар жүрдү деп айта алабыз. Алар кыргыз…

Прочитайте больше

Йемен Ансарулласынын Ирактагы өкүлү: Йемен эли Имам Хусейнден (а.с)  үлгү алып, кыйынчылыктарга чыдап жатат

Йемен Ансарулласынын Ирактагы өкүлү: Йемен эли Имам Хусейнден (а.с)  үлгү алып, кыйынчылыктарга чыдап жатат

 Йемендин Ансаруллах кыймылынын Ирактагы өкүлү мындай деди: Йемендиктер Имам Хусейндин (а.с) жихадынан шыктанууда. Болбосо йемендиктер шейиттерден үлгү албай, бул кыйынчылыктарга чыдай алышмак эмес. Fars агенттигинин «Ажылык жана зыярат» агенттигинин кабарчысынын айтымында, Арбаин күндөрү кызмат жана макамдын эч кандай мааниси жок. Арбаин зыяратчыларга Имам Хусейн (а.с.) дын сүйүүсү үчүн кызмат кылышат. Биз Кербала шаарынын айланасындагы жүрүштөрдүн бирине бардык. Бул жерде жүрүштүн башчысы Сейед аш-Шохаддын (а.с.) зыяратчыларын үйүнө алып келип, аларга кызмат кылуу үчүн барчу. Ал ортодо…

Прочитайте больше

Чек ара: жараат алгандардын саны 129 кишиге жеткени кабарланды

Чек ара: жараат алгандардын саны 129 кишиге жеткени кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 22:30га карата берген маалыматта кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 129 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген. Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат. 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдады. Чек ара…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаал тууралуу эларалык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасады

Кыргыз-тажик чекарасындагы кырдаал тууралуу эларалык уюмдар жана бир катар өлкөлөр билдирүү жасады

Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу билдирүү жасады. Анда жабыркагандарга көңүл айтып, мындай чатак жалпы аймактагы кырдаалдын туруксуздугуна алып келери белгиленген. “Евробиримдик жума күнү тараптар жетишкен макулдашууларды кубаттайт. Биз эки тарапты тең ок атууну токтотууга, чыңалууну басаңдатуу үчүн мүмкүн болгон аракеттерди кылууга, маселени тынч жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз”,- деп жазылган билдирүүдө. Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау жана уюмдун баш катчысы Хельга Шмид 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен…

Прочитайте больше

С.Жапаров: «Жерибиздин бир чарчы метрин да башкаларга бербейбиз»

С.Жапаров: «Жерибиздин бир чарчы метрин да башкаларга бербейбиз»

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу кыргыз-тажик чек ара жаңжалына байланыштуу кыргыз элине кайрылды. Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу калайык-журт! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя – курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды. Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн бул-куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду. Мен Мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин…

Прочитайте больше

Тажик аскерлери Чоң-Алай району тараптан да аткылай башташты

Тажик аскерлери Чоң-Алай району тараптан да аткылай башташты

КР УКМКнын Чек ара кызматынын саат 11:30га карата маалыматы. 💠КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирүүсү боюнча, 2022-жылдын 17-сентябрында саат 11:30да КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Республика Тажикстандын аскер кызматкерлеринин Достук айылына минометтук чабуулун басышты. 💠Андан кийин саат 12:30дан 12:35ке чейин тажик тарап Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин позицияларын жана бөлүктөрүн аткылашты. 💠Учурда атышуу токтотулду. 💠 Окуя боюнча иликтөө иштери башталды. 💠 Ок атышууну токтотуу келишимин…

Прочитайте больше

ШКУнун саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду. Тизме

ШКУнун саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду. Тизме

Бүгүн, 16-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде 40тан ашуун документке кол коюлду, анын ичинде узак мөөнөттүү ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминин жоболорун ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга карата Комплекстүү иш-аракеттер планы жөнүндө чечим бар. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирет. ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында лидерлер кол коюшкан документтер: 🔵 Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Самарканд декларациясы. 🔵 ШКУга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Узак мөөнөттүү ынак коңшулук,…

Прочитайте больше

УКМК: Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылууда

УКМК: Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылууда

Кыргыз тараптын ок атышууну токтотуу аракеттерине карабастан тажик тарап аскердик оор техникаларды тартууну улантып, Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. УКМКдан белгилешкендей, тажик тарап Кыргызстандын аймагын аткылоо үчүн колдо болгон бардык арсеналды колдонууда.“Учурда бүткүл периметр боюнча катуу кагылышуулар жүрүп жатат”, – деп белгилешти ведомстводон. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Тажикстандын аскердик агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда.

Прочитайте больше

Тажикстан Баткен аэропортун жана бир катар объектилерди ракеталар менен аткылады

Тажикстан Баткен аэропортун жана бир катар объектилерди ракеталар менен аткылады

Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер Тажикстандын залптык реактивдүү системалары (РСЗО) тарабынан аткыланды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Баткен шаарындагы жарандык инфраструктуралык объектилер талкаланган. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда. Чек арадагы куралдуу кагылышууда жалпы 31 жабыркады. УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

Прочитайте больше

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси менен жолугушту. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Садыр Жапаров жеке таанышканына кубанычта экенин билдири, Ибрахим Раисини өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык маарекеси менен куттуктап, Кыргызстан менен Ирандын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкка жолтоо болчу эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин белгиледи. Ал бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран…

Прочитайте больше

Иран ШКУга толук мүчө болуп кирди

Иран ШКУга толук мүчө болуп кирди

Бүгүн, 15-сентябрда Самаркандда өтүп жаткан саммитте Иран Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян менен уюмдун башкы катчысы Чжан Мин кол коюшту. ШКУнун баш катчысы Чжан Мин бул күндү Иран үчүн да, уюм үчүн да маанилүү деп атады. “Ирандын ШКУга кириши уюмду бекемдейт”, – деди ал. Ислам республикасынын ШКУга мүчө болуп кабыл алынары былтыр сентябрда белгилүү болгон. Анда өлкөнүн президенти Ибрахим…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5 7