Кыргызстан-БАЭ: уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг ачуу макулдашылды

Кыргызстан-БАЭ: уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг ачуу макулдашылды

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) өкмөттөрү биргелешкен холдинг компаниясын түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат кызматы кабарлап, аталган ишкана Кыргызстанда ачыларын белгиледи. Макулдашууга президент Садыр Жапаров менен БАЭнин президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын 31-октябрда Абу-Даби шаарындагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген. Маалыматка караганда, холдингдин уставдык капиталы 100 миллион доллар, инвестициялык капиталы 1 миллиард 200 миллион долларга чейин чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Холдинг Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ долларына чейинки ар…

Прочитайте больше

Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 140 өлкөнүн ичинен 100-орунду ээледи

Кыргызстан мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 140 өлкөнүн ичинен 100-орунду ээледи

  Кыргызстан 2022-жылга карата дүйнө өлкөлөрүндөгү мыйзам үстөмдүгү боюнча рейтингде 0,46 упай топтоп, 140 өлкөнүн ичинен 100-орунду ээледи. Бул тууралуу индексти түзгөн World Justice Project эл аралык бейөкмөт уюму маалымдады. Өлкөлөрдүн мыйзамдуулук боюнча рейтинги сегиз категорияны эске алуу менен түзүлгөн. Анын ичинде демократиялык институттардын мамлекеттик бийликти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү, коррупциянын деңгээли, негизги адам укуктарынын сакталышы, мамлекеттик бийликтин ачыктыгы жана башкаларга көңүл бурулган. Кыргызстан бул жылы өткөн 2021-жылга салыштырмалуу бир тепкичке ылдыйлады. Индексте адилеттик боюнча 2022-жылы 2015-жылдан берки…

Прочитайте больше

Сомалидеги ири теракт: 100дөй адам мерт болуп, 300дөн ашууну жаракат алды. Видео

Сомалидеги ири теракт: 100дөй адам мерт болуп, 300дөн ашууну жаракат алды. Видео

 29-октябрда Сомалинин борбору Могадишодо эки күчтүү жардыруу болуп, кеминде 100 адам каза таап, 300дөн ашууну жараат алды. Эки жардыруу тең шаардын ортосунда, Билим берүү министрлигинин жанында, эл көп жүргөн көчөлөрдүн кесилишинде болгон. Алгач жардыруучу зат орнотулган унаа жарылып, окуя болгон жерге полиция жана тез жардам бригадасы келгенде экинчиси жарылган.  2017-жылдын 14-октябрында да дал ушул кесилиште ири теракт уюштурулуп, 500дөй адамдын өмүрү кыйылып, 300дөй киши жаракат алган. Сомалинин президенти Хассан Шейх Мохамуд окуяны “ырайымсыз, коркок террордук…

Прочитайте больше

Россияда жарым-жартылай мобилизация аяктады

Россияда жарым-жартылай мобилизация аяктады

 Россияда жарым-жартылай мобилизация аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу Владимир Путинге маалымат берип жатып айтканын ТАСС агенттиги жазды. “Мобилизацияга чакырылгандарды аскердик бөлүктөргө жөнөтүү бүгүн аяктады. Жарандарга билдирүү жеткирилип бүттү. Сиз тараптан коюлган 300 миң жаранды мобилизациялоо тапшырмасы аткарылды. Кошумча эч кандай тапшырмалар пландалган жок. Аскер комиссариаттары атайын аскердик операциянын алкагында ыктыярчыларды жана контракт боюнча талапкерлерди аскердик кызматка кабыл алуу менен гана аскерлерди толуктоо иштерин улантат”, – деген Шойгу. Ал мобилизациялангандарды атайын аскердик операция зонасына…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту

Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту

  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Астана шаарында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кыргызстан менен Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөөнүн актуалдуу багыттары менен чаралары талкууланды. Ошондой эле тараптар күн тартибинде турган глобалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде аймактык коопсуздук маселеси боюнча пикир алышты. Садыр Жапаров Шарль Мишель мырзага «Борбор Азия — Европа Биримдиги» биринчи саммитин өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой…

Прочитайте больше

Кытай орбитага Шиян-20С спутнигин ийгиликтүү чыгарды

Кытай орбитага Шиян-20С спутнигин ийгиликтүү чыгарды

 Кытайдын “Чанчжэн-2D” ракета алып жүрүүчүсү менен “Шиян-20С” спутнигин Жердин орбитасына ийгиликтүү чыгарды. Бул тууралуу Кытайдын аэрокосмостук илим жана технология корпорациясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. Корпорациянын маалыматы боюнча, учуруу бүгүн, 29-октябрда Пекин убактысы боюнча саат 09:01де Цзюцюань космодромунан ишке ашырылган. Бирок, маалыматта спутниктин түрү жана анын колдонулушу боюнча айтылган эмес. Белгилей кетсек, “Чанчжэн-2D” Кытайдын Чанчжэн сериясындагы эки баскычтуу, бир жолу колдонулуучу орбиталык ракета ташуучу аппараты. Ал негизинен Fanhui Shi Weixing (FSW) чалгындоо спутниктерин Жерге жакын…

Прочитайте больше

Абдуллахиан: Тегеран согушкан тараптарга курал жөнөтпөйт

Абдуллахиан: Тегеран согушкан тараптарга курал жөнөтпөйт

   Тегерандын Украинадагы окуяларга карата позициясы жаңжалдашкан тараптарга курал жөнөтүүдөн баш тартуу принцибине негизделген. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда Ирандын тышкы иштер министри Хуссейн Амир Абдуллахиан украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба менен телефондогу сүйлөшүүсүндө билдирдиргенин иран басылмалары маалымдашты. Украин маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Иран буга чейин бир нече жолу Москвага курал-жарак жөнөткөнү боюнча тараган маалыматтарды четке кагып келгенине карабай, Кулеба Амир Абдуллахиандан Ирандын Россияга курал жөнөтүүсүн токтотууну суранган. Иран министри бул доомат экенин дагы бир жолу баса белгилеп, “Тегеран Украинада согушкан тараптарга курал жөнөтүп…

Прочитайте больше

Путин АКШнын ирандык генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүн моюнга алышы тууралуу эмне деди?

Путин АКШнын ирандык генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүн моюнга алышы тууралуу эмне деди?

  Россиянын президенти Владимир Путин 2020-жылы Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аль-Кудс атайын бөлүгүнүн командачысы, генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү сыяктуу, башка мамлекеттердин расмий адамдарынын АКШ тарабынан өлтүрүлүшүн кабыл алынгыс деп эсептейт. Бул тууралуу Путин “Валдай” эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында билдирди. “Эч нерседен уялбай калышты. Эч нерсеге карабай ирандык генерал Сулеймани өлтүрүп коюшту. Сулейманиге каалагандай мамиле кылса болот эле, бирок ал башка мамлекеттин расмий адамы эле. Үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында өлтүрүп коюшуп, “ооба, биз өлтүрдүк” дешти. Бул…

Прочитайте больше

Meraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт

Meraj-521: Иран жаңы «жанкечти» дронун көрсөттү. Сүрөт

Ирандын Куралдуу күчтөрү Meraj-521 деп аталган “камикадзе” же “жанкечти” дронун көрсөттү. Жеңил класстагы бул учкучсуз аппарат бутага жетип урунганда жарылып кетет. Дрон Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрү Азербайжан менен чек арадагы Арас аймагында өткөрүп жаткан аскердик машыгууларга тартылып, сыноодон ийгиликтүү өткөрүлдү. Камикадзе дрону 5 чакырым радиуска 15 мүнөткө чейин учуп жүрө алат. Оператор аны атайын планшеттин жардамы менен бутага багыттай алат.  Дрондун өзгөчөлүгү – ал компакттуу жана жеңил болгондуктан аны бүктөл абалда рюкзакка салып жүрүүгө…

Прочитайте больше

Чекарадагы айыл тургундарына курал берүү мыйзамы кабыл алынды

Чекарадагы айыл тургундарына курал берүү мыйзамы кабыл алынды

Жогорку Кеңештин депутаттары 20-октябрдагы жыйынында Баткен жана Ош облустарынын чек ара аймактарынын тургундарына “өзгөчө учурларда” курал берүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты. Мыйзам долбооруна ылайык, төрт мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет: 🔵 “Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө”; 🔵 “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”; 🔵 “Курал жөнүндө”; 🔵 “Чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө”. Мыйзам долбоору чек ара аймактарынын тургундарын ыктыярдуу мобилизациялоого жана курал-жарактарды берүүгө мүмкүндүк берет. Демилге кечээ жабык эшик артында…

Прочитайте больше

АКШнын аскердик делегациясы Баткенге кандай максатта келген?

АКШнын аскердик делегациясы Баткенге кандай максатта келген?

 Американын аскердик делегациясынын Баткенге сапары – АКШнын Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды туруксуздаштырууга жасаган кезектеги кадамы. Мындай пикирин Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович Sputnik маалымат агенттигинде курган маегинде билдирди. Эске салсак, жакында Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана талдоо бөлүмүнүн директору Роберт Унгер башында турган аскер делегациясы келди. Алар  Баткендеги дал кагылышуу болгон жерде болушту. Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчисинин пикиринде, Москва Борбор Азияда тынчтык жана стабилдүүлүк болушуна кызыкдар болсо, Вашингтон бул аймакты Кытай менен Россияга каршы куралга айландыргысы келет….

Прочитайте больше

Түрк мамлекеттери бирдиктүү алфавит түзүү ниетинде. Биринчи жыйын Кыргызстанда өтөт

Түрк мамлекеттери бирдиктүү алфавит түзүү ниетинде. Биринчи жыйын Кыргызстанда өтөт

 Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн бирдиктүү алфавит түзүү маселесин тездетүү максатында «Орток алфавит комиссиясы» түзүлдү. Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги жазды. Маалыматка караганда, комиссиянын биринчи отуруму Кыргызстанда өтөт. Эске салсак, Өткөн айда Бурсада Түрк тил мекемеси (TDK) жана Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) кызматташтыгында семинар өткөн. Анда түрк мамлекеттеринен келген илимпоздор өз өлкөлөрүндө колдонулган алфавит жана тарыхый процесстер тууралуу маалымат беришип, орток алфавитке өтүү процессин тездетүү жана колдонууну кеңейтүү керектиги баса белгиленген. Семинарда Түрк дүйнөсүнүн орток…

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстандын билдирүүсүнө жооп берди

Кыргызстан Тажикстандын билдирүүсүнө жооп берди

19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат. Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилейт. Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын…

Прочитайте больше

Ирандын учкучсуз учуучу учактарына 20дан ашык өлкө кызыкдар

Ирандын учкучсуз учуучу учактарына 20дан ашык өлкө кызыкдар

 Иранда жасалган аскердик учкучсуз учуучу учактарды сатып алууга дүйнөнүн 22 өлкөсү расмий арыз берди. Бул тууралуу 19-октябрда Ирандын Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысынын жардамчысы жана Жогорку лидери Аятолла Хаменеинин башкы аскерий кеңешчиси генерал-майор Яхья Рахим Сафави Тегеранда өткөн илим жана технология боюнча конференцияда билдирди. Ал Иран 1979-жылдагы Ислам революциясына чейин Шах Реза Пехлевинин тушунда өзүнүн аскерий муктаждыктарын чет өлкөдөн, биринчи кезекте АКШ жана башка батыш өлкөлөрүнөн импорттогон болсо, бүгүн күндө Ислам Республикасында коргонуу техникасынын 80%дан ашыгы өндүрүлөрүн баса белгиледи.  Белгилей кетсек, Иран өлкөсү…

Прочитайте больше

Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарында аскердик абал киргизилди

Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарында аскердик абал киргизилди

 Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында РФге кошулган төрт аймакта – Донецк жана Луганск элдик республикаларында, Запорожье жана Херсон облустарында аскердик абалды киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди. Аскердик абал канча убакытка киргизилери тактала элек. Мындай чечим Украинадан келип жаткан “террордук коркунучтарга” байланыштуу кабыл алынды. “ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары Россияга кошулганга чейин эле бул аймактарда аскердик абал болгон. Эми биз бул режимди Россиянын мыйзамдарынын алкагында жасашыбыз керек. Ошондуктан мен Россия Федерациясынын бул төрт субъектисинде…

Прочитайте больше
1 2 3 5